Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Кымбатчылык: жаңы толкун


Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда нан кеминде бир сомго кымбаттайт
Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда нан кеминде бир сомго кымбаттайт

Монополияга каршы агенттик жыл жаңырышы менен кошо азык-түлүктөрдөн нан, ичүүчү суу, курулуш материалдардан цемент, шыйпыр кымбатташы, тейлөө тармактарында да баа өсөөрү күтүлүп жатканын кабарлады.

Мындай божомолду агенттик жылуулукка, электр кубатына баа өскөнүнө байланыштуу таратты.

Алдыдагы кымбаттоолор базар маанайына кандай таасир этип жатат?


Ош базарында кылка нан саткандардын арасында отурган Нурзада аттуу кыз үч жылдан бери бөлкө сатат. Нурзада нандарын азырынча мурунку эле баа менен сатып жатат:

- Кардарларыбыздын баары эле быйыл нан, ун кымбаттайт деп айтып жатышат. Бирок андай деле боло элек, азыр мурунку эле баа менен сатып жатабыз. Нан чыгарган ишканадан деле кымбаттай турганы тууралуу азыр айтыша элек. Мисалы мобул эл көп алган бөлкөнүн баасы он сом бойдон турат.

Кумшекер, өсүмдүк майы, спирт жана күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт.
Монополияга каршы күрөш агенттигинин маалымдашынча, жаңы жылдан тарта электр кубатына баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу нан кеминде бир сомго кымбаттайт. Эт жана сүт азыктарынын наркы да бир сомго көтөрүлөт.

Кумшекер, өсүмдүк майы, спирт жана күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт. Анткени бул товарлардын дээрлик баардыгы Кыргызстанга четтен ташылып келет.

Монополияга каршы күрөш агенттигинин башчысы Надырбек Турганбаев “Кабар” агенттиндеги маалымат жыйында авиа жана темир жол каттамдарына белеттердин баасы да көтөрүлбөй турганын билдирди:

- “Темиржол”, “Авианавигацияда” электр энергиясы өтө аз колдонулат, ошондуктан авиа жана поезд белеттери кымбаттабайт. Бул ишканалар монополисттер болуп саналат, ошондуктан биз алардын ишин көзөмөлдөп турабыз. Мыйзамдын негизинде биз алардын ишини көзөмөлдөгөнгө күчүбүз жетет.

Электр кубатуулуугуна баанын көтөрүлүшү курулуш материалдарынын да кымбатташына алып келет.
Надырбек Турганбаев агенттик ушундай эле көзөмөлдү өлкө базарларына дайыма жүргүзүп турарын, негизсиз баа көтөргөндөргө каршы чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Эми суу да кымбаттайт

Маалыматка караганда, электр энергиясынын баасы көтөрүлгөнүнө байлыныштуу, “Бишкексууканал” ишканасында ичүүчү суунун баасы 28 пайызга жогорулайт. Бирок суунун баасы жаңы жылдан тарта канча болоору боюнча азыр тактоо жүрүп жатат.

Электр кубатуулуугуна баанын көтөрүлүшү курулуш материалдарынын да кымбатташына алып келет. Монополияга каршы күрөш агенттиги бул жогорулоо көп болбой турганын, маселен цементтин бир тоннасы жүз сомдой, ал эми бир шыйпырдын баасы эки сомго көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Ошондой эле тейлөө тармактарында да баа жогорулай турганын кабарлады.

Антсе да айрым серепчилер электр энергиясынын кымбатташы менен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар, тейлөө кызматы бир нече эсе жогорулашы ыктымал экенин айтып чыгышты. Алардын бири экономист Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” кымбатчылыктан жакыр жашаган эл катуу кыйналып калаарын билдирди.

- Кыргызстандагы продукцияга баа көтөрүлөт, жанакы 3-4 пайыз деген бул туура эмес. Бизде чыгарылып жаткан кээ бир продукцияларга 10-15 пайызга чейин баа көтөрүлүшү мүмкүн. Жакында кабыл алган бюджетте бул баалар мынча пайызга көтөрүлөт деген чечимдер жок. Мунун баары түздөн-түз элге таасирин тийгизет да. Анан элдин негизги бөлүгү, 60 пайыздайы жакырчылык шартта жашап атат деп өкмөт тараптан да, коомчулук жактан да айтылып атат. Ошол адамдарга катуу тийет да мунун бардыгы. Акча төлөгөнгө шарты жоктуктан кайрадан уурулук күчөп, энергетика тармагында коррупциянын күчөшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстанда 1-январдан тарта электр кубаттуулугун баасы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы беш эсеге жогорулады. Кыргыз өкмөтү ушул жылдын жай айларында тартифтерди жогорулатуунун экинчи этабы өткөрүүнү болжолдоп жатат. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр жана Коомдук палата өкмөттүн бааларды көтөрүү чечимине мораторий жарыяланышы керектигин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG