Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Маянага кошулчу эки жүз сомдон чыккан чуу


24-февралда Нарында электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу нааразылык акция өткөн
24-февралда Нарында электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу нааразылык акция өткөн

2-мартта премьер-министр Данияр Үсөнов тарифтер көтөрүлгөндөн кийин айрым бюджеттик мекемелердин айлыгы беш миң сомго жетпеген кызматкерлерине кошумча эки жүз сомдон берилбей жаткандыгы үчүн каржы министрин жемеге алды. 10-мартта чейин кошумча каражаттын баарын төлөп берүүнү тапшырды.

Зулайка Көкөбаева Нарындын Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айлында мугалим болуп иштейт. Ал электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу айлыгына кошулчу эки жүз сомдон ала элек өлкөдөгү жүздөгөн мугалимдердин бири:

- Менин айлыгым үч жарым миң сом. Свет кымбаттагандан кийин берилет деген эки жүз сом акча кошулуп бериле элек. Светке болсо мурункудан көп акча чыгып жатат.

Зулайка Көкөбаева өзү иштеген мектепте баардык мугалимдер тең беш миң сомго жетпеген айлык алышаарын, анткени мугалимдер көп болуп, сабактар тартыш экенин, алтүгүл миң сомго иштегендер да бар экенин билдирди.

Ушул жылдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы беш эсеге кымбаттаган. Президент Курманбек Бакиев ушундан улам аз айлык алган бюджеттик мекемелерде иштегендерге жана пенсионерлерге кошумча эки жүз сомдон төлөп берүү тууралуу жардыкка кол койгон. Буга байланыштуу бюджеттен 770 миллион сом каралган.

Жыл жаңыргандан бери пенсинерлер кошумча каражат бериле баштаганы менен айрым бюджеттик мекемелерде иштегендер эки жүз сомдон алыша электиги маалым болду.

Уят эмеспи, мугалимдериңер айлык албай жатса, силер эмне отурасыңар? Январда ушул чууну эмнеге көтөрбөйсүңөр, февралда эмнеге көтөргөн жоксуңар? Данияр Үсөнов
Бул маселе 2-мартта өкмөт жыйынында талкууланды. Премьер-министр кошумча каражатты убагында бөлбөгөндүгү үчүн каржы министрин сынга алды:

- Ноябрь, декабрь, январь, февраль, мына март болду. Төрт айдан кийин уйкудан чочуп тургандай болуп “көрсө элдер акча ала элек турбайбы”, деп атабыз. Бул болгондо да эң аз айлык алгандарга тийиштүү болуп жатат, аларга эки жүз сом өтө маанилүү.

Каржы министри Марат Султанов, кошумча каражаттын төлөнүп берилбей жатышына жалгыз аталган министрлик күнөлүү деген айыпка кошулбай турганын билдирди. Бул жерде министрлик-мекемелердин каржы органдарынын да күнөөсү бар экенин айтты:

- Бирок биз албетте өзүбүздөн жоопкерчиликти албайбыз. Албетте биздин министрлик баардык-министрлик жана мекемелердин каражатты чыгымдоосун текшеришибиз керек эле. Биз бул кемчиликти январь айында көрүп калдык. Ошондон кийин маселени көтөрө баштадык. Маяналарды төлөө фондунда 43 миллион сом сарпталбай калган экен. Ал эми келип түшкөн арыздардын баарын эле канааттандыдык.

Мындай арыз жөнөтүп, ишин жөндөй албагандардын бири деп Билим берүү жана илим министрлиги аталды:

- Мугалимдер райондук, облусттук каржы органдар аркылуу арыздарын Каржы министрлигине түз беришет. А биз болсо борбордук орган менен, мекеменин алдындагы интернаттардыкын алдык, - дейт Билим берүү министрлигинин стат-катчысы Акунжан Абдрашев.

Аталган министрлик да өкмөттүн жыйынында премьер-министр Данияр Үсөновдун жемесине калды:

- Уят эмеспи, силердин мугалимдериңер айлык албай жатса, силер эмне отурасыңар? Январда ушул чууну эмнеге көтөрбөйсүңөр, февралда эмнеге көтөргөн жоксуңар? Борбордук аппратка төлөдүк деп унчукпай отурасыңар. Күнөөлүү эмеспиз дейсиңер, анда ким күнөөлүү? Эң өкүнүчтүүүсү турган акчаны бере албай жатабыз.

Данияр Үсөнов мындай жагдайга жол берген аткаминерлерге кеминде сөгүш алаарын, Каржы министрлигинин чыгаша боюнча орун басарын иштен алуу маселеси караларын айтты. Аталган министрликке кошумча каражаттарды 10-мартка чейин толугу менен төлөп берүү тапшырылды.

Антсе да айрым талдоочулардын баамында электр энергиясынын жана жылуулукка баанын көтөрулүшүнө байланыштуу чыккан чыгымды жабуу үчүн эки жүз сом өтө эле аз. 24-мартта тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы Нарында нааразылык акция өткөн. Бул жагдайга байланыштуу Бишкекте “220” деп аталган кыймыл түзүлүп электр энергиясына бааны азайтуу боюнча кол топтоп, атайын акцияларды өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG