Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Кымбаттаган баалар, каржалган ата-энелер


Билим күнү, 1-сентябрь, 2010-жыл
Билим күнү, 1-сентябрь, 2010-жыл

1-сентябрда Кыргызстанда кеминде эле 90 миңден ашуун окуучу биринчи класстын босогосун атташты. Ошол эле учурда мектепке барбай калган балдар да жок эмес. Айрым ата-энелер болсо шаар жеринде балдарды мектепке киргизүү кымбатка туруп жатканын айтышууда.

Жети жашка жаңы эле толгон Таалайбек уулу Байэл 1-сентябрь күнү мектеп босогосун алгачкы жолу аттап, Бишкектеги 69-мектептин биринчи классына кирди. Ал мектепке кирүү үчүн атайын даярдоо классын бүтүргөн:
Мен үч баламды мектепке даярдаш үчүн 15-20 миң жетпей калды...

- Сүрөт тартканды билем, окуганды билем, жазганды билем. Окууга даярдандым. Биринчи майда-чүйдөлөрдү сатып алдык. Костюм алдым, пеналь алдым.

Быйыл Кыргызстанда 90 миңден ашуун окуучу биринчи класска кирди.
Байэлге окшоп биринчи класска кирип жаткандардын саны Кыргызстан боюнча 90 миңден ашуун. Бул жылы алардын жүз сексени Бишкектеги 69-мектептин биринчи классына киришти. Жаңы окуучуларды кабыл алып жаткан мектептин мугалими Жакшылык Касиеванын билдиришинче, бул окуучулар атайын сынактан өтүп, билим деңгээли текшерилгенден кийин мектепке кире алышкан:

- Сөзсүз түрдө тесттен өткөрөбүз ар бир баланы. Себеби бул мектеп-гимназия болгондуктан тест кылабыз. Бирок кандай болбосун, биздин окуучуларды кабыл алууга милдетибиз чоң.

Бишкектик айрым ата-энелер жыл өткөн сайын балдарды мектепке киргизүү оорчулук туудуруп жатканын билдиришет. Ага себеп мектептердеги төлөм акылардын жана баалардын кымбаттап жатышы. Бишкектик Зина Асангулова мындан бир канча жыл мурда уулун шаардагы мектептердин бирине киргизем деп кыйла убара тартканын айтат:

- Бир жылга мен төрт миң төлөдүм, айына төлөчү взносун. Андан сырткары класстык фонд деген нерсе бар. Китептерин сатып алабыз. Орус мектеп болгондуктан китептерин бүт сатып алдык.

Балдарын мектепке өткөрүү бир маселе болсо аларды керектүү окуу-курал, кийим-кечектер менен камсыз кылуу дагы бир олуттуу маселе. Ата-энелердин айтымдарында, мындан улам айрым аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке бара албай жатышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда окубаган балдардын саны 1116га жетет. Бирок бейрасмий маалыматтарда мектепке барбай калгандардын саны мындан он эселеп көп болушу мүмкүн. Балдардын кийимине жана окуу куралдарына сарпталган чыгымдарды, мектепке төлөнө турган акыларды кошкондо бир айлык эмгек акы кете турганын кызын биринчи класска жетелеп келген Бишкек тургуну Майрамбек Дүйшалиев билдирди:

- Даярдык деген ар бир ата-энеге түшүнүктүү болсо керек. Азыр кийим-кечеси маанилүү. Бут кийимден баштап, башына чейин. Мен үч баламды мектепке даярдаш үчүн 15-20 миң жетпей калды. Берки балдарымды кошпогондо кызымды биринчи класска даярдоо үчүн эле 6-7 миң кетти.

Ошентип Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Өлкөдө кеминде 2200гө жакын билим берүү мекемелери бул күнү окуучуларга эшигин ачып, аларда 1 миллион 36 миңге жакын окуучу билим алуусун улантат.

Билим берүү жана илим министрлигин алдындагы мектеп жана мектепке чейинки, мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын өкүлү Райымбек Султанов билдиргендей, өлкө боюнча бардык мектептер оңдолуп бүткөн. Бирок мугалимдердин жетишсиздиги дагы бир маселеге айланууда. Натыйжада учурда Кыргызстандагы мектептерде 2400дөн ашуун мугалим жетишпейт. Мектептердин китеп менен камсыз кылынышы 62 пайызды түзүүдө.
Биринчи жолу биринчи класска!
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG