Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

Талапкер атаандаштарын кепке чакырды


Президенттикке талапкерлер көз карандысыз аймакта жолугушуусу шарт. Мындай демилгени аялдардан жалгыз талапкер Токтайым Үмөталиева көтөрдү. БШК болсо демилгени талапкерлердин эркиндеги иши катары карап, тегерек үстөлдү уюштуруу өз милдетине кирбестигин айтууда.

Токтайым Үмөталиева Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өз программаларын чогуу-чаран талкуулоого өз атаандаштарын чакырууда:

- Элге керектүү маселелерди чогуу талкуулап, ар бир адамдын алып чыккан программаларында жакшы корутундулар бар, ошолорду чогултуп, жалпы өнүгө турган Кыргызстандын программасы катары келечекте болочок президент алып кетсе деген ойдомун.

Үмөталиева тегерек үстөл “Талапкерлердин улуттук клубу” сыяктуу көз карандысыз аймакта уюштурулушун, ага эл аралык, жергиликтүү байкоочулар, бардык көз карандысыз тараптардан өкүлдөр катышуусун, анын тыянагы менен 2005-жылкы президенттик шайлоого катышкан талапкерлер кол койгон “Ар намыс кодекси” сыяктуу документ кабыл алынышын каалайт. Бул демилгени ал бүгүн маалымат жыйыны аркылуу коомчулукка жарыялады. Бирок муну ишке ашырууга БШК кызыкдар эмес. Анын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин билдиргенине караганда борборшайком талапкерлерге мыйзам талап кылган бардык шартты түзүп берип жатат:

- Биз аларга белгиленген тартипте бардыгын уюштуруп бердик. Сүйлөшүүгө жетишип, уюштурабыз десе каршылык жок, уюштура берсин, бирок, биз уюштуруп, чогултуп, андай маселелерди жасабайбыз.

Анткен менен Токтайым Үмөталиева талапкерлердин жолугушуусу зарыл, буга БШК колдоо көрсөтүшү керек деп санайт. Анын баамында барган сайын талапкерлер арасында пикир келишпестик, эл арасында бөлүнүп-жарылуу, кысымдар күчөп жатат:

- Кээ бир жерде, мисалы, Баткенде, Кызыл-Кыяда, Кадамжайда, мен чарчадым, эки күндөн бери уюят-сыятты тыйып коюп эле, машинаны сүзгөнгө чейин барышып, СНБнын балдары кууп жүрүшөт. Биринчи жолу ушундай шумдукту көрдүм. Ой балам, калып калчы же менин жаныма отур дегенге чейин бардым. Алар артыбызда жүргөндө эл да жолукпайт экен. Базарларга келсек базардан орун бербесе, башка жакка барсак ал жактан орун бербесе.., - деди Баткен аймагын жаңы эле кыдырып келген талапкер маалымат жыйынында.

Ушул эле күнү Жалал-Абад аймагындагы жолугушууларда жергиликтүү бийликтин кысымына талапкер Темир Сариев да кабылгандыгы тууралуу маалымат тарады. Ушундай эле дооматтарды талапкер Алмаз Атамбаевдин штабынан да үзгүлтүксүз кабарлашууда. Өз кезегинде көз карандысыз талапкерлер куугунтукталууда деген дооматтарды бийлик дагы, БШК дагы тастыкташкан жери жок. Маселен, Самат Бөрүбаев:

- Азырынча бизге куугунтукка алды деген расмий маалымат азыныча түшкөн жок, - деди. Анын билдиргенине караганда БШК талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат, үгүт маалында түзүлгөн шарттарга карата талапкерлер өз алдынча чечим кабыл алууга эрктүү.

Талапкерлердин эки тараптуу теле дебаттары 13-июлда башталат. Бирок чучукулак жолу менен аныкталган тараптардын ичинен Жеңишбек Назаралиев Нурлан Мотуев менен кайым-айтыштан баш тартты. Алмаз Атамбаев Темир Сариев менен чыкпай тургандыгы маалымат каражаттарында кабарланды, бирок, Атамбаевдин бул демилгесин БШК тастыктай элек. Ал эми Токтайым Үмөталиева менен президент Курманбек Бакиев беттешери мурда маалымдалган.

Анткен менен башкы талапкерлер саналган президент Курманбек Бакиев менен бириккен оппозициянын өкүлү Алмаз Атамбаев иш сапарларына байлап талапкерлердин 3-июлдагы алгачкы жалпы теледебатына катышкан жок. Муну эске алган байкоочулар Токтайым Үмөталиеванын демилгеси ишке ашарына ишенишкен жери жок. Демилгечи болсо ушу тапта тегерек үстөл өткөрүү сунушун өз атаандаштарына, президенттик администрацияга, БШКга кат жүзүндө кабарлап жатканын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG