Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Кара-Буурада А. Атамбаевге кол топтоого аким тоскоол болууда


Оппозициядагы күчтөр президенттик шайлоого катышкан талапкерлерге кол топтоого Кара-Буура районунда бийлик тарабынан тоскоолдуктар болуп жаткандарын билдиришүүдө. Райондун акими оппозициячыларга эч кандай бут тосуу болгон жок десе, губернатор шайлоодо майда кемчиликтер болбой койбойт деген оюн айтты.

Таласта шайлоо боюнча эл арасында ар кандай сөздөр айтылууда. “Талас облусу боюнча бул шайлоонун астында абал эмнегедир өтө эле тынч, же болбосо Таласта шайлоочулардын саны аз, бул жактан эч маселе чечилбейт, же тескерисинче чатактын баары Таластан чыгат деп коркуп жатышаса керек” деген сөздөр жергиликтүү калк арасында көп айтыла баштады.

Ошол тынчтыкты бузуп, оппозициячылар президенттикке талапкерге 50 миң кол топтоого жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдук болуп жатканына нааразылыктар айтыла баштады. Алмаз Атамбаевдин Талас облусу боюнча ишенимдүү өкүлү Асыбек Найзабеков Карабуура райондук администрация башчысы кызмат абалынан пайдаланып, кол топтоого бут тосуп жатканын билдирди:

-Эшалиев Сарпбек мырза же өтө берилгендиктенби, же өзүнүн кызматынан пайдаланып жатабы, айтор, биздин Кара-Буура району боюнча координаторубузга көчөдөн кол топтоого уруксат бербей коюптур. Эки күндөн бери уруксат ала албай кыйналып атабыз. Борбордук штабга да билдирдик, бирок аларды да тоотуп коюшкан жок.

Карабуура районунун акими Сарпбек Эшалиев өз кезегинде анын үстүнөн болгон мындай арызданууну четке кагып, "эч кандай тоскоолдук жок" деп билдирди.

-Эч кандай тоскоолдук жок. Алар кол топтоп, жумуштарын бүтүрүп атышат. Аларга мен топтоп бербейм да, өздөрү топтосун, алардын иши. Мен эмне аларга шарт түзүп беришим керекпи?

Облустук акимчиликте эки күндүн биринде жергиликтүү башчылар облус боюнча мекеме-уюмдардын жетекчилерин чакырып, шайлоо тууралуу жыйын өтүп, ар кандай буйруктарды беришүүдө.

Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков облустук акимчиликте күнүнө ар кандай чогулуш жыйындар өтөт, анын баарында тең эле шайлоо маселеси каралып жатат деп ойлоо жаңылыштык дейт.

Облустук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн “Азаттыка” берген маалыматтары боюнча Талас аймагында 120 миң 500дөй шайлоочу бар, аймакта шайлоо күнү 114 шайлоо участогу иштейт.

XS
SM
MD
LG