Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Президенттик жарыш: К. Бакиев алдыда келатат


“Норма” социологиялык кызматы алдыдагы шайлоодогу жыйынтыктарды камтыган социликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда Курманбек Бакиев кыйла алдыга чыкканы ачык байкалат.

2009-жылдын башында уюшкан “Норма” социологиялык кызматы жүргүзгөн иликтөө негизинен коомдук пикирге көзөмөл салуу максатын көздөйт. Анда элдин социалдык маанайын байкоо аракети көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул изилдөөгө шайлоого тиешелүү да суроолор топтому киргизилген.

Алардын арасында калктын шайлоого катышуусу, саясий лидерлерге ишеним көрсөтүү, кимге добуш берет элеңиз сыяктуу суроолор да камтылган. Жыйынтыгында президенттик шайлоодо калктын дээрлик бөлүгү учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин программасын колдоп, ага добушун берүүсүн көрсөтүшкөн.

Уюштуруучулар иликтөөгө өлкөнүн баардык аймактарынан баш аягы болуп бир жарым миң адам катышканын айтышат. Ал эми жооптордун мындай чыгып жатканына “Норма” социологиялык кызматынын негиздөөчүсү Нина Багдасарова өзү да таң калганын жашырган жок:

- Менин да оюм кетет, эмне үчүн мындай жооптор алынган деп. Адамдардын мындай жооп бергенин мен да билгим келет. Бирок менде реалдуу инструмент жок, анан да массалык көлөмдүү сурамжылоо учурда көбүнчө белги коюу менен гана толтурулат.
Бирок биздин сурамжылоодогу саясатка байланыштуу бөлүгүндө ачык суроолор да коюлган. Мисалы саясий лидерлерге ишеним көрсөтүү жана кимге добуш берүү боюнча суроолор. Анда сурамжылоо жүргүзгөн адам: “Ишеним жараткан үч лидердин фамилиясын атап бериңиз”,- деп сурайт. Ошондо адамдар өзүлөрү аташат. Бул белги коюу эмес.

Нина Багдасарова алардын сурамжылоо кагаздарын жер-жерлерде жергиликтүү кишилер ишке ашырганын кошумчалады:

-Сурамжылоону жергиликтуу адамдар өткөрүшөт. Башкача айтканда Таласта таластыктар, Баткенде баткендиктер, жок эле дегенде оштуктар өткөрүшөт. Бул, жеринде иштөө түйүнү катары ишке ашат. Бишкектиктер барып сурабайт да, албетте.

Чыны менен аймактарда борбордон барган дээрлик сурамжылоо же иликтөө иштерин, ошол жерде жашаган тургундар жүргүзүшөт. Буга чейин бир катар сурамжылоо анкеталардын үстүндө иштеп келген баткендик Анипа менен байланышканыбызда, кээде убакыттын аздыгынан же элет айылдарын кыдырып жүргөндөн эринип суроо кагаздарын өзүлөрү эле толтуруп салган учурларын эске салды:

- Ооба. Буга чейин анкета кагаздарын толтуруп жүргөм. Кээде убакыт аз же алыскы айылдарга барбай эле өзүбүз толтуруп салат элек. эми биз билебиз да алардын оюн.

Бул сурамжылоо тигил же бул адамдын кызыкчылыгы үчүн гана чукул жарыяланышы мүмкүн деген оюн президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы Галина Скрипкина билдирди. Анын пикиринде мындай иликтөөлөр шаарда анчейин көңүлгө алынбаганы менен элетте калың калктын пикирин бир жактуу буруп койот:

- Азыр социологиялык сурамжылоолорду ким болсо жүргүзө берет. Анан көпчүлүк эле учурда алар объективдүү баа бере албайт. Ошон үчүн, бул компаниябы же башка компания өткөрөбү, окуп алып андан ары басып кете беребиз. Себеби алар реалдуу жоопторду бере албайт. Бул бирөөгө керек ошон үчүн мындай сандарды берди. Бул шайлоочулардын пикирлерине да таасирин тийгизет. Демек пикирлерге таасир тийгизүүнүн дагы бир компоненти.

Натыйжада Кыргызстандагы социологиялык иликтөөлөр канчалык деңгээлде чындыкка жакын деген суроо туулат. Деген менен жыл сайын түрдүү теманы камтыган иликтөөлөр өлкөдө тынбай жүрүгүзүп, алардын жыйынтыгына таянып бир топ иш аракеттер аныкталат.

XS
SM
MD
LG