Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Темир Сариев Ошто Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келүү демилгесин көтөрдү


Президентикке талапкер Темир Сариев Ош облусунун жана шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда мекендештерин 23-июлда добушун уурдатпоого чакырды. Ал жаңы улуттук лидерди тандоо аркылуу өлкөдө өөрчүгөн коррупцияны ооздуктап, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле эгемен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевди Мекенине алып келүү демилгесин көтөрдү.

Мамлекет башчылыгына талапкер Темир Сариев Ош облусунун шайлоочулары менен жолукканда буга дейре Баткен жана Нарын аймактарын кыдыргандыгын айтып, чет өлкөлөр менен чектешкен чөлкөмдөрдө чек ара олуттуу көйгөйгө айлангандыгын белгиледи.

- Эл муну айттырбай туюп турат, анткени, мамлекеттин коопсуздугун ойлоп, чек араны бекемдебесек, болочогубуздан жоголуп, көп жерибизден айрылганы турабыз. Мекендештерибиз ушундан катуу чочулап жатышат. Экинчи маселе, авто жолдордун жарылганын көрүп зээнгиң кейийт. Эл бийликке абдан нааразы. Үчүнчү көйгөй: таза жана сугат суу. Көп айылдар жана шаарлар таза суу менен камсыздалган эмес. Бул кечирилгис катачылык. Акча бар, бирок эрк жетпейт, көзөмөл жок.

Алай, Араван жана Өзгөн райондорунун шайлоочулары менен жолуккан Темир Сариев ырасташынча, өлкөдө таза жана ачык-айкын саясаттын жоктугунан коррупция күч алып, айланган каражаттардын 70 пайызы арам максаттарга жумшалууда. Албетте, мындай жышаан мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратууда. Анткени дүйнөлүк тажрыйбада көмүскө экономиканын көрсөткүчү 15-17 пайыздан ашканда, ал өлкө келекчексиз деп эсептелинет. Ошондуктан, талапкер Сариев жаңы жана таза улуттук лидерди тандоо аркылуу өлкө өнүгүү жолуна түшөөрүнө ишендирип, алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбасы үчүн ар бир шайлоочуну добуштарын коргоп калууга үндөдү.

Жолугушууларга абай салган «Ак жол» партиясынын өкүлү Руслан Ташанов талапкер Темир Сариевдин жүйөөлөрүнө кошулбай тургандыгын бышыктап, экономика өнүгүү жолуна түшкөндүктөн элдин турмуш-шарты жакшырып бараткандыгын белгиледи:

- Сын-пикирлер айтылып турганы оң. Демократиялык өнүгүүнүн элементи эмеспи. Коомдун алгалашына өбөлгө жаратат. Оппозициянын калыс сөзү бийликтин мыктылап иштешине көмөктөшөт. Бирок ошол эле учурда оппозициянын бүгүнкү айткандары анчалык орундуу эмес.


Ал эми аталган талапкердин ишенимдүү өкүлү, Ош облусунун мурунку губернатору Анвар Артыков түштүк жергесиндеги кездешүүлөрдү уюштурууда тоскоолдуктарга тушуккандыгын жарыя кылды.

- Мынабу фактыларды чогултуп эл аралык уюмдарга беребиз. Чоң жарышка катышкандарга тең болбосо да жарым-жартылай мүмкүнчүлүк беришпейби. Курманбек Бакиев азыр стадиондо эл менен жолугушууда. А Темир Сариевге айылдын клубун да ыраа көрбөй жатышат. Бул шайлоо башынан таза эмес нукка түштү.

Бирок жергиликтүү бийликтердин башчылары «Ак шумкар» партиясынын лидеринин жана анын тарапкерлеринин дооматы негизсиздигин айтышууда. Маселен, Алай районунун акими Алмазбек Осмонов Темир Сариев менен жолугушуунун графигин күн мурунтан билбегендигин, ошон үчүн убагында шарт түзүлбөгөндүгүн маалымдады:

- Мыйзам баарыбызга бирдей. Маселени ызы-чуу көтөрүп ырбатпай сүйлөшүү жолу менен чечишсе болмок.

Шайлоочулардын айрымдары президентикке аттанган алты талапкердин бири дагы алыскы айылдарга жетпей жаткандыгына нааразы. Бул туурасында сурамжылоо жүргүзгөн серепчи Эрнис Нурматов пикирин төмөнкүчө бөлүштү.

- Бакиевби, Сариевби, Атамбаевби, бардыгы жалаң шаарларда же райондук борборлордо гана жолугушуп жатышат. Элет жерине барбай коюшту. Ошондон улам канчалаган майда, бирок маанилүү көйгөйлөр көз жаздымда калып кетти. Антпей баарына тегиз учураганда, кимиси президент болуп шайланса да, айыл-кыштактын проблемаларын жакшырааак билип калат эле. Кийин мунун пайдасы гана тиймек.

Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушуу убагында президентикке талапкер Темир Сариев эгемен Кыргызстандын биринчи жетекчиси Аскар Акаевди Мекенине алып келүү демилгесин көтөрдү:

- Аскар Акаев менен жакын болгон жокмун. Бирок көп саясаты туура экендигин айтып жүрдүм. Убагында Исхак Разаковду тирүүсүндө баалабай, сөөгүн кийин Мекенине алып келип чоң катачылык кетиргенбиз. Акаевди жаман көрөбүзбү, жакшы көрөбүзбү, он беш жыл Кыргызстанды башкарып турду. Мен ойлойм бүгүн ал келиш керек. Өзүнүн сөзүн эл-журтуна айтканга мүмкүнчүлүк бергенибиз оң. Эгерде жаңылыштык кетирсе, кечирим сурасын.

Мындай пикирди 2005-жылкы март ыңкылабынын Оштогу штабынын жетекчиси Мырзабек Акматов кубаттаган жок.

- Ыңкылаптын көп максаттары жүзөгө ашпай калды, - деп кейиди Мырзабек Акматов. – Ата Мекенин таштай качкан адамды, болгондо да президентти алып келүүнү мен туура көрбөйм. Курманбек Бакиев такка олтурганда күч революциялык комитет тарапта эле. Акаевдин кол тийбестигин алдыртып туруп, Интерпол аркылуу таптырып, жеген-ичкенин кустуруп, анан кесип ийсе да мейли эле.

Ойду улаган «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев булдарды кошумчалады:

- Акаев Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы болуп туруп, ырас, элин кыйын акыбалга таштап качтыбы, эми кайсыл бети менен келет? Бул саясий жактан туура эмес чечим. Биринчи президенттин орду түрмөдө.

«Кут» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Аманбай Сатыбаев убагында Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартууга кол топтогондордун башында турган. Ал дале болсо Москвада баш калкалап жүргөн Кыргызстандын биринчи президентин колдогон оюнан кайта элек.

- Албетте, тарых бардыгын жай-жайына койду, - дейт Аманбай Сатибаев. – Мына, азыр Акаев менен Бакиевди салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Акаевдин жасаган иштери, жүргүзгөн реформалары бүт туура болгон экен. Бакиев бийликке аралашкандан кийин бардыгы 180 градуска буруп, тетирисине айланды. Ошондуктан, бүгүнкү бийликтин аракеттерине чынында жакшы баа берилбейт.


Аманбай Сатыбаев Аскар Акаевдин күнөөсү жоктугун белгилеп, керек болсо ага «Эл Баатыры» наамын ыйгарып, ардактап алууга татыктуу экендигин жарыя кылды.

Мындай демилгеге «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров каршылыгын билдирди:

- Кокусунан президент болуп шайланбадыбы. Үч-төрт адам Аскар Акаевди алдап, башын айландырып, Кыргызстанды талап-тоношту. Бүткүл элдин байлыгын сатып-жешти. Өлкөнү банкрот кылышты. Муну үчүн, биринчиден, Аскар Акаев, экинчиден, Феликс Кулов күнөөлүү.

Равшан Гапировдун туюмунда, Аскар Акаевди эле эмес аны менен үзөңгүлөш иштегендерди бүт жоопкерчиликке тартканда кийинкилерге сабак болмок.

Деген менен серепчилер эгемен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин кайтып келиши өлкөдөгү коомдук-саясий акыбалды курчутат деп жоромолдоодо.

Ошентип, президентикке талапкер Темир Сариев учурда Жалал-Абат облусунун шайлоочулары менен жолугушуусун улантууда.

XS
SM
MD
LG