Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Президент К. Бакиев Таласта


Президент Курманбек Бакиев талапкер катары Таласка экинчи ирет шайлоочулар менен жолугушууга барды.

Жолугушуу Манас районун Чоң-Капка айылындагы Кара-Буура суу сактагычына караштуу аймактын ичинде өттү. Президенттикке талапкер катары Курманбек Бакиев көбүн эсе буга чейин жасалган иштери тууралу кеп кылды. Ал 4 жылдын ичинде Кыргызстанда коррупцияны азайтып, айлык акы, пенсияларды 50% көтөргөнүн, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу ишке ашып жатканын жана башка мамлекеттерде экономикалык кыйынчылыктар болуп келсе, Кыргызстанда ишкерлерди колдоп, өкмөттөн 300 млн. сом, ошондой эле жаштарга 50 млн. сом каралганын айтып, өлкө бюджети 17 миллиарддан 60 миллиардка көтөрүлгөнүн сүйүнчүлөдү.

- Эми карап көрсөңүздөр, төрт жылдын ичинде мамлекеттин бюджети үч жарым эсе көбөйдү. Салык менен бажыдан түшүп аткан каражат мурун башка жака кетсе азыр көпчүлүгү мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп калды.

Курманбек Бакиев астыда жасала турган иштер тууралуу да сөз кылып, айыл чарба тармагында механизациялык-техникалык кызматтарды кайрадан айыл жерлеринде жандандыруу керектигин белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев ошондой эле азыркы оппозиция тууралуу сөз кылып, алардын үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндө айткан сөздөрүн жокко чыгаруу менен элге төмөнкүчө кайрылды.

- Оппозиция ачык айтканда экономика боюнча айта турган сөзү жок. Тышкы саясат боюнча айта турган сөз жок, жанакындай гана сөзү бар, үй-бүлөлүк башкаруу деген. Эми туугандар бул сөз жанакы мурунку бийлктеги сөз. Менден кийин кандай президент келсе да бир үй-бүлөлүү киши келет да, туурабы. Анан баарына эле ушинтип эле үй-бүлөлүк башкаруу дей берсе мен ойлойм, бул деле туура эмес да.

Президент сүйлөп бүткөн соң жарыш сөзгө чыккандар калоо тилектерин айтышып, анын ичинде көйгөйлүү маселелерди да кыстара кетишти.

Айыл чарба тармагында көп жыл бою эмгектенген Каныбек Курманбеков Кыргызстанда кадырларды ротациялоо тууралуу сунушун айтып, муну менен жакшы кадрларды тарбиялоого болоорун билдирди.

Казакстан менен чектеш турган Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынан келген мектеп мугалими Нурбүбү Ушунбаева жакшы кадрлар кошуна мамлекеттерге кетип жатышы тууралу айтты:

- Казакстан менен биздин райондун ортосундагы аралык 15 мүнөттүк эле жол. Алдыңкы, тажрыйбалуу мугалимдерибиз кетип калып, ал эми мына бүгүнкү окуу жайларын бүткөн жаш кадрлар айылдык мектептерге келүүдөн баш тартууда.

Ошол эле райондун Үч-Коргон айылынын тургуну Миржалал Дадабаев банктарда кредиттер жогорку пайыз менен берилип, элге жардам кылбастан кайра элди кыйнап жатат деген нааразычылык менен президентке кайрылды.

Жолугушууга келген 4 миңге жакын чогулган шайлоочулардын астында Курманбек Бакиев жогорудагы баардык айтылган маселелерди колдон келишинче чечүүгө аракет кылаарын айтып, элдин батасын алып, жолугушуу соңуна чыкты.

XS
SM
MD
LG