Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

СДПК: Бул шайлоо эмес, алдоо!


Социал-демократтардын штабы добуш берүү бүтүндөй республика боюнча жапырт бурмалоо менен жүрүп жатканын билдирүүдө.

Жер-жерлерде мамлекеттик кызматчыларды жана бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин унаа менен ташып келип, атайын кабинада добуш берүүгө мажбурлашууда. Мисалы, Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы улуттук консерватория жана Хусейин Карасаев атындагы орто мектепте жайгашкан шайлоо участкаларына шайлочуларды унаалар менен ташуу жүрүп жатат. Лев Толстой көчөсүндөгү “Ореми” заводунун имаратындагы шайлоо участогуна кызыл түстөгү кичи автобус добуш берүү үчүн мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлерди ташып жатканы кабарланды. Мындай окуялар Нарын облусунун Ат-Башы районунда да катталды.

Бюллетендерди топтоп ыргытуу орун алууда. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №2130 шайлоо участогунда Бакиев үчүн деп белгиленген 20 бюллетенди салып жаткан учурда мектептин директору кармалды. Кадамжай районунун №160 Марказ шайлоо участкасында 5-6дан шайлоо бюллетенин урнага таштаган учур катталып, акт түзүлүп, тиешелүү кызматтарга берилди. СДПКнын штабы добуш берүү башталгандан кийин өткөн бир сааттын ичинде эле 74 мыйзам бузуу болгонун каттады.

СДПКнын штабынын маалымдашынча, ошондой эле оппозициянын байкоочуларына жана активисттерине кысым көрсөтүлүп, алардын айткан арыз-даттанууларын участкалык шайлоо комиссиялары кулактын сыртынан кетиришүүдө. “Бул шайлоонун бүтүндөй легитимдүү болбой калганын азыр эле айтсак туура болот”,-деп айтылат СДПКнын билдирүүсүндө.

- Шайлоо участкада турган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана милициянын кызматкерлери мыйзам бузууларды токтотуу саясатын, иш аракетин өткөргөндүн ордуна биздин байкоочуларды коркутуп, шайлоо участкаларынан күчкө салып алып чыгып атат. Ошондуктан саат сегизден бери төрт саат өттү, азыр эле бир жыйынтыкка келсе болот. Ушунчалык массалык түрдө мыйзам бузуулар болуп атат. Буга чейин мындай шайлоолор өткөн эмес. Ошондуктан азыркы шайлоону азыртан эле баштап легитимсиз деп айтсак болот. Анткени Бакиевдин бийлиги алдоо жолу менен шайлоону өткөрүп атканы баардыгына маалым болду,- деп билдирди "Азаттыкка" Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Бакыт Бешимов.

Оппозиция лидердери жер-жерлерде каратып туруп бурмалоо фактыларына нааразылык өтө күчөп баратканын белгилешип, муну арты массалык тополоңго алып барышы ыктымал деп жатышат.


Добуш берүү учурунда болгон укук бузуулар жөнүндө “Азаттыктын” дубандык кабарчылары да билдирип жатышат

Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн райондук штабынын башчысы Алишер Бакишев «Азаттыкка» маалымдашынча, Салам-Алик участкасынын кире беришинде айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек Инашов катышкан айыл аксакалдарынын жыйыны өтүп, президент Курманбек Бакиевди массалык түрдө колдоо боюнча кептер айтылды.

Ал эми Ак-Жар жана Мырзаке кыштактарында тургундар мамлекеттик органдар жалдаган атайын машинелер менен ташылууда. Бишкекте иштеген чоңдордун бардыгы аймакты кыдырып, шайлоо участокторун сыртынан аңдып жүрүшөт.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, БШК жана областтык, участкалык шайлоо комиссиялары административдик кийлигишүү сыяктуу укук бузуулар жөнүндөгү оппозиция өкүлдөрүнүн айткандарын төгүндөп, четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG