Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Талас: шайлоонун эртеси да болот


Оппозиция лидерлери Таласта. 18-июнь, 2010-жыл
Оппозиция лидерлери Таласта. 18-июнь, 2010-жыл

"Эл үнү" берүүсүнө кайрылган Талас облусунун тургундары алдыдагы парламенттик шайлоого үгүт иштеринде жергиликтүү бийлик тарабынан кемчиликтер кетип жатканын билдиришти.

Талас шаарынын тургуну Каныбек Үмөталиев: Биздин стадиондо "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин эл менен жолугушуусунда партиянын мүчөсү катары тизмеде Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиеванын аты-жөнү жарыяланып калганына таң калдык. Губернаторлукка бул Курманалиева бекигенден кийин партиянын үгүт иштерине аралашпашы керек болчу. Бийликтин шайлоого аралашпайбыз дегени куру сөз бойдон калууда.

Талас облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлнара Исбасарова: Бизге "шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт иштеринде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болду" деп эч бир жаран кайрылган жок. Эгерде кандайдыр бир мыйзамдан сырткары аракеттер болуп жатса атуулдар Шайлоо комиссиясына атайын арыз менен кайрылышы керек. Эл арасында ар кандай имиш кептер айтылууда. Ал эми “Ата Мекен” партиясы тарабынан ушундай мыйзамсыз аракеттер болуп жатат деп расмий кайрылышса биз текшерип мыйзамдын чегинде тиешелүү чара көрөбүз.

Талас району, Көк-Ой айылынан Жамал: Бизде ар кандай сөз жүрүп жатат, ар бир партиянын артынан имиш-имиш кептер көп. Эл үчүн кызмат кыла турган, өсүп келе жаткан жаштарга орун берип, бизге жакшы жетекчилер келиши керек. Буга чейин баары эле "эл үчүн иштейбиз" деп эле беш манжасын казнага салып жиберишип аягы эмне менен бүтүп жатат. Андан көрө эл үчүн иштеп, чыпалакты салса деле булар эң сонун жашамак. Баары эле "мен болом, мен болом" дейт, ким болот? Ушундайлар кайрадан жаңы бийликке туш болсо дагы жаштар бейкүнөө кырылып кетеби...

Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылынын тургуну Жаңылкан Мырзалиева: Азыр айыл жергесинде шайлоо боюнча үгүт иштери жүрүп жатат. Бирок кайсы бир партияларга башкача көз караш болбойт го деген ойдо элек. Бирок үйрөнгөн адатпы, кайра эле баягынын баары кайталанып, кээ бир партияларга бийлик жакшы көз карашта болуп, калган партяиларга салкын көз карашта болуп жатканы карапайым калкка билингенсийт. Шайлоо жакындаган сайын ар кандай кооптонулар пайда болууда. Эгерде бийлик бир партияга жан тарта турган болсо элдин нааразычылыгы болуп, шайлоо өтүп кеткен күндө да "ушундай туура эмес болду эле" деген сөздөр ээрчип калат. Ошондуктан ачык, таза шайлоо болсо деген ниеттебиз.

Бийлик бир партиянын кызыкчылыгына иштеп жатат деген эл арасындагы жогорудагыдай суроого Талас губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары Рыскелди Ботиков:

- Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча мындай факты катталган жок. Облустук администрация тарабынан шайлоонун тынч өтүшү тууралуу атайын штабдар түзүлгөн. Ал штабда акыйкатчынын облустагы өкүлү Арзыкан Момунтаева, ЕККУнун өкүлү жана бардык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бар. Алар ушул шайлоо алдындагы жана шайлоо учурунда болгон талаштуу жагдайлар боюнча иш алып барышат.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG