Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Ош: Бакиев студенттер менен жолугат. Даярдык «5»


18-июнда Оштогу иш сапары маалында президент Курманбек Бакиев студенттер менен жолугушуу ниети бар экендигин билдирген. Ал эми президент менен жолугушчу студенттердин тизмеси мындан бир нече күн мурун эле аныкталган. Азыр алар президентти кантип тосуп алып, кандай суроолорду бериш керек деп кызуу даярдык көрүп жатышат.

Атын атоодон баш тарткан бул студент 19-июнь күнү президент менен жолугушчулардын катарына жазылган, бирок көп өтпөй мурда ректоратка сын-пикир айтып койгондугу үчүн тизмеден чийилип калган:

-Мен бугай чейинки депутаттар, жетекчилер келип жаштар менен жолугушканда жигердуу катышып, суроолорду көп берчүмүн. Эми президент менен жолугушууга менин атымды чийип салышыптыр. Муну ректорат жасап жатат. Жеп алды, ичип алды деген суроолордун болушун каалабай жатышат. Жолугушууда мен эч нерсе айтпайм, жамандабайм деген студенттерди катыштырып жатышат.

Ал эми өлкө башчысы менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Мирлан жакында эле кураторунун айтканын чыкпай, башка достору сыяктуу «Ак жол» партиясынын катарына кирген. Ал азыр президенттин катышуусунда өтчү жыйында өлкө башчысын кантип тосуп алышат, кандай кийим кийүү керек, качан кол чабуу зарыл деген даярдыктан өтүп жатат.

-«Ак жол» партиясына жакында факультет боюнча мүчөлүккө кабыл алганда кирдим,- дейт Мирлан.

Азаттык: - Эми силерди президент менен жолугушууга кантип даярдайт экен?

-Саат 16:00дө бизди даярдашат. Бакиевди кантип колдосок болот, өзүбүздү кантип алып жүрүшүбүз керек, кимден кийин ким суроо берет, качан кол чабабыз, ушуларга даярданабыз. Костюм-шым, галстук тагынып келет экенбиз.

Мирланга окшоп өз президенти менен жолуга албай калган студенттер болсо, мындай мыкты даярдалган жыйындарга алар көнүп бүтүшкөнүн айтышат. Эми өлкө башчысы атайын студенттер менен жолугушууга убакыт бөлгөн менен, студенттерди кыйнап келчү көйгөйлөр айтылбай калат дешет.

Президент менен жолугушуу Ош университетинин башкы имаратында өтмөй болду. Эмне үчүн студенттер иргелип алынды деген сурообузга университет жетекчилиги жооп берүүдөн баш тартты. Бирок жолугушуунун өтүү тартибин бардык студенттер мыкты билип калышкан. Төртүнчү курстун студенти Кутман Абдрахманов мындай дейт:

-Бакиев келет дегенде эле булар ким эмнени сүйлөйт баарын даярдап коюшат. Пландаган нерсе гана болот. Президент сүйлөсө кол чабышат. Мугалими үйрөткөн сөзүн айтат. "Ош шаарынын жаштары Бакиевди колдойт" деп кыйкырышат. Баягы эле «дежурный» жаштар жасайт. Президенттин эси болсо барган жерлериндеги дүжүрлөрдүн сөзүнө ишенбей эле койсо.

Ошентип окуу жай көйгөйлөрүн, ушул чакта күчөп жаткан коррупцияны, шайлоого чейин эле эс алууга чыгалычы деп президентке даттанайын деген студенттердин ою ишке ашпайт өңдүү. Жана алар ар дайымкы жолугушуунун тизмесинен түшпөгөн студенттер бул маселелерди козгоп чыгышаарына ишеним артпай турган чагы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG