Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Э. Өмүралиев: Суу-энергетика тармагын бир колго өткөрүү керек


Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Эсенгул Өмүралиев ГЭСтерди, жогорку чыңалуудагы линияларды кошуп, бирдиктүү энергетикалык ишкана түзүү демилгесин көтөрүп келе жатат.

- Сиз өткөн жылдын соңунда өлкөнүн энерго системасы боюнча көз карашыңызды жарыялап, анда бирдиктүү энергетикалык ишкана түзүүнү сунуштаган элеңиз. Эми бөлүштүргүч компаниялар менчик колдорго активдүү берилип жатканда аны ишке ашырыштын кандай жолу бар?

- Мен бирдиктүү энерго компания дегенде ал компанияларды эмес, чоң станциялар, чоң линияларды айткам. Ошолорду бириктирип бир компания түзүп, мамлекеттин колунда алып калыш керек деген ойду айткам. Ал эми бөлүштүргүч компаниялар болсо менчикке кете берсе болот.

- Мына “Түндүк электр” боюнча тендер өттү, 2-февралда болсо “Ош электр”, “Жалал- Абад электр” жана “Чыгыш электр” боюнча тендер өткөнү атат. Бул иштердин Кыргызстанга кандай пайда-зыяны болушу мүмкүн?

- Эми бул иштерде мамлекет тарабынан эффективдүү эмес башкаруу болуп атат, ошону менчикке берсек менчик ээлери бул системаны жакшы иштетип, жанагы жоготууларды азайтып, эффективдүүлүгүн көбөйтөт деген ой болуп атат да. Эгерде чын эле ошондой менчик ээлери табылып, ошондой иштетсе бул жакшы нерсе.

- Бирок башкача болуп калышы да мүмкүнбү?

- Башкача болуп калышы да мүмкүн. Эгерде жанагы сатып алып аткан инвесторлор жалпы элдин кызыкчылы үчүн эмес, жеке өзүнүн кызыкчылы үчүн иштеп кетсе.

- Бишкек ТЭЦин өкмөт өз күчү менен модернизациялоо тууралуу айтыла бштады Өзбекстан бирдиктүү энергетикалык алкактан чыгарууну жарыялагандан кийин бул энергетикалык коопсуздук үчүн маанилүү экени да түшүнүктүү болуп калды, бирок өкмөттүн күчү менен жасалып, оңдолуп туруп андан кийин башка менчик колдорго өтүп кетип калышы мүмкүнбү?

- Анын ары жагы кандай болоорун ким билет? Бирок Бишкек ТЭЦинин өзүнүн долбоорлук кубаттуугулу 600 мВт, бүгүнкү күндө анын 250сү эле иштеп атат. Эгерде ошону кайра калыбына келтирсе бул өлкөнүн түндүк аймагын электр кубаты менен камсыз кылууда коопсуздуктун өзүнчө бир жолу болмок.

- Сиздин долбооруңузда бирдиктүү энергетикалык система, биргелешкен ишкана түзүү менен жаңы ГЭСтерди курууга дагы бет алып, ошол маселени чечүү да каралганбы?

- Ооба, менин сунушумда суу-энергетика маселеси каралган. Экөөнү бириктирип туруп ГЭСтерди, жогорку чыңалуудагы линияларды жана Токтогул суу сактагычындагы, кийин Камбар-Ата-1де сактала турган сууларды бир кол менен башкаруу тууралуу айтып атам. Ошондо бул ички экономиканы, тышкы мамилелерди калыптандыруу үчүн дагы чоң курал болуп эсептелмек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG