Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

О. Артыкбаев: Кыргызстан кышка даяр


Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кышка карата отун-суу камдоо иштери боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Синоптиктер бүгүнтөн тарта кескин суук түшөт деп билдиришти. Кыргызстан кышка канчалык даяр?

О. Артыкбаев: Кыргызстан кышка, буйруса, толук даяр. Отун-суунун баарын жыйнап алдык. Токтогул ГЭСинде суу көп - 19 миллиард кубдан ашты. Бул элди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Бишкек, Ош негизги жылуулук борборлорубуз отун менен камсыз болду. Коңшу өлкөлөр менен да катарлаш иштер боюнча келишимдерге кол коюп, бул маселелерди да чечип алдык. Оңдоо иштерин толук аяктадык.

“Азаттык”: Сиз суу көп, электр энергиясы болот, жарык өчпөйт дедиңиз. Бирок чалдыбары чыккан электр тогун өткөргөн зымдардын айынан, станциялар жана башка жабдуулардын эскилигинен улам былтыркы көрүнүш кайталанып калбайбы?

О. Артыкбаев: Былтыр жарык маал-маалы менен өчүрүлгөн. Бир убакта өчүрүлүп, бир убакта берилген. Быйыл андай чектеп өчүрүү болбойт. Бирок кээ бир жерлерде трансформаторлор күйүп кеткенде, же болбосо табелдер иштен чыкканына байланыштуу жарык өчүү болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу дагы РЭС, РЭКтерде оңдой турган бригадаларды, алардын шаймандарын даярдап койдук. Авария болсо тез аранын ичинде колдон келишинче жардам берүүгө энергетиктер даяр.

“Азаттык”: Айрым маалымат боюнча, быйыл көмүрканада таш көмүр аз. Казакстандан келбей жатат, Кара-Кеченики кымбат дешет. Кара-Кече демекчи, эми албетте бул суроо тартип коргоо органдарына жолдонсо жакшы болмок, бирок мен сизден да сурап калгым келип жатат, "ал жакта рэкеттер отурат, түшкөн пайдадан өздөрүнүн үлүшүн алып жатат" дешет. Бул жагдай көмүр менен камсыз кылууга кедергисин тийгизбей элеби?

О. Артыкбаев: Көмүр аз келип жатат деген чындыкка коошпогон кабар. Мен сизге айтып жатпаймынбы, ТЭЦте, башка жерлерде график менен көмүрлөр жакшы келип жатат. Казакстандан да тынбай келип жатат. Экинчиден, Кара-Кечеде рэкеттер отурат деген сөз канчалык чын экенин мен билбейм. Бирок Кара-Кече, дагы көп жерлерде көмүр өндүрүүчүлөр жеке компаниялар да. Алардын иштерине биз кийлигишпейбиз. Булар жеке компания катар өздөрү иш кылат. Бирок биздин жаңы түзүлгөн мамлекеттик Кара-Кече компаниясы азырынча көмүр өндүргөнгө жетише элек. Эми уюшулуп жатат. Алар көмүр өндүрүүнү кийинки жылдан баштайт.

Азырынча биздин жергиликтүү көмүрлөрдү жеке компаниялар өндүрүп жатат. Биз алардын ишине мониторинг кылып изилдеп карап жатабыз, баарын кыдырып караганыбызда, алардын көмүр запастары жетиштүү эле. Алып келип, кампаларды толтуруу негизинен былтыркыга караганда түзүк эле.

Быйыл план боюнча 606 миң тонна көмүр өндүрүүгө жетишип жатабыз. Былтыр мисалы ТЭЦке жалпысынан 70 миң тоннага чейин көмүр алынып келиптир. Быйыл ушул убакка карата 40 миң тоннадан ашык көмүр келди, негизинен быйыл көмүрдү 120 миң тоннадай алып келели деп план кылып, жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөр менен келишим да түзүлдү. Жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн алдын ала акчаларын төлөп берип бир топ иштерди жасап койдук. Кийинки жылы кудай буюрса 1 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрүүнү пландап ошого даярданып жатабыз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG