Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

О.Нусубалиев: Жаңы тарифтер калкты кыйнап коет


Отун-кубатка баанын жогорулашы, өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу “Азаттыкка” Коомдук ордо кеңештин өкүлү Орозбек Нусубалиев маек курду.

“Азаттык”: Коомдук парламент өкмөттүн энергетикалык саясатын талкуулап, отун-суунун баасынын жогорулашы боюнча пикирин билдиргени жатат. Бул жаатта Коомдук ордо кеңештин позициясы кандай? Өкмөттүн соңку чечимин кандай баалап жатасыздар?

Орозбек Нусубалиев: Бул өтө ойлонуп, кылдат мамиле кыла турган бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелердин бири болуп атат. Мисалы, биз бул маселелерди көңүлүбүздөн калтырган жокпуз. Сентябрь айында биздин Ордо кеңештин коомдук угуусунда энергетика системасына байланыштуу маселелерди караганбыз. Сентябрдын аягы эле, ошондо энергетика министрибиз Давыдов чыгып, энергетика системасындагы көйгөйлүү маселелер боюнча айтты.

Давыдов “сүйлөшүлгөн убадалар бар эле, апрель айынан эрте тарифтер көтөрүлбөйт, тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн, чынында эле кыйынчылыктар болуп атат, ТЭЦ каралбай калган” деген көп маселелерин айтып, 90 тыйындан ашпаган баа болорун белгилеген.

Өзүңүздөр көрүп атасыздар, 90 тыйын эмес эле 2 сомго чейин сунуштар кирип атат. Электр энергетикасына 1-январдан 1 сом 50 тыйын, 1-июлдан 2 сом деп атышат. Бул биздин карапайым эл үчүн аябай эле оор болуп калат. Өзгөчө чек арада элдер көчүп кетүүдө, жерибизди согушу жок эле тарттырып жибере турган болуп атабыз.

Биз чек арада, тоолуу аймактарда жашагандарга бааны азайтып берели деген сунуштарды айтканбыз. Бул маселе каралбай калды, биз сунуштарыбызды өкмөткө да, президентке да жөнөткөнбүз. Эми жылуулукка тарифтерди дагы өзүңүздөр көрүп атасыздар, өтө эле оор болуп калып атат. Мисалы, мамлекеттик, анан башка эле маалымат булактарынан карап көрсөңүздөр, бир маалыматта “орточо айлык 140 доллар” деп мамлекеттик статистика агенттиги айтып атат. Башка булактарда Энергетика министрлиги “жок, орто айлык Кыргызстанда 185 доллар” деп билдирди. Бул жалган сөз. Мына, мамлекеттик эки структура 45 долларга айырмасы бар маалыматтарды берүүдө. 45 доллар деген бүгүнкү курс менен алганда 2 миң сом болуп чыгып атат.

“Азаттык”: Бааларды кескин көтөрбөй туруп өлкөдөгү энергетикалык кризистен чыгуунун жолдору бар беле?

Орозбек Нусубалиев: Жолдору бар. Биздин ушул системаны башкарган адамдар эмнегедир бааны гана көтөрүүнү сунуштап атат, эмне үчүн жоготууларды азайтууну, башка жолдорун карабайт?

Бүгүнкү күнү дүйнөлүк кризис болуп атат. Ошондо бардык чоң унаа чыгарган, же башка ишканалар 30-50 пайызга чейин бааларын төмөндөтүп атышпайбы. Биз өзүбүздүн суубуздан чыккан электр энергиябызды он эсе кымбаттатып, андан да ашык кылып элге сатып атабыз.

Азыр элге жеңилдикти ойлонуш керек эле. Бул маселе боюнча дагы деле акыркы чечим кабыл алына элек деп ойлойм. Бул өкмөттүн сунушу, биздин президентибиз акыркы сөзүн айта элек. Дагы убакыт бар го дейм. Кыймылсыз мүлккө киргизилген салык токтотулбады беле. Дагы деле болсо эл үмүт кылып атат, акыркы чечимдер кабыл алынып, элге жеңилдиктер ойлонулат деп.

“Азаттык”: Демек сиз бул чечимдер өзгөрүп кетет деп ишенет турбайсызбы?

Орозбек Нусубалиев: Эл катары эле элдин арасында жашап аткандан кийин менин үмүтүм бар. Жылуулук үчүн бааны кымбаттатыш керек дегенге каршыбыз. Этап-этабы менен өткөрсө болмок. Мына 1 ГКк 500 сом болчу, ошону миң сомго көтөрсө болмок. Анан 4-5 эсеге көтөрүлгөнү абдан эле кыйын болуп калат. Жылуулуктан албайбыз десе, баягы эле Ленин, Фрунзе заводдордой болуп, биздин кан тамырга окшогон теплотрассалар каралбай калса эмне болот?

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG