Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Тоо жарылып көл болду


22-декабрда «Камбар-Ата-2» ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү. Жаңы тосмого үч күндө суу толуп, андан соң тешкен тоо аркылуу мурдагы нугуна түшөт. «Камбарата-2» ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын ишке кириши эмдиги жылдын май-июнь айларына болжолдонууда.

“Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги тоону жардырып сууну бөгөө сүрөтүн тартып алууга Кыргызстандагы катары калың маалымдоо каражаттарынын ичинен жалгыз Улуттук телеканалга гана уруксат берилип, калган журналисттер журту Өкмөттөгү телебайланыш аркылуу гана көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Күндүзгү саат он экиге жакын “Камбар-Ата –2” ГЭСиндеги жардыруу иштерин уюштуруу боюнча штаб жетекчиси 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров даярдык иштери толугу менен аягына чыгып, ГЭСке жакын Кара-Жыгач айылынын калкы коопсуз жерге көчүрүлгөнүн маалымдады.

- Ата-бабалардын салтына ылайык кечээ күнү Кара-Жыгач айылынын аксакалдары менен бата кылдык. Чоң жардырууга даярдыктын баары бүттү. Тапшырмаңызды орду менен, убагы менен аткарууга аракет кылдык.

Ошентип заңкайган аскалуу тоону жардырууга уруксат берилди. Үч айдан ашуун тоонун ичин көзөп, эки жерге аянбай 3 миң тоннага жакын жардыргыч заттарды коюп чыккан Москванын “Союзгидроспецстрой” компаниясынын адистеринин иш жыйынтыгы булаңгыр асманга карай көтөрүлгөн калың капкара коюу чаң болду окшойт.

Президент К.Бакиев “Камбар-Ата –2” ГЭСинин суу тосмосунун пайда болушун Кыргызстан тарыхындагы ири окуялардын бири экенин белгилеп, буга чейинки көпчүлүк аткаминерлер мындай курулуштун ишке ашарынан түңүлүп калганына токтолду.

- Биз бүгүн баарыбыз күбө болуп отурабыз. Акыркы эки жыл ичинде мамлекетте жасалган иштерди өзүңүздөр көрүп атасыздар. Ачык-айкын көрүнүп атат, аны эл да көрүп жатат. Бирок “Камбар-Ата” ГЭС боюнча жасалган иштер бул өзгөчө мааниге ээ. Биз биринчиден өз күчүбүз менен куруп жатабыз. Өзүбүздүн каражатыбызга куруп жатабыз.

Камбар - Ата: Тоо жарылып көл болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00


“Камбар-Ата –2” ГЭСинин биринчи агрегаты эмдиги жылдын май-июнь айларында ишке киргизилмекчи. Үч жыл ичинде ГЭС курулушуна 5,5 миллиардга жакын сом акча сарпталган. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов “Камбар-Ата –2” ГЭСин толук ишке киргизгенге дагы 16 миллиардга жакын сом керек болорун маалымдады.

- Кийинки 20 жылда электр энергия керектөөсү жылына орточо 3 – 5% көбөйгөнү менен электр энергиясын иштеп чыкчу кубаттуулуктар пайдаланууга берилген жок. “Камбар-Ата” ГЭС курулушу 1986-жылы башталган. Бирок 2001-жылы каражаттын жоктугунан, Советтер Союзунун ыдырап кетишинен курулуш токтоп калган.

Арадан 6 жыл өткөн соң курулуш кайра жанданып, ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизиш үчүн бюджет эсебинен 3,5 миллиард сом, “Электр станциялары” акционердик коомунан 1,5 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынган. Быйыл болсо ири курулушка акчаны жаңы түзүлгөн Өнүгүү, инвестиция, инновация борбордук агенттиги бөлдү. Президент К.Бакиев энергетика тармагы эми чындап жандана тургандыгын жарыя кылды.

- Биз мындан ары да ГЭСтерди куруп Нарындын жогор жагына кете беребиз. 10 жыл, 20 жыл, 30 жылдык программаны түзөбүз. ГЭСтерди курганда экономикабыз өсөт. Энергетикалык көз карандысыздыкка толук жетишебиз.

Антип президенттин энергетика боюнча дымактуу максат-милдеттери саналып жаткан чакта Кыргызстан калкынын кыйласы түнкүсүн жарыгы жок отурушат. Мындай шартта көпчүлүктүн Нарын дарыясына курулчу жаңы ГЭСтердин эртерээк бүтүшүн күткөндөн башка ылаажысы жок. Ага чейин бучкактаган энергетикалык кризистен Кыргызстандын өз алдынча чыгып кетиши күмөн. Алдыдагы Жаңы жыл менен кымбаттаган электр акы элди күтүп турат.


XS
SM
MD
LG