Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Жарыгы жок элге донорлордун жарыгы тиеби?


БУУ донорлорду кыш күрөөдө Кыргызстанга 20 млн. доллар чукул жардам берүүгө чакырууда. Мындай өлчөмдөгү каражат энергетикалык таңкыстык жана азык-түлүк кризиси күчөп турган өлкөнү кыштан чыгаруу үчүн жумшалмакчы. Ушул маселенин тегерегинде бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы, “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидерлеринин бири Токтоайым Үмөталиева “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- БУУ көтөрүп жаткан демилге 20 млн. доллар кышкы кыйынчылыкта Кыргызстандын жагдайын канчалык деңгээлде жеңилдете алат сиздин оюңузча?

- Тилекке каршы бул эч кандай жардам бералбайт. Ошол эле кыйналып турган адамдарга каражат жетээрине ишенбейм. Себеби эч кандай жарандык коомдун көзөмөлү жок жана биз жарым жылдан бери айтып жаткан сунуштардын бирөөсү да кабыл алынган жок. Ошол сунуштардын бири - коомдун эң негизи бөлүгүнө даярдык көрүү жана ушундай адамдарга атайын программа түзүү болчу. Ал келген каражат кайда бараары, кимге жетээри белгисиз. БУУ каражат берсе дагы азыр мамлекетте турган өз менчигин сактап, өз ишин кылып аткан адамдардын капчыгына кирет. Өзүңөр билесиңер атайын МЖМ компания деген түзүлгөн, мына ошонун капчыгына кетет. Себеби алар келаткан инвестициянын, сырттан келе турган жардамдардын баары көзөмөлгө алган.

- Ушул каражат сиз кайсы тармактарга жумшалышын каалайт элеңиз. Мисалы БУУ айтып атат, аз камсыздалган, тиричилиги начар адамдарга электр кубаты, азык-түлүгү үчүн берүү керек деп?

- Электр кубаты боюнча айтып кетиш керек, эч нерсе кылып бералбайт. Себеби электр тармагы толугу менен менчиктештирүүгө кеткени жатат, ошонун негизинде жалпы мамлекттик менчиктин баары менчиктештирүүгө кетип атат жана эч ким мунун менен иштебейт, келген акчаны бир багытка айдап жиберишет. Ошол себептен мен бул акча кыйналып турган адамдарга жетет деген ойдон алысмын. Себеби энерготармактын абалы абдан оор.

- Канткен менен жанагы суроого кайра кайрылсак, 20 млн. келип калса, кайда чыгымдалса деп ойлойсуз?

- Мен ойлойт элем, эң биринчи атайын жазылган программа болуш керек, анан айыл-ападагы кыйналып турган карапайым калкка кетиш керек, көп үй-бүлөлүүлөргө, жалгыз бой энелерге, балдарга жардам катары кетиш керек.

- Сиз мүчө болуп жүргөн “Бириккен Кыргызстан” кышкы энергетикалык жагдай боюнча бир топ иликтөөлөрдү жасадык жана анын чыгуунун жолдорун караштырып жатабыз деп айттыңар эле. Силерде азыр кандай божомол бар, мисалы ар ким ар кандай айтып атат, февраль, мартта өтө жагдай курчуп кетиши мүмкүн деп, бийлик болсо тескерисинче айтып атат, сиздерде кандай божомол бар?

- Бийлик өзү ачык-айкын бүт баарын чыгарып атат. Президент мен келерим менен свет өчүрүлбөйт деген, свет өчүрүлүп эле атат. Ошол эле сакталган энергия кайда кетти эч ким жооп берген жок. Үчүнчүдөн, азыркы маалымат боюнча 20-январга чейин Токтогул суу сактагычында суу бар, ошол электр энергия бергенге жетет. 20-январдан кийин абал абдан оор, эмне кыларыбызды билбейбиз ачык айтканда. Бирок өз сунуштарыбыз менен аксакалдар тобун жөнөттүк, аларды президент кабыл алган жок. Канча деген сунуштар берилди, бири дагы кабыл алынган жок.

XS
SM
MD
LG