Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Тез тамактануу ден соолукка зыян!


Батыш өлкөлөрүндө убакытты үнөмдөө максатында ойлоп табылган тамактар соңку жылдары кыргыз жаштарынын күнүмдүк тамактануучу каражатына айлангандай. Мисалы, учурда Кыргызстандын көптөгөн шаарларында гамбургер, шаурма даярдаган жайлардын саны кескин көбөйүп, өзгөчө студенттер бул тамактардын негизги кардары болуп калды.

Адамзат жыл санап замандын жаңы талаптарына көнүп, ага баш ийүүгө аргасыз. Бүгүнкү биз сөз кылчу тема бул – заманыбыздын дагы бир жаңылыгы фастфуд. Фастфуд кыргызчага “тез тамак” болуп которулат. Ага гамбургер, самса, шаурма жана ушуга окшогон жеңил тамактар кирет. Бул тамактардын жөнөкөй ашканалардан өзгөчөлүгү - жеңил тамак саткан жайларда кардар көпкө күтпөйт, тандаган тамагың бат эле даяр болот.

Анткен менен адистер студенттердин сүйүктүү тамагына айланган гамбургер, шаурманын ден соолукка зыяндуу жактары бар экенин белгилешет. Студенттер бейтапканасынын бөлүм башчысы, терапевт Гүлзада Оторова буларды айтты:

- Гамбургер сыяктуу нерселерди саткан тамактануу жайлары азыркы күндө көп ачылып баштабадыбы. Ошондуктан жаштар аны колдонот, бирок ошонун баары организмге терс таасирин тийгизет. Биринчи ирет мындай тамак ашказанга зыян. Өзгөчө студенттерге зыян, себеби алар ансыз деле начар тамактанышат.

Адистер жаштарга тез даярдалган тамактарды такай пайдаланбоону кеңеш беришет. Тамактын аты өзү айтып тургандай эле фастфуд өндүрүшү Батыш өлкөлөрүндө убакыттын аздыгына карап чыгарылган жана бул ыкманы убакытты үнөмдөөнүн бирден-бир ыкмасы деп билишкен. Акырындык менен мындай салт биздин жашообузда да орун алды.

Эмне үчүн көпчүлүк кыргыз жаштары тез даярдалган жеңил тамактар менен тамактанууну туура көрүшөт? Кыргыз Улуттук университетинин студенти Бекбол Жаныбаевди угуп көрөлү:

- Эл гамбургерлерди алып жегенинин себеби - биринчиден ал арзан. Жакшылап тамактанууга көп акча кетет. Анүстүнө азыр көп эле студенттердин акчасы жок, кыйналып жүрүшөт. Экинчиден, бул убактыңды үнөмдөйт – бат эле көчөдөн басып баратып эле, же бир жерге отура калып жей берсең болот.

Учурда борбор калаадагы ондогон тез бышкан тамактарды сунуштаган жайларда кардарлар үзүлбөйт. Ошого жараша анын түрлөрү да күн санап көбөйүүдө. Маселен, мындан беш жыл мурун Кыргызстанда гамбургер деген тамак пайда болсо, эми чизбургер, чиккен бургер айтор ондогон түрлөрү кошулду. Биз мындай фастфудду сунуштаган жайлардын бирине кайрылып, күнүмдүк кардарларынын санын сурадык:

- Бир күндө беш жүз, алты жүз адам келет. Анын үч жүзү, тактап айтканда жарымынан көбү студенттер. Бир күндө алтымыш-жетимиш килограмм эт сатып алабыз. Бул жактан ошого жараша май, туз, калемпир жана башка нерселерди өзүнүн нормасы менен кошобуз.

Жогорудагы айтылган сандар бир эле тез тамак жасап саткан жайдыкы. Мындай жайлар шаарларда жана шаарчаларда ондоп саналат. "Эгер бат тамактануу чын эле ден соолукка зыян болсо, анда бул маселени кантип чечүүгө болот?" деген суроо менен биз терапевт Гүлзада Оторовага кайрылдык:

- Биринчиден, бардык эле жогорку окуу жайлардын өздөрүнүн ашканасы бар. Ал жерлерде бүт санитардык эпидемиялык режимдери сакталат жана ар ким өзү каалаган тамагын тандап жесе болот. Көчөдөн кургак тамак жеп, аркасынан муздак суу же кола ичип койгонго караганда ысык тамак пайдалуу да. Өзүнүн ден соолугуна убакытты сөзсүз табыш керек. Азыркы учурда тамак ашка акча жок деп коюп, кийим-кечеге, телефондорго, жада калса түнкү клубдарга деле акчасын коротуп жатпайбы. Ошого кеткен акчаны туура тамактанууга коротсо жакшы болмок деп ойлойм.

Акыркы жылдары тамактануучу жайларга кадыресе атаандаш болуп калган тез тамак же англис тилинде фастфуд өндүрүшү алгач Америкада 1920-жылы пайда болгон. Дүйнө жүзүнө жайылган гамбургерлерди “Уайт Кэсл” аттуу компания биринчилерден болуп чыгара баштаган.

Азыр белгилүү “МакДональдс” компаниясы фастфуд индустриясындагы эң ири компания болуп саналат. Салыштырчу болсок, эгер 1956-жылы АКШда “МакДональдс” наамындагы он төрт ресторан болсо, азыр андай ресторандар жүз он тогуз өлкөдө ачылган жана саны отуз миңди түзөт.

“МакДональдстын” өндүрүшү Кыргызстанга жете элек болгону менен гамбургер, шаурма сыяктуу жеңил тамактар жаштардын көңүлүн өзүнө бурдура алды.
XS
SM
MD
LG