Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Топ томолок, ийгилик кимди жылоолойт?


Аргентинанын футболдук курама командасы
Аргентинанын футболдук курама командасы

Эки күндөн кийин Түштүк Африка өлкөсүндө баштала турган дүйнө чемпионатын кыргызстандык күйөрмандар да чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Түштүк Африка өлкөсүндө кызыктуу таймашуулар болоорун боолголоп, чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Кыргыз футбол федерациясын 16 жыл жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде Эл аралык футбол федерациясы Африка континентинде футболдун өнүгүшүн эске алып, дүйнө чемпионатын өткөрүүгө шарт түзүп, колдоого алып жатат.

-Бүткүл дүйнөлүк футбол майрамы башталганы турат. Биз дагы таймашууларды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Акыркы жылдары Африка континентинде футбол өнүгүп, Алжир, Кот-д’Ивуар, Нигерия, Камерун, Гана жана дүйнө чемпионатын уюштуруучу катары Түштүк Африка Республикасы жолдомонун ээлери болушту. Африкада ФИФАнын Конгресси да болот. Мында жетекчилерди кайра шайлоо өткөрүлөт.

Амангелди Муралиев болсо өзү Бразилия менен Испания өлкөлөрүн сүрөөнгө алаарын кошумчалап, аларга күйөрман болоорун билдирди.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев бул жолку дүйнөлүк таймашууда Бразилия, Испания, Англия жана Голландия баш байгеге талапкер болушаарын божомолдоду.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдардын олимпиадалык резерв спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде футбол чемпионаты кайсыл континентте өтсө, ошол аймактагы командалар алдыңкы орундарга ээ болушу ыктымал.

-Африка континентиндеги мыктылары иргелип олтуруп, Алжир, Гана, Камерун, Нигерия, Түштүк Африка жана Кот д,Ивуар өлкөлөрүнүн футболдук 6 командасынын дүйнөлүк таймашууга жолу ачылганы эле бул аймакта футболго өзгөчө көңүл бурулуп жатканына далил. Мурдакы тажрыйба боюнча кайсыл континентте футбол чемпионаты өтсө, ошол аймактагы командалар алдыга чыгып келген. Себеби, Африканын ысык климатында алар гана чыдап, мыкты оюн көрсөтөт деп ойлойм.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын спорттук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде дүйнө чемпионатында Голландия, Германия, Франция, Аргентина, Бразилия жана Африка өлкөлөрүн алдыңкы топко чыгышы ыктымал:

-Дүйнөлүк футболдо "карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү дагы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат. Былтыртан бери Испания менен Голландиянын дагы даярдыгы мыкты. Испания-Европанын чемпиону болуп, табында турган учуру. Кырк жылдан ашуун тыныгуудан кийин Түндүк Корея да жолдомо алды. Алжир, Гана, Камерун, Нигерия жана талаа ээлери да жакшы оюн көрсөтүп, күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратуусу ыктымал. Мезгил өткөн сайын дүйнөлүк футболдун таасири артып, чеберчилик дагы жогорулап баратат.

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулушуп, эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) негиздеген. Ал кездерде футбол оюну олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген.

1921-жылы футбол федерациясынын жетекчилигине (ФИФА) француздук адис Жюль Риме бекитилип, ошондон баштап футбол дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталат.

1928-жылдын 29-майы күнү Амстердамда ФИФАнын кезектеги жыйыны өтүп, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкан жыйын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү футбол боюнча дүйнөлүк кубоктун түзүлүшүн колдоого алышат. Ошол күндөн тартып, футбол дүйнөсүнүн жаңы доору башталат.

Ошентип, 1930-жылы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк таймаш өткөрүүгө Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай өлкөлөрү белсенишет. Акыры ФИФАнын чечими менен биринчи дүйнөлүк чемпионатты Уругвай өлкөсү уюштурууга мүмкүнчүлүк алат.

Анткени, бул Латын Америка өлкөсү 1924-28- жылдары футбол боюнча олимпиадалык оюндарды эки жолу катары менен жеңип, жеңилгис командалардын бири болгон.

Ошондон уламбы, биринчи дүйнөлүк мелдеш 1930-жылы Уругвайда өтүп, финалдык таймашка талаанын кожоюндары Аргентина менен мөрөй талашка чыгат. Жыйынтыгында, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталат.

1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ушул жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизип, спорт күйөрмандары 12 жыл бою футбол боюнча дүйнө чемпионатына күбө боло алышпады.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин ФИФА чемпионатты кайра жандантып, 1950-жылы дүйнө мелдеши Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп ага 1:2 эсебинде уттуруп, Уругвай дүйнөнүн мыктысынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта Тумандуу албиондуктар финалда Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында ар бир өткөн дүйнө биринчилигинде күтүлбөгөн ийгиликтер байма-бай болуп турат.

-Айтсак, 1990-жылы Италияда болуп өткөн мелдештерде дүйнөнү дүңгүрөткөн командалардын тынчын Африка өлкөлөрү алып, чоң маселени жаратышкан. Африканын Камерун командасы Румыния, Колумбия жана эки жолку дүйнө чемпиону Уругвайды утуп, финалдык бөлүктөргө чейин озуп барган. Бирок, жарым финалдык беттешке бир кадам калганда Англия курама командасы камерундуктардын жеңиштик жүрүшүн токтотушкан. Ошентип, Камерун Африка өлкөлөрүнөн тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн футбол боюнча эң мыкты 8 өлкөсүнүн катарынан орун алган. Ал эми андагы финалда Германия Аргентинаны 1:0 эсебинде утуп, экинчи ирет чемпион аталды. Ал эми бул ирет дагы эле Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Англия болушу күтүлөт. Менин пикирим боюнча Африка менен Азиядан баш байгеге талапкер боло албайт. Себеби алардын чемпионаттарынын деңгээли төмөн, чеберчилиги начар.

2002-жылдагы Түштүк Корея менен Жапонияда өткөн чемпионат - футбол тарыхындагы эң кызыктуу чемпионаттын бирине айланды. Анткени, мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, жаңылыктар мол болду.

Бразилия болсо дүйнө чемпиондугун бешинчи ирет багындырып, учурда көч башында жүрөт.

Өткөн жылдын аягында эле быйыл Түштүк Африка республикасында өтө турган футболдон дүйнө чемпионатында мөрөй талашуучу 32 өлкө аныкталган.

Былтыр 4-декабрда Кейптаун шаарында чучукулак кармалып, 8 топко бөлүнгөн атаандаштар кимдер менен ойноору такталган. Футбол күйөрмандарынын эсине дагы бир ирет салып, топко бөлүнгөн командаларды эскерте кетели.

Дүйнө чемпионатынын кожоюну Түштүк Африка республикасы “А” тобунда Мексика, Уругвай жана Франция өлкөлөрүнүн командалары менен мөрөй талашат.

“В” тобундагы атаандаштар Аргентина, Нигерия, Түштүк Корея жана Грекия өлкөлөрү болду.

Англия, АКШ, Алжир жана Словения “С” тобунда күч сынашат.

Чучукулак кармоодо дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия болсо Австралия, Сербия жана Гана мамлекеттеринин футболчулары менен “D” тобуна кошулган.

Ал эми “E” тобундагы атаандаштар Голландия, Дания, Жапония жана Камерундун командалары болушту.

Футболдон дүйнөлүк атак-даңкка 4 ирет жеткен Италия -Парагвай, Жаңы Зеландия жана Словакия өлкөлөрүнө кошулуп “F” тобунда атаандашып, беттешет.

Футбол боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия, Түндүк Корея, Кот-д'Ивуар жана Португалия өлкөлөрү менен “G” тобунда күч сынашмакчы.

“Н” тобундагы атаандаштар Испания, Швейцария, Гондурас жана Чили өлкөлөрүнүн футболчулары болуп саналат.
Ушул сегиз топто биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар чейрек финалдык беттешүүгө укук алышат.

Дүйнө чемпиондугу үчүн беттешүүлөр 2010-жылдын 11-июнунда башталып, 11-июлда жеңүүчү аныкталат.

Биринчи беттешүү 11-июнда кечинде Йоханнесбург шаарында Соккер Сити стадионунда Мексика менен оюн ээси Түштүк Африка республикасынын ортосунда болмокчу.

Дүйнөлүк атак-даңкка бир нече ирет жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия –дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - ( 1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай- дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950).

XS
SM
MD
LG