Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Грузияга сапар


Аба майданы; Википедиадан алынды.
Аба майданы; Википедиадан алынды.

Грузияда жакырчылык тамырын кеңири жайууда, ал жакта эч реформалар болгон эмес деп уккан жок белеңиз?

“Азаттык” үналгысы өзүнүн тарыхында ар дайым чындыкка үндөп, ар кыл пикирлерди билдирүүгө умтулганын эсиме алып, бул жердеги эң биринчи блог макаламды Грузияга болгон сапарыма арнайын дедим.

Алыстан таанышуу

Орусиянын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстанды жамандагандай эле, Грузияга каршы абдан чоң өлчөмдөгү үгүт материалдар чыгып жатты. Жердеш-блоггерибиз Бектур Искендер ушундай үгүттүн эң жөнөкөй түрүн белгилеген.

Ошол эле учурда абдан көп адистердин Грузиядагы экономикалык, полиция жана мамлекеттик башкаруу реформаларынын дүйнөдөгү уникалдуу экендигин да айтып келишти. Кыйрап бүтүп калган өлкө дүркүрөгөн экономикага айланды деп да айтышты.

Бул маалыматтардын бардыгы кичинекей башка батпай, кандай да болсо ушу Грузия менен жакын таанышсам деген кепке келдим. Грузиядагы реформаларга кызыккан кыргызстандыктар ал түгүл Фэйсбукта талкууларды баштаган.

Келдим!

Грузияга келүү үчүн бизден виза сурашпайт. Ал эми паспорттук көзөмөлдөн өтүү, жүктү алып тышка чыгуу мен үчүн болгону 5 мүнөттү алды. Тбилисинин аба майданында кызыл да, жашыл да коридор жок.

Бардыгы ишенимдин негизинде түзүлгөн, ал эми паспорттук көзөмөлдө отурган адамдар бардыгы жылмайуу менен «Грузияга кош келиңиз» деп айтып жатышты.

ИИМдин делегациясы менен.
Коопсуздук

Грузиядагы көчө полициясы эч акча албайт. Акча алгандар катуу жазаланат – ишинен айрылып, түрмөгө кетет. Ал эми полиция болуп иштеген эл тарабынан абдан урматталат, бийлик тарабынан жакшы айлык төлөнүп, социалдык жактан камсыздандырылат.

Акыркы жылдары бир да унааны уурдап кетүү болгон эмес, кылмыш фактылары абдан кыскарган. «Мыйзам ууруларына» (вор в законе) толгон Грузияда азыр бир да уюшкан кылмыш топтору жок калган.

Бул өлкөдө полициянын бекеттери айнектен жасалган имараттарга жайгашууну жактырышат. Себеби бийлик эки пикирди билдиргиси келет: биз элибизге ачыкпыз жана криминалдан коркпойбуз!

Старт!

Грузия биздин өлкөгө көпчүлүк учурда окшош, андыктан ал жакта болуп жаткан жараяндарга көз чаптырып өтүү – биздин өзүбүзгө кандай саясатты, программаны түзөрүбүзгө жардам берсе керек. Ал өлкөгө болгон 10 күндүк сапарыбызды бир блог макала менен жазуу абдан татаал. Бирок бул теманы эгерде чындап эле кызыктуу десеңер, анда төмөндө пикир таштай салгыла :)

"Азаттык:" "Блог дүйнөсү" - азыркы коомдук турмуштун ар кыл өңүттөрүн таразалаган блогдук макалалардын куржуну. Ага өз салымын "Азаттыктын" кабарчылары гана эмес, башка да блогчу замандаштарыбыз кошо алат. Блог үчүн калем акы төлөнбөйт. Блог жазуудагы эреже - интернет барагыбыздын башка рубрикаларындагы жалпы эрежеге негизделген.
XS
SM
MD
LG