Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Г.Султаналиева: Аймактарда нааразылар көп


Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева "Азаттыктын" студиясында
Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева "Азаттыктын" студиясында

“Азаттыктын” суроолоруна Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынан депутат Гүлжамал Султаналиева жооп берди.

- Сиздер жакында Баткен облусун кыдырып келдиңиздер. Ал жактагы элдин жашоо шарты кандай экен? Бийлик менен элдин ортосунда ажырым жок бекен?

Гүлжамал Султаналиева: Биз жалгыз эле Баткен эмес, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Ош, Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда болдук. Акырында Баткенге бардык. Чынында элдин нааразычылыгы бар. Эң биринчи нааразычылык - бул тарифтердин көтөрүлүшү. Нарын облусу гана эмес, тариф боюнча жылуу аймактарда жашагандардын да нааразычылыгы чынында өтө көп экен.

Андан тышкары биз шахтерлордун шаарларында болгондуктан элдин нааразычылыгы, бүгүнкү күндө алардын жана пенсионерлердин акыбалы, булар ушул убакытка чейин эч бир эске алынбаганы жөнүндө болду. Бирок ошого карабастан биз кээ бир шаарларга барганда ошонун жетекчилиги биз менен кошо эл менен жолугуп, элди уюштуруп берип атышты.

Жергиликтүү бийлик эл менен иш аракеттерди жасаганга аракет кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошого карабастан элдин баары ыраазы болбойт, нааразычылыктар бар.

- Ал эми түштүктө чек ара маселеси кандай чечилип жатат? Чек арада ар кандай талаш-тартыштар бар деген маалыматтар бар...

Гүлжамал Султаналиева: Ооба, бул боюнча Баткенде өтө оор кырдаал экенин биз Кадамжайга барганда маселени көтөрүп атышты. Чынында чек ара маселесин эртерээк чечпесек, тургундардын ансыз деле жашоо шарты оор, анан чек ара маселеси да курчуп бараткандай.

- Ал эми 7-апрелде оппозиция жер-жерлерде Элдик курултай өткөргөнү жатпайбы. Ушул тууралуу маалыматтары бар бекен?

Гүлжамал Султаналиева: Чынында биз ошол жөнүндө маалыматты угалган жокпуз. Бир гана Кара-Көл шаарына барганда 2-3 киши гана чыгып, “эгерде акыбалыбыз оңолбосо Элдик курултайды колдойбуз, жетисинде чыгабыз” деген сөздү айтты. Калган жерде мындай сөздү угалган жокмун.

- Жер-жерлерде оппозиция Элдик курултайды өткөрүп атканына сиздин көз карашыңыз кандай? Бул иш-чаралар канчалык элдин колдоосуна алынат деген ойдойсуз?

Гүлжамал Султаналиева: Чынында бул өзү саясаттын өнүгүү жараяны болсо керек, бүгүнкү элдин көтөрүлүп атканына бийлик көңүл буруп, ошого жараша кадамдарга барышы керек. Мына Нарында көтөрүлдү эле, ага анча-мынча жеңилдик маселесин берип койду, бирок ага эл ыраазы болгон жок. Биз демократиялык нукта мамлекетти курабыз деп тандап алгандан кийин элдин нааразычылыгын бүгүнкү бийлик уга да, аны көтөрө да билиш керек.

- Сиздер жер-жерлерде эл менен жолугушканда ошол элдин суроо талаптары канчалык деңгээлде жергиликтүү бийлик, өкмөт тарабынан аткарылып атыптыр? Сиздер көйгөйлүү маселелерди парламентте да айтып атасыздар, ошолор бийлик тарабынан аткарылып атабы?

Гүлжамал Султаналиева: Ошол бардык жерде эле аткарыла бербейт. Элди кыдырганда алар социалдык маселелерди өтө көп көтөрүп атты. Чынында элдин социалдык маселеси чечилмейинче эл саясаттан алыстабайт. Эң биринчи ошол социалдык маселени чечиш керек.

Биз парламентте социалдык маселелерди көтөргөндө бийлик өзү ошону саясатташтырып эле чечпегенге аракет кылган күндөр да бар, бардык эле учурда аткарыла бербейт.

- 1-апрелде ББУнун баш катчысы Пан Ги Мун депутаттар менен жолукту, анда Кыргызстанда адам укуктарын коргоо маселеси коюлду. Дегеле Кыргызстанда адам укуктары кандай?

Гүлжамал Султаналиева: Адам укуктары боюнча биз жылдан жылга артка баратабыз. Аны Пан Ги Мун да үч багытынын бири кылып аныктап кеткени көрсөтүп атат. Эң биирнчиден, бул - сөз эркиндиги, ошондой эле ММКлардын бүгүнкү күндө кээ бир жерлерде кысым көрсөтүлүп аткандыгы, ачык айталбагандыгы. Мындан сырткары эл менен бийликтин ортосундагы ажырым бар, мына ушул жыйынтыкка келип атат. Кыргызстанда адам укугу жылдан жылга артка кетип атат деп ойлойм. Көп жетишкендиктерибизди биз бүгүнкү күнү алдырып коюп атабыз.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG