Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Кыргызстанда чочко тумоосу катталды


24-августта Өкмөт жыйынында өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдикаримов Кыргызстанда чочко тумоосу менен эки жаран ооруп, айыгып чыгышканын билдирди.

Бул маселеге байланыштуу кабарчыбыз Саламаттык сактоо министрлигиндеги эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовго бир катар суроолор менен кайрылдык.

- Зуридин мырза, Кыргызстанда чочко тумоосу катталыптыр, эки киши дарыланып чыкты деген сөз бар. Алар кандай дарыланды, кандай чаралар көрүлүп жатат?

- Бул боюнча эпидемиологиялык изилдөө жүргүзгөнүбүздө биринчи оору киши 10-августтан 14-августка чейин Дубайда болгон экен. Андан Алматыга учуп келип, ал жактан бизге келген. 14-августта оорунун белгиси башталган, андан кийин ошол эле кишинин келинчеги ооруп калды 17де. 18-августта булар ооруканага кайрылышты. 19-августта биздегилер лабораториядан алдын ала чыгарып, анан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна рефренс лабораториясына жана Новосибирскидеги «Вектор» лабораториясына жибердик.

Алардан бүгүн официалдуу түрдө жооп алдык, ушул сасык тумоо А H1N1 деген вирус бөлүнүп чыкты. Булар республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан дарыланып чыкты. Бизде бүгүнкү күндө 8 миңден ашыгыраак кишиге дарылоого Тамфлю деген дары ВОЗдун жардамы менен келген. Андан мурда куш тумоосунун долбоорунун негизинде бир миңден ашыгыраак кишиге жете турган дарыбыз бар болчу. Ошону менен дарыладык, бүгүнкү күндө ден-соолуктары жакшы болуп, ооруканадан үйүнө чыгып кетишти.

- Алар менен байланышта болгон адамдар бар бекен?

- Алты кишини байланышта деп эпидемиологдор аныктама кылдык. Ал алтоосунун тең медициналык кызматкерлер көзөмөл кылып турушат, бүгүнкү күндө алардын ден-соолуктары жакшы, сасык тумоонун белгилери аларда жок.

- Адистер, дарыгерлер, сиздер айрыкча тумоонун күз мезгилинде каттоосу мүмкүн деген коркунуч бар. Буга бизде кандай даярдык болот?

- Азыр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому даярдалып атат. Ошол жерден биринчи биз сасык тумоо башталганда эле өкмөткө кайрылганбыз. Өкмөттө 1 млн. 100 миң дары-дармектер, лабораториялык аныктоого керектүү нерселер, индивидуалдуу коргоо каражаттары деп коет, маскалар, ошого окшогон нерселер эң керектүү деп эсептелет. Андан сырткары биз өзүбүздүн расчетторубузду жасап туруп, мурдагы канатуулар тумоосу деген долбоорго жазып бергенбиз, 4 миллион долларлык нерсе керек деп өкмөттүн атынан, донор уюмдарга жөнөтүлгөн.

- Таммфлюдан 8 миң даана дары жетиштүүбү?

- Азырынча жетиштүү, эгерде массалык түрдө оору таркап кетпесе.

- Калкка кандай эскертүү, же кандай сунуштарды бере аласыздар сактык үчүн?

- Бул факты боюнча айтып атканыбыз, пандемия бүгүнкү күндө 160 өлкөдө таркалып кетип атат. Пандемия деп койгонубуз баардык дүйнө жүзү боюнча таркады. Эмне үчүн болуп атканынын себеби, бул таркалып аткан вирус мурда жаратылышта кездешкен эмес.

Ошондуктан кимге жукса, ооруп калуу мүмкүнчүлүгү 90 пайыздан жогору. Ошон үчүн булар чет өлкөлөрдө болуп атат, азыр биздин өлкөдө эки эле учур катталды. Ошондуктан чет өлкөдө көп болуп жаткан жактарга, айрыкча Европа өлкөлөрүнө ашыкча өтө зарыл жумушу болбосо барбай эле койсо деген кеңеш айтат элек.

Эгерде ал жакта болуп кала турган болсо, кандайдыр бир дени ысып, сасык тумоонун белгилери болуп, чүчкүрүп, жөтөл баштала турган болсо алар тез аранын ичинде медиктерге телефон чалып айтыш керек. Келбеш керек. Тез аранын ичинде медицина кызматкерлери сөзсүз түрдө үйүндө дарылайт, башка адамдарга таркатпасын деген мааниде.

Маска тагыныш керек, башка бирөөлөр, же өзүңүздө болуп калса дагы, айрыкча бүгүнкү күндө чет өлкөдө контакт болгондон кийин ошонун белгиси башталса, сөзсүз түрдө медиктерге кайрылууну суранат элек.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG