Кыргызстанда жүрөк дарттарынан каза болгондордун саны өлкөдөгү жалпы өлүмдүн жарымын түзүп, жылына 18 миң кыргызстандык жаран жүрөк ооруларынан көз жумса, күнүнө жүрөк оорукчан 50 киши өмүр менен кош айтышат. Адам жүрөк дартына кабылып калгандан кийин аны дарылоо, зарыл болсо операциялык үстөлгө жаткыруу – дарыгерлердин пикиринде экинчи маселе. Ал эми жүрөк оорусунун алдын алуудагы биринчи маселе – адамдын айрым эрежелерди сактап, сергек жашашында.
Апта ичинде Бишкектин борбордук аянтында, кардиология жана терапия улуттук борборунда “Жүрөктү сактайлы” аттуу акция өтүүдө. Акциянын жүрүшүндө кайрылган элдин саламаттыгын текшерүү кызматында 30 дарыгер туруп жатат. Акцияны уюштуруучулардын бири, Кыргызстандын ички медицина ассоциациясынын президенти Нурлан Бримкулов белгилегендей, акциянын максаты - элге жүрөк дарттарынын алдын алуу боюнча маалымат берүү:
- Биздин элибиз канча айтсак деле болбой эле, майлуу тамактарга ыкташып, тамеки чегип, ичкиликке жакын болушууда. Салмагы ашык адамдарыбыз да көп. Кан басымдарын текшертип турушпайт. Мына ушул эрежелерди сактоо – профилактика, алдын алуу эмеспи. Акцияны өткөрүү менен биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Жүрөк оорусуна адамды – туура эмес тамактануу, андан келип чыккан ашыкча салмак, тамеки, алкоголь, аз кыймылдуулук, өзүн колго алалбаган кыжалатчылык кириптер кылат.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук борборунун директору Калдарбек Абдраманов тамактануудагы өзгөчө кыргыз элине тиешелүү туура эмес жагдайларды белгиледи:
- Хирургдарга жеткирбей эле жүрөк оорусунун алдын алса болот ар бир адам. Өзгөчө кыргыз эли аш-тойлорду көп өткөрүп, ысырапкерчиликке барышат. Айран-сүт, жер-жемиштерге караганда эт-майларга жакын. Жүрөк ооруларынын алдын алуу чындап келгенде – дарыгерлердин гана колундагы иш эмес. Ага ар бир адам башынан өзү кам көрүшү керек.
Албетте адамда жүрөк дартынын белгилери адеп пайда боло баштагандагы өз учурундагы дарылоо – адамдын бул оорудан айыгышына жардам берет. Бирок тилекке каршы Кыргызстандын Бишкектен башка аймактарында жүрөк дарттарын диагностикалоо, андан ары дарылоо иштери начар. Ага айрыкча аймактарда кардиохирургдардын жана соңку үлгүдөгү техникалык жабдыктардын жетишсиздиги себеп:
- Бишкектеги Кардиология жана терапия, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборлорунда, шаардык №1-ооруканада жүрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо жогорку сапаттуу деңгээлде эле ишке ашып жатат. Ал эми облустарда, райондордо абал абдан эле начар. Ал жактагы ооруканаларга – рентген аппараттарын, УЗИ жабдыктарын, компьютердик тамографты жеткирүү зарыл. Бирок баарыңыздар билесиздер, мындай каражаттарды бөлүүгө Кыргызстандын экономикасы начар.
Дарыгерлердин пикиринде, Бишкектеги Кардиология жана терапия улуттук борборун, Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтун кеңейтип, ал эми аймактардын борборлоруна аталган институттардын филиалдарын ачуу зарыл.