30-мартта Мамлекеттик тарых музейинде ачылганы жаткан “Медициналык жабдыктар-2010” эл аралык жарманкесине дүйнөлүк соңку үлгүдөгү жаңы медициналык-техникалык жабдыктар жана шаймандар коюлуп, жаңы жетишкендиктер жарыяланат.
Алдыдагы жарманке боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматов жооп берди:
- Аталган көргөзмөгө чет өлкөлүк көп компаниялар катышабыз деп жатат. Медициналык техникадагы жаңылыктарды жарыялоо үчүн атайын семинардык окуулар өтөт. Окуулар 30-марттан 2-апрелге чейин өтөт.
"Азаттык": Эми бул техникалык каражаттар сатыкка коюлабы?
- Ооба, сатыкка коюлат. Техниканы чыгарган компаниялар менен дарылоо мекемелери келишимдерди түзүшөт.
"Азаттык": Көргөзмөдө эми кандай маанилүү жабдыктар болушу мүмкүн?
- Албетте, бул жерде жаңы жабдыктардын жаңы үлгүлөрү алып келинет. Мисалы, эндоскопиялык-хирургиялык аппараттар. Рентген аппараттардын, УЗИ жабдыктардын, кан айландыруучу жаңы аппараттардын, плазмафарездин жаңы үлгүлөрү коюлат. Жаңы жетишкендиктер талкууланат.
"Азаттык": Жабдыктар Европадан, Америкадан келеби?
- Келет. Мурунку көргөзмөдө дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн жабдыктар коюлган болчу. Эми андан көп өлкөдөн келет го.
АКШдан гуманитардык жардам келатат
Кыргыз травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору Сабырбек Жумабеков ушул жылдын февраль айында АКШнын Чикаго шаарында болуп, Ортопедиялык борборго Кыргызстандагы бел-омуртка, сөөк-муун мүчөлөрүнөн ооруган адамдарга зарыл болгон медициналык шаймандардын тизмесин калтырып келген болчу.
Булар жакын арада Кыргызстанга келерин жана алдыда дагы америкалык ортопеддер менен алакалар чыңдаларын маалымдады Сабырбек Жумабеков:
- Бизге керектүү нерсенин баарын жазып калтырып келдим. Алардын баары менин артыман жүк менен келатат. Булар эми чоң гуманитардык жардам болмокчу.
"Азаттык": Токтогулдан келген бир кичинекей кызыбыз бар эле, ал кызыбыздын абалы кандай?
- Ал кызыбыздын операциясына спонсорлор жарытылуу чыкпай жатат. Себеби биз операцияга зарыл болгон жабдыкты Севастополдогу аскер заводуна заказ кылышыбыз керек. Бирок үмүтүбүз өчпөйт. Өзүм да издеп жатам колдоочуларды. Жайында операцияны жасайбыз го.
"Азаттык": Аты-жөнү кандай эле ал кызыбыздын, тактап айтып коесузбу?
- Аты Таңсулуу. 14 жашта. Бою 89 см.
"Азаттык": Операция баасы канча болушу мүмкүн?
- Биз Севастополго заказ кылдык. Эки кашка жиликке салыш үчүн эки аппарат алышыбыз керек. Эми кыздын бою ошондо сөөктүн ичинен узартылат. Бул Елизаровдун ыкмасында эмес. Бул эки аппараттын ар бири 5 миң доллардан турат.
Аллергияга чалдыккандардын саны өсүүдө
Аллергия - аллергендерге, башкача айтканда айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга адамдын организминде дүүлүгүүнү пайда кылат. Аллергия айрыкча жаз мезгилинде күчөйт. Акыркы жылдары бул дартка чалдыккандардын саны өсүүдө. Себеби, адистердин айтуусунда, экологиянын бузулуусу жана курамында химиялык заттар бар тамак-аштар менен азыктануу бул дарттын келип чыгуусун шарттайт. Ал эми аллергиянын күчөгөн түрү коркунучтуу астма оорусуна алып келет.
Аллергия – бул адамдын иммундук системасын козгой турган абдан кеңири таралган оорулардын бири. Айрыкча жаз мезгилинде эрте гүлдөгөн чөптөргө жана дарактарга аллергия менен жапа чеккендерде оору күч алат.
Учурда белгилүү бир өсүмдүктөргө, же тамак-ашка жана дары-дармектерге аллергия болуп ооруканага кайрылгандар көп. Ошондой эле бул дарт тукум кууйт. Эгер баланын атасы же энесинде аллергия болсо, анда балада да аллергияга кабылуу коркунучу бар.
Аллерголог дарыгер Эсенжан Мокееванын айтуусунда, кош бойлуу айымдар аллергия чакырчу жемиштерди көп колдонсо, наристе да аллергия дартына чалдыгып калуу коркунучу бар:
- Кош бойлуу аял шоколад, апельсин, мандаринди көп жесе, ичиндеги баланын иммундук системасына таасир этип, төрөлгөндөн кийин аллергия оорусу да пайда болот.
Чыгыш медицинасында көп жылдардан бери иштеп келе жаткан адис Айнура Омокеева болсо бул дартты алдын алууда адам жаш кезинен иммундук системасын чыңоо керек дейт:
- Аллергия деген эмне?Биринчиден, адамдын организмде цинктин жетишсиздигинен улам аллергия келип чыгат. Адамдын иммундук системасы өсүмдүктөрдүн чаңчаларын, же үйдөгү чаңды терс кабыл алганда бул дарт пайда болот. Аллергия болгон адам чүчкүрүп, көзүнөн жаш агып, денеси кычыша баштайт. Мындай көрүнүштү алдын алууда биз иммундук системабызды жаштайыбыздан чыңообуз керек.
Аллергиянын белгиси сасык тумоо оорусуна окшош болгондуктан көпчүлүк адамдар аны бул оору менен алмаштырышат. Учурунда адистерге кайрылбагандарда аллергия күчөп кетет. Бишкек шаарынын тургуну Нуржигит аллергияга кабылганына көп болгон. Анын айтымында, жазында оору күч алат. Учурда ал аллерголог дарыгерге кайрылып, анализ тапшырууда:
- Мен көптөн бери аллергия болуп жүрөм, өзгөчө жаз мезгилинде күчөйт.
"Сезим" аллергиялык борборунун башкы дарыгери Гүлнара Давлеталиева алергияны аныктоо жолдоруна мындайча токтолот:
- Туура диагноз коюш үчүн ошол аллергиянын оорунун баянын сураштырабыз. Андан кийин терини текшерип аныктоо кылабыз. Бул аябай эле оңой, жыйынтыгы да 20 мүнөттөн кийин чыгат. Теринин үстүнө аллергендер тамызылат. Эгерде аллергиясы бар болсо ошол тытылган тери шишип дароо көрүнөт.
Аллергияга бир жолу кабылгандар өз учурунда дарыланбаса, калган өмүрүндө да жапа чегеши мүмкүн. Ал эми бул дарт өтүшүп кеткен учурда эң оор, коркунучтуу астма дартына айланып кетүү коркунучу бар, дейт Гүлнара Давлеталиева:
- Бир чөпкө пайда болсо, андан кийинки жылы дагы бир чөпкө жана чаңга аллергия пайда болсо, анда кышы да, жайы да кыйнаган ооруга айланып кетет. Эң жаман түрү бул - бронхиалдык астма.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Нурлан Бримкулов астмага кабылгандар сөзсүз адистердин көзөмөлүндө болуусу зарыл дейт:
- Аллергия – тукум кууган оору. Мындан тышкары иммундук системасы төмөндөп кеткен адамдар бул ооруга кабылышы мүмкүн. Акыркы кезде экологиянын таза болбогонунан улам да бул дартка кабылгандардын саны өсүп жатат. Оору күчөгөндө катуу жөтөлгө айланып, адамдын деми кыстыга баштайт да, анан коркунучтуу астма оорусуна айланып кетүү корунучу бар. Ал эми астмага кабылгандар сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. Учурунда дарыланбай, ооруну көзөмөлдөбөсө адам өмүрүнө коркунуч жаралат. Астманы алдын алууда эң негизгиси - баланы жаш кезинен туура тамактанууга, таза абада жүрүүгө жана дене тарбияга үйрөтүү керек. Мындай учурда албетте бул ооруга кабылгандардын саны азыраак болот деген ойдомун.