Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Ыңкылапта жаракат алгандардын айрымдары Убактылуу өкмөткө нааразы


Убактылуу өкмөт төрайымы 7-апрелдеги кагылышта жаракат алгандардын абалы менен таанышууда. 9-апрель, Бишкек.
Убактылуу өкмөт төрайымы 7-апрелдеги кагылышта жаракат алгандардын абалы менен таанышууда. 9-апрель, Бишкек.

7-апрелдеги кандуу кагылышта оор жаракат алгандардын бир тобу дале ооруканадан чыга элек. Алардын айрымдары Убактылуу өкмөт убада кылган жардамдын бирин да албаганын, бийлик тараптан көнүл бурулбай калганын айтышууда.

“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров, кыймылдын мүчөлөрү Гүлай Кыдырова, Алмагүл Жылкыбаевалар Сабырбек Жумабеков жетектеген Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жамааты менен жолугушуп, оорулуулардын ал-жайын сурашты. Өндүрүш Токтонасыров борбордун дарыгерлеринин эмгегин жогору баалады:

- 7-8-апрель күндөрү өзгөчө Улуттук травматология жана ортопедия борборуна жаракат алгандар биринин артынан бири болуп, көп түшүп жатышты. Дарыгерлер тыным билбей, уйку көрбөй иштеп жатышпадыбы. Канчалаган адамдардын өмүрүн, саламаттыгын сактап калышпадыбы. Андыктан биздин кыймыл борбордун дарыгерлерине атайын алкыш айталы дедик.

7-8-апрель күндөрү Улуттук травматология жана ортопедия борборуна сөөктөрүнөн жаракат алган 200гө жакын адам келип түшкөн. Алардын көпчүлүгүнүн ок тийип жаракат алган сөөктөрүнө ушул кезге чейин эки жолу этаптык операция жасалды.
Ушунча убакыттан бери бизге дурустап көңүл бурган адам болбоду бийликтен. Биз төшүбүздү тосуп бийликти алып бердик, булар барып отуруп калышты. Эми биздин керегибиз жокпу? Теледен, радиодон айтып эле жатышат, “мындай жардам бердик, тигиндей жардам бердик” дешип. Кана бизге жардам бергени?

Бутуна ок тийген Самыйбек Кыдырмышевге да эки жолу операция жасалды.

- Ооба, мага да эки жолу операция жасалды. Палатада мен эле калдым азыр. Таш-Төбөгө кетишти баары. Сөөктөгү эт жакшы бүтпөй жатат. Дарыгерлерге абдан ыраазымын. Жакшы карап жатышат.

Үч баланын атасы Самыйбек Кыдырмышев ушул кезге чейин Убактылуу өкмөттөн, же бир коомдук уюмдан материалдык колдоо - компенсация ала элек. Самыйбек мырза бир чети Убактылуу өкмөткө капа да болуп кетти:

- Дагы канча жатам ким билет. Бала-чакам бар. Өзүм айдоочу болуп иштечүмүн. Компенсация беребиз дешти эле, телефон чалсак, “бияка баргыла, тияка баргыла” дешет, үйдөгүлөр барышса, дагы бир жакка жумшашат, деги ушунча убакыттан бери бизге дурустап көңүл бурган адам болбоду бийликтен. Биз төшүбүздү тосуп бийликти алып бердик, булар барып отуруп калышты. Эми биздин керегибиз жокпу? Теледен, радиодон айтып эле жатышат, “мындай жардам бердик, тигиндей жардам бердик” дешип. Кана бизге жардам беришкени? Мага окшоп жардам алалбай жүргөндөр көп.

Учурда аталган борбордо 7 оорулуу калды. Борбордо жатып дарыланган оорулуулар Таш-Төбөдөгү калыбына келтирүү борборунда дарыланууну улантышууда.

Борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, сөөктөрүнө ок тийип жаракат алган оорулуулардын көпчүлүгүнө алдыда дагы этаптык операциялар жасалат:

- Биз бул оорулууларыбызды убактылуу эле чыгарып жатабыз. Буларга этаптык эки жолку операцияны жасап бүттүк. Аппараттар менен талкаланган сөөктөрдү чогулттук. "Кызыл чырым" коому бизге Швейцариядан “Hovman-2” аппаратын алууга чоң жардам берди. Анан Америкадан да көп сандаган жабдыктар келди. Биз ошолордун жардамы менен оорулууларыбызга жардам көрсөтө алдык. Бул кишилер эми көп убакытка чейин биздин көзөмөлдө болот.

XS
SM
MD
LG