Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Жалал-Абатта күйдүргү баш көтөрдү


Күйдүргү оорусу адамдарга мал сойгон учурда жугат
Күйдүргү оорусу адамдарга мал сойгон учурда жугат

Жалал-Абат облусунда жети киши күйдүргү дартына чалдыкты. Дарыгерлердин айтымында, аларга жугуштуу дарт мал аркылуу жуккан.

Соңку бир аптадан бери өлкөнүн өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматы облустун Сузак жана Аксы райондорунда күйдүргү дартына күмөндөлгөн кишилер бар экенин байма- бай кабарлоодо. Тармактык министрликтин облустагы башкармасына 4-августта Аксы райондук санитардык көзөмөл борборунан Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү бир нече айыл-кыштактардын 18 тургуну аймактык ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат жиберген.

Башкармалыктын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Абдрахмановдун айтымында, оору чыккан Токтогул айлындагы фельдшердик-акушердик бөлүмдө штаб уюштурулуп, дарыгерлердин 25 адамдан турган тобу калк арасында түшүндүрүү иштери менен алек:

-Азыркы күндө Аксы району боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө жашаган 18 адам күйдүргү оорусу менен күмөндөлүп, алардын анализи чыкты азыркы күндө. Лабораториялык изилдөөлөр боюнча 5 адамга тери жара формасы деп диагноз коюлган.

Ушу тапта Аксы районундагы ооруканада күйдүргү дарты аныкталган беш адам дарыланууда. Алардын өмүрүнө коркунуч келтирчү белгилер жок жана жакынкы үч-төрт күндө сыркоолор ооруканадан айыгып чыгышат. Оорукананын деректири Манап Кулбаев өзгөчө кырдаал министрлиги кесел жуккандардын санын көбөйтүп жазып салганын жана жогоруда айтылгандай күйдүргү жукту деп шектелген он үч адам ооруканага түшпөгөндүгүн билдирди:

-Бул туура эмес маалымат. 5 адам ооруканада жатат, алар дарыланышуда, азыр жакшы болуп калды, 3-4 күндөн кийин чыгат.

Облуска санитардык жактан көзөмөл жүргүзгөн Жалал-Абат шаардык санитардык – эпидемия борбору жетекчисинин иш сапарында жүргөндүгүнөн улам күйдүргү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Борбордун башкы дарыгеринин орунбасары Дүйшөбек Жумуков облус аймагында Сибирь жарасынын очоктору 350дөн ашык экендигин, анын көбү аныкталбай келатканын билдирүү менен жаратылыш кырсыктары да оорунун чыгуусуна өбөлгө түзүп жаткандыгын күбөгө тартты:

-Такталбай калган көп жерде. Жайлоодо жүргөңдөр, бетондоп көмүлбөй калгандыр илгерки убакта. Анан жер титирөө, жер көчкү, нөшөрлөгөн жамгыр жаап атат, анан көмүлгөн эски очоктору ачылып калып, ошондон күйдүргү пайда болушу мүмкүн.


Обулустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө Сузак районундагы Алмалуу жана Талдуу-Булак айылынан жаткырылган эки адамдын күйдүргүнүн тери түрүнө чалдыкканы аныкталды. Бөлүм башчы Гүлнара Жээналиева алар уй-кой сойгондо ооруну жуктурганын кошумчалады:

-Экөөнүн тең дарты аныкталды. Келгенде акыбалдары оор болчу, көңүлү айнып, тамак ичпей, колдору-беттери шишип оор абалда келишти эле. Азыр экөөнүн тең абалы аябай жакшы бүгүнкү күндө. Дарылангандан кийин ысытмалары түшүп, аппетиттери ачылып, шишиктери кайтып, жаранын ордунда азыр карттар гана калды. Бейтаптардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Бирөө кой, бири үйүндө уй сойгон, экинчи бейтап ага катышкан.

Өз атын айтуудан тартынып, бөлүмдө дарыланып жаткан ооорулулардын бири дары-дармектин кымбаттыгынан улам жарандар үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдетпей келаткандыгын билдирди:

-Кошуналар кой сойгон. Мен кармашып койдум эле, ошондо жуккан экен. Кичине учу кызарып томпоюп калган, анан сыгып койсом жара болуп кетти. Малдарын төлдөтүп турса жакшы болот эле. Кичине пулун кызганып төлдөтпөй койгондон ушундай болуп атат.

Эскертчү жагдай, Жалал-Абат облусунда соңку жылдары кишилер жана жаныбарлар арасында күйдүргү оорусу көп кайталанууда. Өткөн жылы аталган оорудан бир киши көз жумган, отузга жакынынан кесел аныкталган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG