Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Эркектер саламаттыгы коркунучта


Саламаттык сактоо министрлиги 22-июндан тарта Кыргызстан боюнча “Эркектердин ден соолугу” жумалыгын жарыялады. Акциянын алкагында эркектер апта бою медициналык текшерүүдөн акысыз өтүп, акысыз кеп-кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ушундай аракеттердин негизинде Саламаттык сактоо министрлиги ансыз да орточо өмүрү 64 жашты түзүп калган кыргызстандык эркектердин урологиялык жактан саламаттыгын аныктоону уят сезген өнөкөттү жоюу аракетин көрүүдө.

Бишкектеги республикалык госпиталдын урология бөлүмүнө акысыз текшерүүгө Нарындан келген Бакыт эмне үчүндүр башка көрүнгөнү келгендерден айырмаланып журналисттерден тартынбай жооп берип жатты:

- Эми оорубасам деле бир текшерүүдөн өтүп койсом жакшы болот деп ойлойм. Эгер ден соолугум начар болуп калса анда дарыланам.

Бакыт болгону өзүнүн урологиялык жактан ден соолугун толук текшерүүдөн өткөргөнү жатат. Саламаттык сактоо министрлиги да беш жылдан бери Кыргызстан эркектеринен суранганы эле ушул болчу :

- Өз убагында профилактикалык иштерди жүргүзүү, дарылоо - дейт cаламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Эркектер жумалыгын өткөрүү демилгеси 2002-жылы “Эркектердин саламаттыгы жана гендери” эл аралык коому тарабынан көтөрүлгөн. Ал эми бул иш чара КМШ өлкөлөрү боюнча жападан жалгыз Кыргызстанда гана өткөрүлүп келет.

Өлкөнүн башкы урологу Акылбек Усупбековдун пикиринде биз эркектердин саламаттыгын түзүктөө менен үй бүлө курууну, экономиканы кошо көтөрө алабыз:

- Кыргыздарда менталитет башка. Эч качан биздин эркектер өз ден соолугуна карабайт. Жада калса өзүнүн оорусу тууралуу аялына да бир туугандарына да айтпайт. Акыркы жылдары кээ бир аялдар өз күйөөлөрүн жетелеп келген учурлар катталып жатат. Ошон үчүн бул иш чаранын дагы бир жагы, биз эркектерди өзүнүн ден соолугуна болгон мамилесин өзгөртүү. Эгер эркек өзүнүн саламаттыгына көнүл бурса, биринчиден өзүнө жакшы, экинчиден үй-бүлөсүнө, акырында мамлекетке да пайда алып келет. Анткени ден соолугу чың эркектин мээси да жакшы иштейт, жумушуна да көңүлү бар, айланып келип биздин экономика алга жылмак.

2008-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда эркектердин саламаттыгы боюнча ооруканаларга 225 миң 870 адам кайрылган.
"Эркектердин ден соолугу" жумалыгы башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG