Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

25-январь: Тарых барактары


Президент Аскар Акаев оппозициянын 2-февралдагы референдумга каршы штаб куруу аракетин «ач кыйкырык, куу сүрөөн» деп баалаган.
Президент Аскар Акаев оппозициянын 2-февралдагы референдумга каршы штаб куруу аракетин «ач кыйкырык, куу сүрөөн» деп баалаган.

Энесайлык кыргыз улуктары - Иженей менен Медечиндер 1657-жылдын 25-январында шаар этегиндеги татарлар Кубайка жана Акбрункону Красноярск воеводасы М. Скрябинге жиберишкен.

Энесайлык кыргыз улуктары - Иженей менен Медечиндер 1657-жылдын 25-январында шаар этегиндеги татарлар Кубайка жана Акбрункону Красноярск воеводасы М. Скрябинге жиберишкен. Кыргыз улуктары монгол алтынхандарынын өкүмдары Ложан Красноярскиден 4 күндүк аралыкта жайгашкандыгын жана анын ою бузук экендигин билдиришкен. Алардын кабарлоосуна караганда, Ложан баштаган алтынхандар Красноярскиге кол салуу камын көрө башташкан. Кыргыздар болсо монголдордун адам саны арбындыгынан улам, аларга каршы күрөшүүгө батынбай тургандыгын эскертишкен.

Түркстан Коммунисттик партиясынын V Чөлкөмүк конференциясынын иши 1918-жылдын 26-январында соңуна чыккан.

Кыргыз областык ВКП (б) бешинчи конференциясы 1929-жылдын 25-январында ишин аяктаган. Конференция он күнгө уланып, анын ишине 6000 чамалуу коммунист катышкан. Партиялык жыйында текшерүү комиссиясынын отчету угулуп, кооперацияны куруу, кедейлер менен иш алып баруу, аялдарга азаттык берүү маселелери талкууга алынган. Партиялык уюмдарда жумушчу жана батрактардын саны жетишсиз деп аныкталып, алардын санын 50% жеткирүү жана партия уюмдарынан тап душмандарынын санын азайтуу, бюрократташкан элементтер менен аёсуз күрөш жүргүзүү чаралары белгиленген.

«Ар намыс», «Ата Мекен», «ЭрК», «Эркиндик», «Асаба», «Республика», «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиялары менен «Демократия жана граждандык коом үчүн» бейөкмөт бирикмесинин 80 чамалуу өкүлү 2003-жылдын 25-январында Бишкек шаарында III Элдик курултай өткөрүшкөн. Курултайда 2-февралга белгиленген Конституциялык өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү колдобоо жана шайлоо учаскаларына байкоочуларды жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Президент Аскар Акаев оппозициянын 2-февралдагы референдумга каршы штаб куруу аракетин «ач кыйкырык, куу сүрөөн» деп баалаган.

Рим сенаты 41-жылдын 25-январында киши колдуу өлтүрүлгөн Калигуланын ордуна анын тууганы Клавдийди император деп жарыялаган.

Император Петр I 1701-жылдын 25-январында Россиядагы биринчи аскер окуу жайын негиздеген. Аскер окуу жайы Навигациялык мектеп деп аталып, кийин анын негизинде Деңиз корпусу, андан соң М.В. Фрунзе атындагы Жогорку Аскер-деңиз окуу жайы курулган.

Москва Университети М.В. Ломоносов жана граф И.И. Шуваловдун демилгесине ылайык, 1755-жылдын 25-январь күнү уюшулган. Адегенде университетте юридикалык, философия жана медициналык факультеттер гана болгон.

Император Александр I 1808-жылдын 25-январында орус армиясы үчүн эполеттерди киргизген. Эполеттердин кабыл алынышы Наполеондун жеңишчил армиясын туурагандан пайда болгон. Эполеттер башында офицерлерге жакан эмес. Мындан улам алар: «Наполеон эми ар бир офицердин ийнинде отурат», деп кыжырданышкан.

Айтылуу ойлоп тапкыч Александр Белль 1915-жылдын 25-январында биринчи жолу трансамерикалык телефон байланыш өткөргөн.

Бүткүл Россиялык Советтердин III съезди 1918-жылдын 25-январында Совет мамлекетиндеги биринчи конституциялык чечим кабыл алган. Россия мамлекети Совет Республикасы деп өзгөртүлүп, «Эмгекчилердин Декларациясы жана эзилген калктын укугу» деген Декларация кабыл алынган.

Франциянын Шамони шаарында 1924-жылдын 25-январында биринчи кышкы Олимпиадалык оюндар башталган. Олимпиадалык оюндарга 18 өлкөнүн спортсмендери катышкан.

Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы советтик аскерлердин ири жеңиши 1943-жылдын 25-январь күнкү Воронеж шаарын фашисттик аскерлерден бошотуусу эсептелинет.

СССР Жогорку Кеңешинин Президиуму 1955-жылдын 25-январында «СССР менен Германия ортосундагы согуштук абалдын токтотулушу туурасында» жардык кабыл алган.

Мордова Советтик Социалистик Республикасы 1990-жылдын 25-январында Республика Мордовия болуп өзгөртүлгөн.
XS
SM
MD
LG