Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

28-февраль: Тарых барактары


Ханой - Бээжин - Москва - Берлин темир жол багыты 1955-жылдын 28-февралында салтанат менен ачылган.
Ханой - Бээжин - Москва - Берлин темир жол багыты 1955-жылдын 28-февралында салтанат менен ачылган.

Жетисуу облус башкармалыгы 1898-жылдын 28-февралында Пишпек уезддик башчысына кат жолдогон. Башкармалык кат менен бирге Шабдан Жантаевдин империяга сиңирген эмгегин баалаган эки күмүш медалды жөнөткөн.

Күмүш медалдар менен бирге салынган ленталар Пишпек уездинде жашаган Аскер милициясынын старшинасы Шабдан Баатырдын 1853-1895-жылдарды кучагына алган Орто Азия аймагындагы жүрүштөргө активдүү катышкандыгы үчүн берилгендиги белгиленген.

Ош уезддик-шаардык партиянын
жыйыны 1920-жылдын 28-февралында өткөн. Жыйын чечими менен уезддик жана шаардык партия комитети уюшулган.

Кыргыз мамлекетин түптөөгө активдүү катышкан белгилүү коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыковдун саясий ишмердиги анын керт башына залака тийгизген. Бийлик үчүн жүргөн күрөштө анын саясий атаандаштары ыплас ыкма колдонуп, Абдыкерим Сыдыковдун бай-манаптык тегин көтөрүп чыгышкан. Мындан тышкары ага «Туран», «Алаш ордо» партиясынын өкүлү деген жалаа жабылып, акыры 1934-жылдын 28-февралында А. Сыдыковго «антисоветтик ишмердиги» үчүн кине коюлуп, камакка алынган.

Борбор шаардын кинотеатрлары 1947-жылдын 28-февралында «Советтик Кыргызстан» аттуу даректүү тасманы койо башташкан. Даректүү тасманы Аалы Токомбаев менен Михаил Слуцкий тартып, анда кыргызстандык Кийизбаева, Шопокова, Асанов сыяктуу каармандар «большевиктик партия менен улуу Сталиндин» саясатын даңкташкан.

Жети Суудагы совет бийлигин курууга активдүү катышкан Рудолф Маречек 1883-жылдын 28-февралында жарык дүйнөгө келген. Рудолфтун атасы темир устачылык менен кесип кылып, баласынын татыктуу билим алышына аракет жасаган.

Ал 1907-жылы Венадага кесипчилик окуу жайын бүтүп, аз убакытка жыгач устачы болуп эмгектенген. Р.Маречек 1909-жылы Орусияга келип, революциялык кыймылга аралашып, Жети Суудагы большевиктик бийликтин орношуна активдүү катышып, 1917-жылдан тарта Верный шаарында иштей баштаган. Кийин Пржевальск шааркомунун төрагалыгына көрсөтүлүп, ал 1918-1920-жж. Кызыл Армия бөлүгүндөгү саясий комиссарлык кызматты аркалаган. Рудолф Маречек «Новая эра» аттуу коммунаны, башкача айтканда азыркы Түп районун негиздеген.

Испан конкистадору Кортес 1525-жылдын 28-февралында ацтектердин акыркы өкүмдары Куантемокону жазага тарткан.

Орусиядагы биринчи аскер окуу жайы эсептелген Кадеттик корпус 1732-жылдын 28-февраль күнү Петербургдагы Меншиковдордун имаратында ачылган.

Орусия менен Британия 1825-жылдын 28-февралында Аляска менен Канада ортосундагы чек араны аныктаган келишимге жетишкен.

Финдердин айтылуу «Калевала» эпосунун биринчи басма жыйнагы 1835-жылдын 28-февраль күнү жарык көргөн. Жыйнактын өзөгүн элдик эпикалык аткаруулар түзүп, аны Элиас Лённрот (1802—1884) иштеп чыккан. «Калевала» аталышын эпоско ыроологон Элиас Лённрот аны финдик каармандар жашаган эпикалык өлкөнүн атынан алган. Мында «ла» суффикси жер түшүнүгүн туюнтса, ал эми Калевала болсо мифологиялык каармандардын бабасы Калев жашаган аймак маанисин түшүндүрөт.

Висконсин штатындагы Райпон шаарында 1854-жылдын 28-февраль күнү Америка Кошмо Штаттарынын Республикалык партиясы уюшулган. Калк арасында аны Grand Old Party (GOP) «Улуу эски партия» деп атаган экинчи аталышы бар. Партиянын расмий символу күч кубатты аныктаган - пил жана бейрасмий түсү - кызыл эсептелинет.

Республикалык партия башында түндүктүк өнөр жайчылардын кызыкчылыгын көздөгөн жана кулчулукту жактаган түштүктүк демократиялык партияга каршы курулган.

Кронштадттагы моряктардын козголоңу 1921-жылдын 28-февралында башталган. Козголоң Совет бийлигинин башталгыч жылдарында өкүм сүргөн жарандык согуш жана ачкачылык айынан чыккан. Кронштадт козголоңу тамак-аш жыйноо компаниясынын токтотушун тездетип, жаңы экономикалык саясаттын (НЭП) кабыл алынышына жол ачкан.

Америкалык химик Уоллес Карозерс 1935-жылдын 28-февралында биринчи жолу нейлонду синтездеген.

Генерал Франконун армиясы 1939-жылдын 28-февраль күнү Мадридди басып алган.

Советтик акча бирдиги эсептелген рубль 1950-жылдын 28-февралында АКШ доллары эмес, алтын курсу менен аныктала баштаган.

Ханой - Бээжин - Москва - Берлин темир жол багыты 1955-жылдын 28-февралында салтанат менен ачылган.

Бүткүл Союздук сүрөтчүлөрдүн I съезди 1957-жылдын 28-февралында Москва шаарында ишин баштаган.

ШвециянынPalme премьер-министри Улоф Палмеге 1986-жылдын 28-февраль күнү кол салынган. Улоф Палме Стокгольм шаарынын Свеавэген борбордук көчөсүндө зайыбы Лисбет менен «Гранд» кинотеатрынан үйүнө келе жатканда жалгыз эркек аларга жакындап, тапанчадан ок чыгарган. Швеция лидер социал-демократиялык партиясынын лидери, премьер-министр Улоф Палме 59 жашында киши колдуу болгон.
XS
SM
MD
LG