Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

1-март: Тарых барактары


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Энесайлык кыргыздар XVII кылымдын экинчи жарымында бир тарабынан жунгар, экинчи жагынан монгол алтын хандарынын саясий жана согуштук атаандашуусунун ортосунда калган. Еренак баштаган кыргыздар бул убакта жунгарларга баш ийгенине байланыштуу алар менен биригип, монголдорго каршы күрөшкөн.

Алаамат согуш азганакай кыргыздарды демографиялык кыргынга эле кириптер кылбастан, алардын мал-мүлкүнүн таланып-тонолушуна алып келди. Монголдор менен болгон согуштун биринде Еренак шейит учкан. Кузненцк воеводасына кыргыз туткуну Мойнак Елеев кайгылуу окуя туурасында 1688-жылдын 1-мартында кабарлаган. Анын айтымында, Чолушман үчүн салгылашта Еренак жана анын уулу каза тапкан. Алар менен кошо 300 чамалуу жоокердин денеси согуш талаасында калган.

Кыргыз облустук III партиялык конференциясынын иши 1927-жылдын 1-мартында башталган. Конференцияда партиялык кадрларды даярдоонун мектеби саналган комсомолдун иши жана аялдар арасында үгүт жумушунун аткарылыш маселелери талкууланган. Мындан тышкары партия жетекчилери Кыргызстандын чарбалык уюушулушу туурасында пикир алмашышкан.

Кыргыз АССР Башкы сотунун көчмө сессиясы 1931-жылдын бул күндөрү «Нарындагы социализм курулушунда орун алган өксүктүктөрдү» териштирген. Нарындагы курулуш тармагында эмгектенген жумушчулар Ат-Башыда салынчу көпүрө, Нарындагы клуб жана Кочкордо курулчу үч мектеп, ооруканага деп бөлүнгөн курулуш материалдарын катып, социалисттик менчикке доо кетиришкен.

Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында биринчи полиграфтрест 1932-жылдын 1-мартында уюшулган. Буга чейин өз алдынча иштеп келген төрт типография бириктирилип, алардын башын кошкон бир өндүрүмдүү ишкана ишке киришкен.

Кыргызстан республикалык искусство кызматкерлеринин биринчи кеңешмеси 1948-жылдын 1-мартында ишин баштаган. Республикалык искусство кызматкерлери советтик адамдардын ажайып сулуулукка болгон табитин арттырып, искусство мекемелерин уюштуруу сыяктуу маселелерди талкуулашкан.

Рим полководеци Сулла б.з.ч. 86-жылдын 1-мартында Афинаны басып алып, шаарды аскерлерине талоонго берген.

Москва шаары 1325-жылдын 1-март күнү Русь мамлекетинин чиркөө борборуна айланган. Москва князы Иван Калита митрополит Петрду чиркөө резиденциясын Владимирден Москва шаарына көчүрүүгө ынандырган.

Англиянын королу Эдуард III 1360-жылдын 1-мартында француз туткунунан 19 жаштагы Жеффри Чосерди 16 фунтка сатып алган. Башында ал королдун кол астында иштеп, кийин Жеффри Чосер Англиянын атактуу акынына айланган.

Франциянын борбору Париж шаарында салык жыйноочулар 1382-жылдын 1-март күнү текши сабалган.

Рим папасы Мартин V 1420-жылдын 1-мартында чехтик гуситтерге каршы крестүү жортуул уюштуруу чакырыгы менен христиандарга кайрылган.

Иван Фёдоровдун «Апостол» аттуу биринчи орус басма китеби 1564-жылдын 1-март күнү Москва шаарында жарык көргөн.

Бразилиядагы португалдык Рио-де-Жанейро колониясы 1565-жылдын 1-мартында негизделген.

Испания королу Карл III 1767-жылдын 1-март күнү иезуиттер орденин тараткан.

Америка Кошмо Штаттарындагы биринчи калк каттоо жараяны 1790-жылдын 1-мартында жүргүзүлгөн. Калк каттоо жыйынтыгына ылайык Штаттарда 3 929 214 адам жашаган.

Эльба аралына сүргүнгө айдалган Наполеон Бонапарт 1815-жылдын 1-март күнү чакан отряд менен Франциянын түштүгүнө келген. Ошентип Наполеон Бонапарттын «100 күнү» аталган триумфалдык жүрүш башталган.

Эл эркиндигин жактоочулар 1881-жылдын 1-мартында Орусия императору Александр II кол салышкан.

Бурят АССРи 1920-жылдын 1-март күнү уюшулган.

Америка Кошмо Штаттарындагы доктор Герберт Эванс 1928-жылдын 1-март күнү алтынчы витаминди ачып, аны F витамини деп атаган.

Москва авиациялык институту 1930-жылдын 1-мартында ачылган.

Эл аралык валюта кору (МВФ) 1947-жылдын 1-мартында иштеп баштаган.

Кунцевадагы мамлекеттик дачанын күзөт кызматкерлери 1953-жылдын 1-март күнү эс-учун жоготуп жерде жаткан И.В.Сталинди көрүшкөн. Бирок дачага келген Берия менен Маленковдор дарыгер чакырууга тыюу салышкан.

АКШ президенти Жон Кеннеди 1961-жылдын 1-мартында Тынчтык Корпусунун курулгандыгын билдирген.

Советтик планеталар аралык «Венера-3» станциясы 1966-жылдын 1-март күнү дүйнөдө биринчи болуп Венера планетасына жеткен.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1995-жылдын 1-мартында Казакстан калктарынын Ассамблеясын түзүү тууралуу жардыкка кол койгон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG