Красноярскилик воевода П. Мусин-Пушкиндин кабарлоосуна караганда жунгар контайшиси Галдан кыргыздарды ыксыз эзип, каалаганын жасагандыктан, алар орустарга ыкташып жер которууга мажбур болушкан.
Кыргыз бектери болсо, уруксатсыз көчкөндөрдү кайра кайтаруу максатында, орус бийликтерине кайрылып турушкан. Москва өкмөтү жер которгон кыргыздарды жайгаштырып, аларды эч кимге берилбешин жана эч жакка көчүрүлбөсүн талап кылып, 1692-жылдын 13-мартында Красноярск воеводасына көрсөтмө берген.
Сталиндик кандуу террор мурдатан даярдалып, кремлдик философ, экономист жана тарыхчылар партия менен пикири келишпеген элементтерди кырып, канга бөлөө зарылчылыгын аныктоого аракет жасашкан.
Сталиндик репрессия ийгиликтүү жүзөгө ашырылгандан кийин академик болгон П. Поспелов «Правда» гезитинин 1937-жылдын 13-март күнкү санына «Бухарин менен Рыковдун Ленинге каршы күрөшү» аттуу макаласын жарыялаган. Макала кийин кыргызстандык гезиттерге басылып, республикада «ою бузук» адамдарга каршы куугунтук башталган.
Кыргыз Илимдер академиясынын геология институту 1969-жылдын 13-мартында Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланган.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны, 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Чек ара маселеси боюнча тараптардын эки башка мамилеси бар экендиги белгилүү болду. Тажикстан делегациясы кыргыз-тажик чек арасын 1924-жылы аныкталган чек ара документинин негизинде аныктоону сунуш кылса, кыргызстандык тарап 1989-жылы эки тараптуу комиссия тарабынан аныкталган документке таянуу керектигин сунуш кылган.
Кыргыз жазуучусу, драматург Мар Байжиев 1935-жылдын 13-мартында жарык дүйнөгө келген. Ал Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин 1960-жылы бүтүрүп, Москвадагы Жогорку сценаристтердин курсунда окуган. Жазуучулук шыгы студенттик куракта башталып, кыргыз тилиндеги биринчи сатиралык «Кара курт» ангемелер жыйнагы 1961-жылы жарык көргөн. Жазуучунун чыгармалары чет тилдерге которулуп, айрым пьесалары башка мамлекеттердин теле жана театр сценаларында коюлуп келет.
Ацтек мамлекетинин борбору эсептелген Теночтитлан шаары 1325-жылдын 13-мартында түптөлгөн.
Испандык конкистадорлор отрядын жетектеген Эрнан Кортес 1519-жылдын 13-мартында азыркы Мексиканын аймагына чыгышкан.
Англис астроному Вильям Гершел 1781-жылдын 13-март күнү өзү жасаган телескоп менен Күн системасынын жетинчи планетасы Уранды ачкан. Урандын жаңы планета экендиги маалым болоор замат, Вильям Гершелдин баркы көтөрүлүп, ал королдук сарайда кызматка алынган. Астроном да учурдан пайдаланып, жаңы планетаны король Георг III урматына «Геордун Жылдызы» деп атаган. Немис астроному Иоганн Боде планетага Уран аталышын ыйгарганга чейин, ал королдун ысмы менен айтылып келген.
Сэр Жорж Гордон 1809-жылдын 13-март күнү британиялык лорддор Палатасына лорд Байрон I ысмы менен кирген.
Орус императору Александр II 1881-жылдын 13-март күнү элдик кыймылчы Игнатий Гриневицкий ыргыткан бомбадан оор жаракат алган. Террордук акт Петербург шаарындагы Екатеринанын каналынын жээгинде жасалган.
«Известия Петроградского Совета рабочих и солдатских депутатов» аттту гезиттин биринчи саны 1917-жылдын 113-мартында Петроград шаарында жарык көргөн.
Москва шаарындагы эмгек биржасы 1930-жылдын 13-март күнү жабылган. Акыркы жумуш ордун алган слесарь Михаил Шкунов менен Советтер Союзунда жумушсуздук соңуна чыккан.
Совет бийлигинин 1938-жылдын 13-март күнкү чечимине ылайык Советтер Союзунун бардык мектептеринде орус тили милдеттүү түрдө окутулчу предмет катары киргизилген.
Канадада негизделген украиналык Эркин Илимдер академиясы 1949-жылдын 13-мартында ишин баштаган.
Советтер Союзунун Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) 1954-жылдын 13-март күнү МВД катарынан чыгарылып, өзүнчө күч органы катары белгиленген.
Шарл де Голл атындагы Париждеги аэропорт 1974-жылдын 13-март күнү ачылган.
ЭКЮ аталган Европалык валюта системасы 1979-жылдын 13-мартында жүгүртүүгө киргизилген. ЭКЮ бирдиги Европалык Экономикалык Союз жана Европа Союзунда 1979-1998-жылдары валюта бирдиги катары колдонулган. ЭКЮ аталышы англисченин European Currency Unit (Европалык жалпы валюта) аббревиатурасынан алынган.
Интернет аталышы менен белгилүү болгон Бүткүл ааламдык желе (World Wide Web, WWW) 1989-жылдын 13-март күнү жаралган.
Экономикалык каатчылык айынан айтылуу «Правда» гезити 1992-жылдын 13-мартында чыгарылышын токтоткон.