Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:35

31-март: Тарых барактары


Эйфел мунарасы 1889-жылдын 31-март күнү салтанат менен ачылган.

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун туруктуу иштей турган Аткаруу Комитети 1925-жылдын 31-март күнү ишке киришкен. Жаңы куралган Облустук Аткаруу комитетте адегенде 11 адам үчүн штат ачылып, биринчи төрагалык кызматка Абдыкадыр Орозбеков дайындалган.

А. Орозбеков Маргалаң уездиндеги Охна кыштагында жарык дүйнөгө келип, анын кедей-дыйкан үй бүлөсүнөн чыккан теги Совет бийлигинин таптык саясатына дал келген. Облустук Аткаруу Комитетте негизинен жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмгектенген менен облустагы бардык маселе Кыргыз облустук партия комитетинде чечилген. Мындан улам Облустук Аткаруу Комитети кийин партиялык диктатка нааразылыгын билдирип Москвага кат жолдогон.

Кыргызстан профсоюздарынын I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 31-март күнү өткөн. Профсоюздардын жыйыны Пишпек шаарында өтүп, ага өлкөнүн булуң-бурчтарынан келген 109 делегат катышкан. Профсоюздардын I Уюштуруу курултайында Кыргызстандагы профсоюздук кыймылды жайылтуу, туруктуу иштей турган комитет куруу сыяктуу маанилүү маселелердин тагдыры чечилген. Кийин бул дата Кыргызстан профсоюздарынын күнү катары кабыл алынып, анын 50 жылдык юбилейи 1975-жылы белгиленген.

Фрунзе шаарынын партиялык активи 1940-жылдын 31-март күнү борбор калаанын төмөнкү аймагында орун алган торфту калктын керектөөсү үчүн пайдалануу туурасында чечим кабыл алган.

Улуу Ата мекендик согуш маалында фронттогу жоокерлердин рухун көтөрүү максатында улуттук дастандарды жарыялап, калк арасындагы каармандарды даңазалоо туурасында чечим чыккан.

Партиялык көрсөтмөгө ылайык кыргыз калкынын «Манас» дастаны аталган тизмеге кирген. «Манас» дастанын изилдөө ишине айтылуу советтик окумуштуулар тартылып, 1946-жылдын бул күндөрү Кыргызстан илим коомчулугу изги саамалыкты өрнөктүү өткөрүү камылгасын көрүүгө киришкен.

«Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө камылгасы таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын аныктоосуна ылайык жүргүзүлгөн жана анын фактологиялык далилдөө ишине советтик окумуштуулар тартылган. Анын натыйжасында С. М. Абрамзондун “Героический эпос «Манас» - памятник киргизской литературы” аттуу макаласы 1946-жылдын 31-март күнү жарык көргөн.

Америка Кошмо Штаттарынын айрым бөлүгү калктын социалдык укугу үчүн күрөшкөн Цезарь Чавестин күнүн 31-мартта белгилешет. Цезарь Чавес айыл чарбасында иштеген эмгекчилердин коомдук укугун коргоого салым кошкон жана өмүрүн ал күрөшкө арнаган адам болгон.

Иван Данилович Калита 1340-жылдын 31-мартында дүйнөдөн кайткан. Иван Данилович эбегейсиз байлыгы жана жанында салып жүргөн капчыгынан улам «Калита» деген ылакап ысым алган. Өкүмдар кайыр сураган адамдарга жок дебей, капчыгында болгон акчаны кармата берчү экен. Иван Калитанын тушунда Русь өлкөсү биригип, кубаттуу мамлекетке айланган.

Англис деңиз саякатчысы Жеймс Кук 1770-жылдын 31-мартында Жаңы Зеландияны изилдеп чыгып, анын арал экендигин аныктаган соң, Австралияга карай багыт алган.

Квебек менен Монреал 1831-жылдын 31-март күнү шаар макамын алышкан.

Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфел мунарасы 1889-жылдын 31-март күнү салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфел темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон.

Франция мамлекети 1900-жылдын 31-мартында аялдар жана балдардын жумушчу күнүн 11 саат менен чектеген мыйзам кабыл алган.

Биринчи «Мерседес» унаасы 1901-жылдын 31-мартында завод конвейеринен чыккан. Унаа Готлиб Даймлердин кызынын урматына анын ысмын алып «Мерседес» аталган.

Америка Кошмо Штаттары 1918-жылдын 31-мартында жайкы убакытка өткөн.

Бенито Муссолини 1923-жылдын 31-мартында Италиядагы жумушчу күнүн 8 саатка кыскарткан.

Карел-Фин ССРи 1940-жылдын 31-мартында 12-советтик республика макамын алган.

Совет өкмөтү 1955-жылдын 31-мартында Дрезден галереясын ГДР мамлекетине кайтарып берүү туурасында чечим кабыл алган.

Советтер Союзунун экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон Машина-трактордук станциялар (МТС) 1958-жылдын 31-мартында жоюлган.

Франция 1966-жылдын 31-мартында НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгы жөнүндө Меморандум жарыялаган. Меморандумда Түндүк Атлантика келишимине караштуу штаб жана аскер кызматтарын Франциядан чыгаруу талабы коюлган. Советтер Союзунда буга чейин француз диктатору катары сыпатталып келген Шарл де Голл бир заматта СССРдин досу атыккан. Шарл де Голл туурасында «Юманите» гезитиндеги карикатуралар менен макалаларды советтик маалымдоо каражаттарында жарыялоого тыюу салынган.

Канаданын Торонто шаарындагы мунаранын курулушу 1975-жылдын 31-мартында 555, 35 метрге жетип, ал дүйнөдөгү эң бийик курулуш аталган.

КПСС Борбордук комитетинин башкы катчысы Л. И. Брежневге 1980-жылдын 1-апрелинин алдында адабият багытындагы Лениндик сыйлык тапшырылган. Жашы өргө тайып, андан да буга чейин жазмакердик шыгы билинбеген генсектин «Кичи жер» жана «Кайра жаралуу» китептерин «жазгандыгы» коомчулуктун бүйүрүн кызытып, калк арасында «чыгармалар» ар түркүн жоромолдорду жараткан.

Франциянын НАТО уюмунан чыгышына байланыштуу аскердик бирикменин баш кеңсеси 1967-жылдын 31-мартында Парижден Бельгиянын борбору Брюсселге которулган.

Футбол боюнча төрт мамлекеттин курама командаларынын Батыш Берлин шаарында өткөн мелдешинде Советтер Союзунун тандалма командасы 1988-жылдын 31-мартында Аргентина командасын 4:2 эсеп менен уткан.

Башкир АССРи 1992-жылдын 31-мартында Орусия Федерациясынын курамындагы Башкортостан Республикасы болуп өзгөртүлгөн.

Азаттык подкаст

XS
SM
MD
LG