Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

4-апрель: Тарых барактары


НАТО
НАТО

Кытай жазма булактарынын маалыматтарына караганда Кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су 843-жылдын бул күндөрү Кытай ордосуна келген. Ал кытай императоруна эки аргымакты тартуу кылып, кыргыздар уйгурлар мамлекетин талкалап, уйгур өкүмдарына турмушка чыккан кытай ханайымы Тай-хэни жоокерлердин коштоосу менен Кытай мамлекетине жөнөткөндүгүн кабарлаган.

Тилекке каршы, уйгурлар аларды жолдон тосуп, коштоочуларды кырып, ханайымды белгисиз тарапка алып кетишкен. Ошондуктан император сарай кызматкерине Чжу-у Хэ-суну ханайымды тосуп алыш үчүн Танюнга жөнөткүлө деп буйрук берген.

Кыргыз Автономиялык областынын Кызыл чырым коомунун I облустук курултайы 1928-жылдын 4-апрелинде өткөн.

Таанымал коомдук жана саясий ишмер Юсуп Абдрахманов 1937-жылдын 4-апрелинде камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ю. Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камакка алынып, ага контрреволюциачыл троцкисттик уюмда турат деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ю. Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Юсуп Абдрахманов НКВД кыйноосуна карабастан, кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.

Фрунзе шаардык партия уюмунун «жапон-немис-троцкисттик агенттердин тамырын кыркуу туурасындагы» чечими 1937-жылдын 4-апрелинде жарык көргөн. Айрым активисттер «эки жүздүүлүккө» каршы чечкиндүү күрөш жарыялап, жакында эле кызматтан алынган, Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Белоцкийди жоопко тартуу сунушун киргизген.

1955-жылдын 4-апрелинде Орто Токой суу сактагычынын өткөөл түтүгү ишке киргизилген. Өткөөл түтүк Орто Токойдо суу сактоого жол ачкан жана Чүй өрөөнүн суу менен камсыз кылууга шарт түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандагы айыл чарбанын өнүгүшүнө, ага байланышкан индустриалдык тармактын жанданышына салым кошкон.

Төрт ай кыргыз өкмөтүн жетектеп, калктын бийликке болгон ишенимин жандырган Жумабек Ибраимов 1999-жылдын 4-апрель күнү айыкпас дарттын айынан дүйнөдөн кайткан. Жумабек Ибраимов өкмөт башына 1998-жылкы оор экономикалык кризистен улам келген. Буга чейин кыргыз өкмөтүн жетектеген К. Жумалиевдин кабинети кырдаалды турукташтырууга дарамети жетпей кызматтан кетип, Ж. Ибраимов 1998-жылдын 25-декабрында премьер-министрлик кызматка отурган.

Суздал князы Юрий Владимирович Долгорукий 1147-жылдын 4-апрель күнү өнөктөшү Новгород-Северскилик князь Святослав Ольговичтин урматына салтанаттуу той өткөргөн. Лаврентевскийлик жыл санактын кабарлоосуна караганда той буга чейин белгисиз болуп келген Москва жергесинде жасалган.

Рим Папасы 1297-жылдын 4-апрелинде Корсика менен Сардинияны король Арагонго берген.

Польша менен Венгрия 1350-жылдын 4-апрелинде Галицк-волын жерлерин ич ара бөлүшүп алышкан.

Португалдык деңиз саякатчысы Педру Кабрал 1500-жылдын 4-апрелинде Бразилияны ачкан.

Иван Грозный 1558-жылдын 4-апрелинде көпөс Строгановдорго Каманын боюндагы жерлерди каалагандай колдонууга берген.

Орусиядагы Ладога каналынын курулушу 1719-жылдын 4-апрелинде башталган.

Германиянын аймагы аркылуу Орусияга багыт ала турган орус саясий эмиграция лидерлерине жасала турган мамилеге байланыштуу, Швейцариядагы немис элчиси 1917-жылдын 4-апелинде атайын көрсөтмө алган. Петроградга келген В. И. Ленин «Апрель тезистери» аталган революциялык планды иштеп чыккан. «Апрель тезистеринде» революциянын биринчи этабынан, анын экинчи социалисттик баскычына өтүүнүн жолдору таасын белгиленген. Ленинидин айтылуу тезисинде Орусияда парламенттик республика эмес, Советтик республика куруу керектиги көрсөтүлгөн.

Рим менен Неапол шаарларын абадан кошкон Италиядагы жүргүнчү ташыган биринчи дирижабл авиа каттамы 1919-жылдын 4-апрелинде ачылган.

П. Н. Врангел 1920-жылдын 4-апрелинде Крымдагы Орус армиясынын башкы командачылыгына дайындалган.

Америкалык окумушту Ч. Кинг 1932-жылдын 4-апрелинде биринчи жолу С витаминин чыгарган.

Вашингтон шаарында 1949-жылдын 4-апелинде АКШ, Бельгия, Британия, Голландия, Дания, Исландия, Италия, Канада, Люксембург, Норвегия, Португалия жана Франция мамлекеттери Түндүк атлантикалык келишимге кол коюшкан. Ошентип НАТО согуштук уюму куралган. НАТОго 1952-жылы Греция менен Түркия, 1955-жылы ФРГ, 1982-жылы Испания, 1999-жылы Венгрия, Польша жана Чехия, 2004-жылы Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения, Эстония өлкөлөрү мүчөлүккө кабыл алынган.

СССР Министрлер кабинети 1949-жылдын 4-апрелинде «антисоветтик» үналгыларды басуу туурасында токтом кабыл алган.

Америкалык «Челленжер» космос корабли 1983-жылдын 4-апрелинде биринчи жолу учурулган.
XS
SM
MD
LG