Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

5-апрель: Тарых барактары


Наполеон Бонапарт
Наполеон Бонапарт

Пишпек округунун активист айымдары 1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек шаарында коомдук ишмер аялдардын биринчи жыйынын өткөрүшкөн. Жыйында элет аялдарына практикалык жактан жардам көрсөтүүнүн иш планы каралган.

Фрунзе шаардык Кеңешинде 1929-жылдын 5-апрель күнү финансы-бюджеттик секция ачылган.

«Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө ишке ашпай калган соң, 1949-жылдын 5-апрелинен баштап манас таануучулукка жана аны менен шугулданган айрым илимпоздорго каршы каралоо иши башталган. Г. Самариндин «Советская Киргизия» гезитинин бул күнкү санына «Против буржуазного космополитизма в манасоведении» деген макаласы жарык көргөн. Макалада манас таануу боюнча буга чейин жетишилген ийгиликтер жокко чыгарылып, А. Н. Бернштам, Т. Саманчин сыяктуу илимпоздордун изилдөөлөрүнө көө сүртүлөт. Мындан да буга чейин «Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө саамалыгы жокко чыгарылган.

Кыргыз Автономиялык облусунун Аткаруу комитетинин Президиуму 1925-жылы Пишпек шаарын коммунисттик партиянын көрүнүктүү өкүлү М. В. Фрунзе аталышына өзгөртүү туурасында чечим чыгарган. Кыргызстандык жолдоштордун өтүнүчү РСФСР Борбордук Аткаруу комитетинде каралып, 1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек шаары Фрунзе аталышын алган.

«Мугалимдер гезитинин» биринчи саны 1953-жылдын бул күнү жарык көргөн. Гезит республикалык макам менен жалпы билим берүү тармагында иштеген мугалимдик кесип ээлерине методикалык жардам берүү максатын көздөгөн. Мындан тышкары гезит беттеринде мугалимдик кесиптин баалуулугу, анда жетишилген ийгиликтер даңазаланган. «Мугалимдер гезити» жалаң эле окутуучулар эмес жалпы кыргыз интеллигенциясынын сүймөнчүгүнө айланып, ал аркылуу нечен адистер калемин такшалткан деңгээлге жетишкен. Азыркы тапта ал гезит «Кут билим» аталышы менен жарык көрүп келет.

Нарын областынын Ат-Башы районундагы 2005-жылдын бул күнкү абал фронттогу кырдаалды элестетип, райондун мамлекеттик администрация мекемеси колдон колго өтүп турду. Адегенде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Накен Касиевдин тарапташтары администрация мекемесин алып, акимди кызматынан кетиришсе, андан кийин акимчилик депутат Карганбек Самаковдун жактоочуларынын колуна өткөн.

Лука жергесинде кечээги рим триумвираттары Цезарь, Красс жана Помпей б.з.ч. 56-жылдын 5-арель күнү республикадагы бийликти ич ара бөлүп алышкан.

Князь Александр Невский баштаган орус аскерлери 1242-жылдын 5-апрелинде Чуд көлүндөгү айтылуу Муз үстүндөгү салгылашта ливондук рыцарларды талкалаган.

Араб флоту 1340-жылдын 5-апрелинде испандык эскадраны Гибралтар кысыгында жеңген.

Осман султаны Мехмед II 1453-жылдын 5-апрелинде Константинопол шаарын камоого алган.

Жорж Вашингтон 1792-жылдын 5-апрелинде Америка Кошмо Штаттарынын тарыхында биринчи жолу вето колдонгон.

Базел шаарында 1795-жылдын 5-апрелинде Франция менен Пруссия тынчтык келишимге кол коюшкан.

Орус императору Павел I 1797-жылдын 5-апрелинде такка отурган. Император ушул эле күнү бир жумалык барщинаны үч күнгө кыскартуу жана помещиктерге базар күндөрү дыйкандарды күчтөп иштетүүгө тыюу салган Манифестке кол койгон.

Наполеон Бонапартка кутум уюштуруучулардын ана башчысы генерал Шарл Пишегрю 1804-жылдын 5-апрелинде Париж шаарындагы түрмөдө белгисиз жагдайда өлтүрүлгөн.

Орусия менен Швеция 1812-жылдын 5-апрелинде Францияга каршы биргелешип күрөшүү туурасында келишимге жетишишкен.

Орусия, Пруссия, Австрия жана Британиялык аскерлердин Парижге киришине байланыштуу француз императору Наполеон I 1814-жылдын 5-апрелинде тактан баш тарткан. Союздаштар анын императордук титулун калтырып, Наполеон Бонапартка Жер Ортолук деңизиндеги Эльба аралын ээликке беришкен. Мындан тышкары императорго 2 миллион франк жыл маянасы менен күзөт үчүн 400 ыктыярдуу жоокер берилген.

Гонконг аралы 1843-жылдын 5-апрелинде Британиянын ээлигине өткөн.

В. И. Лениндин «Развитие капитализма в России» аттуу чыгармасынын биринчи басылышы 1899-жылдын 5-апрелинде жарык көргөн.

Нильс Бор 1913-жылдын 5-апрелинде кванттык теорияга негиз салган «Атом менен молекулалардын түзүлүшү» аттуу макаласын жазып бүткөн.

Египет фараону Тутанхамондун көрүстөнүн тапкан лорд Карнавон 1923-жылдын 5-апрелинде күтүүсүз белгисиз оорудан кайтыш болгон.

Советтер Союзунун Борбордук Аткаруу комитети 1930-жылдын 5-апрелинде Ленин ордени менен Кызыл Жылдыз орденин кабыл алган токтом чыгарган.

Советтер Союзундагы кандуу террорду жүргүзгөн Николай Ежов 1937-жылдын 5-апрелинде СССР НКВД органынын жетекчилигине дайындалган.

Фашисттик Германия менен италиялык аскерлер 1941-жылдын 5-апрелинде Югославия менен Грецияны басып киришкен.

Француздук «Нормандия» (кийин «Нормандия-Неман») эскадрильясы 1943-жылдын 5-апрелинен тарта Кызыл Армиянын катарында аракет көрүп баштаган.

Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзаада» чыгармасы 1943-жылдын 5-апрелинде Америка Кошмо Штаттарында англис тилинде жарык көргөн.

Советтер Союзу 1945-жылдын 5-апрелинде Жапония менен түзүлгөн кол салбоо туурасындагы Пакты денонсациялаган.

Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилл 1955-жылдын 5-апрелинде кызматтан кеткен.

АКШ президенти Жон Кеннеди 1961-жылдын 5-апрелинде Кубага аскер операциясын баштоого санкция берген.

СССР менен Ооганстан 1980-жылдын 5-апрелинде советтик аскерлердин Ооганстанда жайгашуусуна уруксат берген келишимге жетишкен.

Польшадагы профсоюздардын «Солидарность» уюму 1989-жылдын 5-апрелинде мыйзамдуу иштей баштаган.

РСФСР Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 5-апрелинде Б. Н. Ельцинге чукул ыйгарым укуктарды берген.

Босния менен Герцеговина 1992-жылдын 5-апрелинде Югославия мамлекетинин курамынан чыга тургандыгын жар салышкан.
XS
SM
MD
LG