Кыргызстандык климатолог, чөлкөм таануучу Я. И. Корольков 1879-жылдын бул күнү Орус географиялык коомунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Географиялык коом башка аймактын георгафиялык өзгөчөлүгүн, калктын жайгашышы жана жер аталыштарын, аба ырайынын шартын иликтөө багыныта албан ийгиликтерди жаратканы маалым.
Кыргыз республикасынын «Жер реформасы тууралуу» мыйзамы 1991-жылдын бул күнү кабыл алынган. Буга чейин реформаны жүргүзүү боюнча узак талкуу өткөрүлүп, ага болгон калктын мамилеси жана маанилүү маселеге көз карашы аныкталгандан кийин барып жер менчиги, жерди мурастоо, ижарага берүү мөөнөтү сыяктуу түйүндүү маселелер чечилген.
СССР Элдик комиссарлар Кеңешинин чечимине ылайык 1943-жылдын 19-апрелинде НКВДга караштуу «Смерш» контрчалгын башкармалыгы уюшулган. Кийин мындай органдар армия жана флотто түзүлүп, анын жасаган иш-аракеттери менен айрым Кыргызстандын улуу муун өкүлдөрү жакындан таанышууга мажбур болушкан.
Орусия «Улуу Ата мекендик 1941-1945-жж. согуштагы совет элинин жеңишин тарыхта калтыруу туурасындагы» федералдык мыйзамды 1995-жылдын бул күнү кабыл алган. Мыйзамга ылайык согуш ардагерлеринин, анын ичинде кыргызстандык атуулдардын согушка кошкон салымы белгиленген.
Англичандар 19-апрелди Байчечекей майрамы деп салтанаттуу белгилешет. Алар бул күнү шаар бактарына байчечекей отургузуп, табиятка көрк кошушат.
Немистик католиктер менен протестанттар 1529-жылдын 19-апрель күнү Шпейер рейхстагында толугу менен экиге бөлүнгөн.
Иван Федеров менен Петр Холокосттун Москва шаарында курган типографиясы 1563-жылдын бул күнү ишке киргизилген. Ошентип орус мамлекетинде чыгарма жазуу аларды китеп кылып чыгаруу иши колго алынган.
Француз кардиналы Ришелье 1627-жылдын 19-апрель күнү Жүз ассоциация компаниясына Канаданы изилдеп, өздөштүрүү үчүн патент берген.
Екатерина II Кырым менен Кубань облустарын Орусияга кошуу туурасында 1783-жылдын 19-апрель күнү Манифест кабыл алган.
Каракас шаарында элдик көтөрүлүш 1810-жылдын 19-апрелинде чыгып, Венесуэланын Испаниядан эгемендик алуу үчүн күрөшү башталган.
Лондон келишимине жараша 1839-жылдын 19-апрель күнү Бельгия Нидерландиядан бөлүнүп эгемендик алган.
Англия менен Америка Кошмо Штаттары Панама каналын биргелешип куруу туурасында 1850-жылдын 19-апрелинде келишимге жетишкен.
Радиоактивдүүлүк окуусунун негиз салуучусу, айтылуу француз физиги Пьер Кюри 1906-жылдын 19-апрелинде арабанын дөңгөлөгүнө түшүп, дүйнөдөн кайткан. Пьер Кюринин күндөлүгүндө «Кечээ, мага капилеттен көчөдөн бир аял (өңүнө караганда анык цыган) жолугуп, мени экипаждан өлө турганымды айтты. Албетте мен буга ишенгеним жок, менин түшүнүгүм мындай келжиректерге ынана бербейт» деп жазган экен.
Бүткүл союздук «Пионерская зорька» апталык радио-гезиттин биринчи саны 1925-жылдын 19-апрелинде жарык көргөн.
Англис тилинин Оксфорд сөздүгүн басып чыгаруу 1928-жылдын 19-апрелинде соңуна чыккан.
Ленинграддагы «Коминтерн» заводунда дүйнөдөгү эң кубаттуу 500 ваттык радиостанциянын курулушу 1932-жылдын 19-апрелинде башталган.
АКШ Сенаты 1941-жылдын 19-апрелинде жөөттөрдүн Израиль мамлекетин курууну колдогон резолюция кабыл алган.
«Индиялык улуттук конгресс» партиясы өлкөнү Индия жана Пакистанга бөлүүгө макулдугун 1947-жылдын 19-апрелинде берген.
Советтик композиторлордун I съезди 1948-жылдын 19-апрелинде ишин баштаган.
Ролан Быковдун «Айболит-66» тасмасы 1967-жылдын 19-апрелинде экранга чыгарылган.
Волжский автомобилдик заводунун башкы конвейеринде 1970-жылдын 19-апрелинде ВАЗ-2101 маркасындагы биринчи унаа чогултулган. Калк арасында ал «копейка» аталып, алмашкыс унаага айланган.
Советтик биринчи орбиталдык «Салют» станциясы 1971-жылдын 19-апрелинде космоско чыгарылган.
Австралиянын улуттук гимни 1984-жылдын 19-апрелинде расмий түрдө бекитилген.
«XXI кылымдын Жогорку технологиясы» аттуу алтынчы эл аралык форум 2005-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында ачылган.