Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

29-апрель: Тарых барактары


29-апрель – Эл аралык бий күнү.
29-апрель – Эл аралык бий күнү.

Буга чейин Токмок шаарында орун алган уезддик борбор 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке ташылып келген. Уезддик борбор үчүн Кочкор, Көтмалды кыштактары сунуш кылынып, Пишпек шаарынын уезддик борборго болгон талапкердиги Түркстан генерал-губернаторунун 1870-жылы Жети-Сууга жасаган сапарынан кийин оңунан чечилген.

Генерал-губернаторго Пишпек шаарынын «тогуз жолдун тоомунда» жайгашкан географиялык артыкчылыгы жаккан. Статистикалык эсепке ылайык, ал убакта Пишпекте 58 үй-бүлө жашаган. Анын тогузу орус, 48и өзбек, бир татар үй-бүлө болгон. Пишпектин уезддик борборго айланышы менен европалык типтеги Пишпек шаарынын планынын долбоору жактырылган.

Фрунзе шаарынан чыккан поезд 1941-жылдын 29-апрель күнү саат 12 жарымда Токмок шаарына келген. Ошентип Кыргызстандын эки шаарын бириктирген биринчи темир жол линиясы ишке киришкен. Борбордон келген поезди станцияда токмоктуктар салтанат менен тосуп алышкан.

Токмок станциясында оркестр ойноп, борбор менен Токмокту байланыштырган темир жол багытынын ачылышына байланыштуу майрам өткөрүлгөн. Темир жол багыты жалаң кол эмгегинен бүткөрүлүп, анын ишине Чүй өрөөнүнүн калкы кеңири тартылган. Мындан улам салтанатка келген калк да темир жолдун курулушун эмгек жеңиши катары баалап, анын үзүрү экономикадагы ийгиликтерден арзый тургандыгын билдиришкен.

Орус жана кыргыз тилдеринин орток колдонуш тажрыйбасы совет мезгилинде башталып, айрым убакта ал күлкү келээрлик натыйжаларды чыгартканы маалым. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысы В. И. Лениндин туулган күнү жана 1-май майрамына байланыштуу Фрунзе шаарында 1970-жылдын бул күндөрү «жыл 100 лет» деген плакаттар илинген. Ушундай мазмундагы жазуулар буюм-тайымдардын капталына түшүрүлүп, мындай маани-мазмунсуз каталар сабаттуу адамдардын таң калуусун жараткан.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине берилген имараттын ачылыш салтанаты 1992-жылдын 29-апрелинде өткөн. Түркия элчилиги үчүн Москва көчөсүндө орун алган Биринчи май райондук компартиясынын эски имараты берилген. Элчиликтин ачылыш урматына Кыргызстанга келген Түркиянын премьер-министри Сүлейман Демирел Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жана премьер-министр Турсунбек Чыңгышев ичиркенткен жазгы жамгырда элчилик имараттын ачылыш салтанатына катышкан.

29-апрель – Эл аралык бий күнү. Бул күндү белгилөө чечимин ЮНЕСКО 1982-жылы кабыл алган. ЮНЕСКО уюму мындай жол менен азыркы балет искусствосунун атасы аталган француз балетмейстери Жан Жорж Новердин (29.4.1727-19.10.1810) туулган күнүн түбөлүк тарыхка калтырган.

АКШда 29-апрель Катчылардын күнү катары белгиленет. Адатта Америкада Катчылардын күнү апрель айынын акыркы шаршембисинде майрамдалат.

Граф Дюнуа менен Жанна д'Арк баштаган 7 миң француз аскерлери 1429-жылдын 29-апрель күнү англичандар курчоого алган Орлеан шаарына киришкен. Алты ай бою курчоодо калган шаар калкы француз аскерлерин кудайындай тосуп алган.

Петербург шаарындагы аты анча таанылбаган адабий журнал 1847-жылдын 29-апрель күнү белгисиз француз авторунун «Идиот» аттуу чыгармасын жарыялаган. Котормочу «Идиот» сөзүнүн орусчага которулбасын белгилеп, ага атайын шилтеме берген.

Француздар ал убакта «идиот» деп кекеч, сөздү туура эмес сүйлөгөн жана жаман оюнчуну айтышкан. «Идиот» сөзү кийин XIX кылымдын соңунда барып акыл-эси ордунда эмес кемчонтойлорду белгилеш үчүн колдонууга алынган. Ф. М. Достоевскийдин чыгармачылыгын изилдеген адистер князь Мышкиндин образын жаратууда Федор Михайлович балким француз авторунун чыгармасына көз жүгүртсө керек деп боолгошот.

Армиянын Борбордук спорт клубу (ЦСКА) 1923-жылдын 29-апрелинде уюшулган.

Шотландия парламенти 1707-жылдын 29-апрелинде англис парламенти менен биригип, жаңы мамлекеттик биримдик Улуу Британия аталышын алган.

Англис капитаны Жеймс Кук 1770-жылдын 29-апрелинде биринчи жолу Австралия жээгине чыккан.

«Московские ведомости» басылмасында Н. В. Гоголду эскерген макаласы үчүн И. С. Тургенев 1852-жылдын 29-апрелинде камакка алынган.

Оксфорд университети 1884-жылдын 29-апрелинде кыз абитуриенттерди экзаменге киргизүүгө уруксат берген.

Британия мамлекетинин финансы министри Ллойд Жорж 1909-жылдын 29-апрелинде «элдик бюджет» аталган эсебин жар салган. Мамлекеттин аскердик жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарын каржылаш үчүн министр жер сатууга, жер иштеткендерге жана «ашыкча кирешеге» кошумча салык киргизген.

Петрограддагы «Ленфильм» киностудиясы 1918-жылдын 29-апрелинде негизделген.

ВКП (б)нын XVI Конференциясы 1929-жылдын 29-апрелинде Советтер Союзунун жумушчу табына социалисттик жарышты жайылтуу демилгеси менен кайрылган.

Советтер Союзундагы биринчи тажрыйба түрүндөгү теле көрсөтүү 1931-жылдын 29-апрелинде жасалган.

ВКП (б) Борбордук комитетине караштуу партиянын катарын тазалоо Борбордук комиссиясы 1933-жылдын 29-апрелинде уюшулган.

Дания мамлекети 1977-жылдын 29-апрелинде өлүм жазасын алып салган.

Кытай Элдик Республикасындагы калктын саны 1982-жылдын 29-апрель күнү миллиарддан ашкан.

Советтер Союзунун жумумшчу табына социалистик мелдешти жаю демилгеси ВКП(б) XVI конференциясында 1929-жылдын 29-апрелинде көтөрүлгөн.

Кытай Элдик Республикасынын калкынын саны 1982-жылдын 29-апрелинде миллиарддан ашкан.

Германия мамлекети 2000-жылдын 29-апрелинде Орусияга Янтар бөлмөсүнүн аман калган фрагменттерин берген.

Айтылуу тарыхчы, математик, саясатчы жана юрист Василий Татищев 1686-жылдын 29-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Таланттуу фольклорист жана азыркы текстик теориянын негиз салуучуларынын бири-Владимир Проп 1895-жылдын 29-апрелинде туулган.

Ок атуучу куралдын конструктору Георгий Семенович Шпагин 1897-жылдын 29-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG