Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

4-май: Тарых барактары


Маргарет Тэтчер 1979-жылдын 4-май күнү Британиянын премьер-министри болуп дайындалган.
Маргарет Тэтчер 1979-жылдын 4-май күнү Британиянын премьер-министри болуп дайындалган.

Кыргыздын мундуз уруусунун өкүлдөрү Алтыбай бий, Жанузак бий жана Махмуд мырзалар 1874-жылдын 4-май күнү мундуз уруусун Орус империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчүн билдирип генерал Г. А. Колпаковскийге кайрылышкан.

Кайрылууда алардын 1873-жылы Кокон хандыгынан бөлүнүп жана анын куугунтугунан качып Түркстан аскер округуна келгендиги кабарланат. Кокондуктар мундуз уруусуна кысым көрсөтүп эле тим болбой, аларды талап-тоноп, чекесинен кырып баштаган. Мундуз уруусунун өкүлдөр генерал Г. А. Колпаковскийге эбак эле келгендигин билдиришкен. Бирок аларды Ташкенге киргизбей койгондугуна байланыштуу, өкүлчүлүктүн генералга жашыруун келгендиги кабарланат.

Пишпекте жашаган уйгур балдары үчүн курулган мектеп 1904-жылдын бул күнү окуучуларга эшигин ачкан. Адегенде, мектепте башталгыч класстар ачылып, ал уезддик борбордо орун алган орус жана жергиликтүү калк үчүн курулган мектептердин катарын толтурган.

Пишпек элдик депутаттар кеңеши 1919-жылдын бул күнү эркиндик үчүн күрөшкөн жоокерлердин урматына Эмен паркындагы көрүстөнгө орнотула турган эстелик үчүн сынак жарыялаган. Уюштуруу комитети иштеп чыккан планга ылайык конкурстук байгелер белгиленип, биринчи орун үчүн 3 миң рубль, экинчиге 2 миң, үчүнчү үч долбоордун ар бирине 1 миң рублдан сыйлык каралган.

Түркстан коммунисттик партиясынын VII курултайы 1924-жылдын бул күнү ишин баштаган. Курултайда Түркстандын саясий-экономикалык өнүгүүсү жана улуттук республикалардын өз алдынча уюшулуш маселелери каралган.

СССР Министрлер кеңеши 1955-жылдын 4-майында «Союздук республикалардын чарбасын мамлекеттик пландоого киргизүү жана финансы тартибин өзгөртүү» Токтомун кабыл алган. Токтомго ылайык, Кыргызстандын ишкана, өнөр жайлары өз алдынча продукцияны өндүрүүгө жана пландоого укук алышкан.

Жаңы Нидерландия колониясынын биринчи губернатору Петер Минюит 1626-жылдын 4-май күнү Гудзон дарыясы куйган жээкте жайгашкан көлөмдүү аралга түшкөн. Ал адегенде аралга Жаңы Амстердам аталышын берген. Андан кийин мында жашаган жергиликтүү уруулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, Петер Минюит аралды 60 гульденге (болгону 24 доллар!) сатып алган. Ошентип азыр дүйнөгө атагы чыккан Манхэттендин тарыхы башталган. Уламышка караганда «Манхэттен» сөзү жергиликтүү калктын тилинде «бизди алдап кетти» дегенди билдирет имиш.

Дүйнөдөгү биринчи бүктөлчү кол чатыр 1715-жылдын 4-май күнү Парижде чыгарылган.

Англиc астроному Уильям Гершел 1783-жылдын 4-май күнү Айдагы кызыл такты байкаган.

Франциянын жаңы мамлекеттик биримдиги эсептелген Уюштуруу жыйыны 1848-жылдын 4-май күнү ачылган.

Томас Алва Эдисон 1878-жылдын 4-май күнү опера театрынын имаратында өзү ойлоп тапкан фонографты биринчи жолу көрсөткөн.

Америка Кошмо Штаттары 1904-жылдын 4-май күнү Панама каналын мөөнөтсүз колдонууга алган.

Англия мамлекетинде Генри Ройс менен Чарльз Роллс 1904-жылдын 4-май күнү «Роллс-Ройс» аталган унааны өндүрө баштаган.

Канада аскер-деңиз флоту 1910-жылдын 4-май күнү уюшулган.

Латвия Чеберчилик академиясы 1919-жылдын бул күнү негизделген.

Бээжинде 1919-жылдын бул күнү студенттердин нааразылык демонстрациясы өтүп, анын натыйжасында “4-май” кыймылы уюшулган.

Америка Кошмо Штаттарында 1927-жылдын 4-май күнү “Оскар” сыйлыгын тапшыра турган Искусство академиясы негизделген.

Москва шаарындагы Кино үйү 1934-жылдын 4-май күнү ачылган.

И. В. Сталин 1935-жылдын 4-майда офицерлер менен жолугушуу маалында «Кадрлар баарын чечет!» деген сөзүн айткан.

Фашисттик Германиянын мамлекеттик башчысы Адольф Гитлер 1942-жылдын 4-май күнкү Берлин шаарындагы операда сөз сүйлөп, Уинстон Черчиллди «дүйнөдөгү анык кан ичкич» деп айткан.

Эрнст Хемингуэй 1953-жылдын 4-майында «Абышка жана деңиз» чыгармасы үчүн Пулитцер сыйлыгын алган.

Советтер Союзунда бекерчиликке каршы жардык 1961-жылдын 4-майында кабыл алынган.

Советтик автоөнөр жай министри Александр Михайлович Тарасов 1966-жылдын 4-май күнү Турин шаарында Советтер Союзундагы жеңил унааларды чыгаруу үчүн италиялык «Фиат» фирмасынын катышуусуна уруксат берген келишимге кол койгон.

Айтылуу саясатчы Маргарет Тэтчер 1979-жылдын 4-май күнү Британиянын премьер-министри болуп дайындалган.

Латвия ССРинин Жогорку Кеңеши Латвиянын Советтер Союзунун курамына киргизилишне каршы пикирин билдирген.

Кытай менен Пакистан 2004-жылдын 4-май күнү Инд дарыясынын боюна 300 мегаватт кубаттагы жаңы атомдук электростанцияны куруу туурасында келишимге жетишкен.

Теңдешкис энциклопедиялык сөздүктүн түзүүчүсү Фридрих Арнольд Брокгауз 1772-жылдын 4-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG