Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

5-май: Тарых барактары


Карл Генрих Маркс 1818-жылдын 5-май күнү жарык дүйнөгө келген.
Карл Генрих Маркс 1818-жылдын 5-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Жогорку Кеңештин 1993-жылдын 5-май күнү өткөн он экинчи сессиясында Кыргызстан Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Конституция долбоорун даярдоого кыргызстандык жана эл аралык эксперттер тартылып, адистердин айтымында, Баш мыйзам дүйнөлүк талаптарга, демократиялык принциптерге толук жооп берген.

Верный, азыркы Алматы шаарында 1918-жылдын 5-майы күнү «Новая эра» аттуу коммуна уюшулган. Кийин эмгекчилердин башын бириктирген мындай уюмдар Пржевальск уездинде курула баштаган.

Айтылуу окумуштуу жана ойлоп тапкыч академик Арстанбек Алтымышбаев 1930-жылдын 5-майында жарык дүйнөгө келген. Академик Алтымышбаев Кемин районунун Кара-Булак кыштагында көз жарып, Медициналык институтту бүтүргөн соң эмгек чыйырын фармацевтика багытына боолжогон. Арстанбек Алтымышбаев илим изилдөөчү жана ойлоп тапкыч катары Кыргызстандын экономикасына, илимге зор салым кошкон. Академик А. Алтымышбаевдин 20дай чамалуу ойлоп тапкандары өндүрүшкө киргизилип, анын айтылуу «Арашан» бальзамы убагында атагы алыска тараганы маалым.

5-майда окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Муктар Борбугулов 80 жашкатолмок. М. Борбугулов 1930-жылы Сузактын Кыз-Көл кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал өз убагында «Ала Тоо» журналы, Улуттук университет, Илим академиясында иштеп, ондогон көркөм чыгарма, монография жана илимий-популярдуу макалаларды жазууга жетишкен.

Советтер союзундагы биринчи ДОСААФ ыктыярдуу коому 1947-жылдын 5-майында Ленинград шаарында уюшулган. Кийин мындай бирикмелер Кыргызстанда да курулуп, анын ишмердиги республиканын бүткүл аймагына тарап, ДОСААФ кыймылы кулач жайган.

«Правда» гезитинин биринчи саны 1912-жылдын 5-майында жарык көргөн. Советтер Союзунда 5-май басма күнү катары белгиленип келген. «Правда» гезити Кыргызстан аймагына да тарап, анын беттеринде республикага байланышкан материалдар жарыяланып, өз маалында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Правданын» Кыргызстандагы кабарчысы болуп иштеген.

Майыптардын укуктарын коргоо, аларды ишке орноштуруу сыяктуу маселелерге көңүл буруу максатында 5-майда Майыптардын эл аралык күнү белгиленет. Майыптардын укугун коргоого багытталган бул күндү белгилөө 1992-жылдын 5-майында башталган.

Португалиянын тышкы иштер министри Себастьян Помбал 1751-жылдын 5-майында Португалиядагы инквизициянын бийлигин ооздуктаган жардык кабыл алган.

Екатерина II 1764- жылдын 5-майында чыгарган жардыгына жараша Петербург шаарында тектүү айымдардын Тарбиялоо коому уюшулган.

Испандык деңиз саякатчысы Естебан Мартинес 1788-жылдын 5-май күнү Ванкувер аралын Испаниянын менчиги деп жар салган.

Карл-Август Саксе-Веймарский 1816-жылдын 5-майында биринчи Конституцияны сунуш кылган.

Коммунисттик окуунун негиз салуучусу, философ, экономист жана саясий журналист Карл Генрих Маркс 1818-жылдын 5-май күнү жарык дүйнөгө келген. Болочок коммунисттин киндик каны Пруссиянын Трир шаарына тамган. Анын илимий эмгектери жана макалалары философиядагы диалектикалык, тарыхый материализмдин калыптанышына, ал эми экономикада болсо кошумча нарк теориясынын, саясат багытында таптык күрөш теориясынын калыптанышына негиз болгон. Аталган илимий багыттар чогулуп коммунисттик кыймылды туюнткан «марксизм» окуусун жараткан.

Европадагы биринчи темир жол 1836-жылдын 5-майында Бельгияда колдонууга берилген.

Михаил Юрьевич Лермонтовдун табыты 1842-жылдын 5-майында Пятигорскиден Тарханга алынып келген.

Стокгольм шаарында (Швеция) 1912-жылдын 5-майында өткөн V Олимпиадалык оюндарда биринчи жолу спорт мелдешинин ачылыш жана жабылыш салтанатын белгилөө салты колдонулган.

Американын Дейтон шаарында 1925-жылдын 5-май күнү 24 жаштагы мектеп мугалими Жон Скоупс камакка алынган. Ал Теннеси штатында тыюу салынган Чарльз Дарвиндин эволюциялык теориясын окутууга батынган. Эки ай өткөндөн кийин мугалимге карата сот иши башталып, ал дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган «маймылдык» сот жараяны атыккандан кийин токтотулган.

Америкалык, италиялык, жапониялык, англис жана француз Кызыл Крест коомдору 1919- жылдын 5-май күнү Париж шаарында «Кызыл Крест лигаларынын коомун» куруу туурасындагы келишимге кол коюшкан. Кийин ал 1991-жылдын ноябрь айында штаб-квартирасы Женева шаарында орун алган «Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай Эл аралык Федерациялар биримдигине» айланган.

Айтылуу «Шанель» атыры 1921-жылдын 5-май күнү Францияда чыккан.

В. В. Маяковскийдин «Төрт кабаттуу халтура» ыры «Комсомольская правда» гезитинин жылдын 5-май күнкү санында жарыяланган.

Биринчи советтик генератор 1927-жылдын 5-май күнү Волхов ГЭСинде сыналган.

Француздар 1946-жылдын 5-майында өткөн референдумда жаңы Конституциянын долбооруна каршы добуш беришкен.

Бельгия, Дания, Франция, Британия, Ирландия, Италия, Люксембург, Нидерландия, Норвегия жана Швеция 1949-жылдын 5-май күнү Европа Кеңешинин Уставына кол коюшкан. Өз убагында европалык интеграция идеясын Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман көтөрүп, келишимге кол коюлган 5-май Европа күнү катары белгиленип келет.

Парагвайдагы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында 1954-жылдын 5-май күнү бийликке Альфредо Стресснер келген.

Армения, Карабак жана Азербайжан 1994-жылдын 5-май күнү жарашуу туурасындагы Бишкек протоколуна кол коюшкан.

Электрондук сыналгынын негиз салуучусу Борис Львович Розинг 1869-жылдын 5-майында жарык дүйнөгө келген.

Эпосторду изилдөө багытында сиңирген эмгеги үчүн 1905-жылы Нобель сыйлыгына арзыган польяк жазуучусу Генрих Сенкевич 1846-жылдын 5-май күнү туулган.
XS
SM
MD
LG