Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

7-май: Тарых барактары


Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген.
Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз калкынын сыймыгы, атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген. Манасчынын киндик каны Тоңдун Ак-Өлөң жергесине тамып, ал бала чагынан чыгармачыл чөйрөдө таалим-тарбия алган.

Саякбай Каралаев кыргыз калкынын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө катышып, анын айынан Кытайга чейин качып, 1917-жылы кайра мекенине кайтып келген. Кыргыз Элдик агартуу комитетине караштуу тил жана адабият илим изилдөө институту С. Каралаев айткан «Манас» эпосун 1930-жылдан тарта жазып алууну баштаган. Айтылуу манасчынын аткаруусунда «Манас» жана эпостун калган үчилтиги эсептелген «Семетей», «Сейтек» толугу менен жазылып алынган.

Кыргыз интеллигенциясынын карлыгач өкүлү Касым Тыныстанов 1921-жылдын 7-майында Ташкент шаарынан Каракол уездине карай сапар тарткан. Буга чейин ал Ташкенттеги № 2-интернатта эмгектенип, жергиликтүү кыргыз жеткинчектерин кат-сабатка окуткан. Касым Тыныстановдун жазганына караганда, ал Караколго ден соолугун чыңдаш үчүн жана окуу усулуна даярдык көрүү максатында аттанган. Анткен менен Караколго келгенден кийин ал коомдук иштерге берилип, кыргыз театралдык тобун уюштуруп, калк арасында жаңы коомдук түзүлүштү түшүндүрүш үчүн агартуу тармагына тартылган.

Кыргыз тамгасын латын алфавитине которуу максатында уюшулган Жаңы Кыргыз Алфавитинин Борбордук Комитети 1928-жылдын 7-майында жыйын өткөргөн. Жыйында «Жаңы алфавит менен басыла турган журнал чыгаруу» маселеси талкууланган. Жыйынга төрагалык кылган Касым Тыныстанов билдирүү жасап, жаңы журнал жана анын максат, милдеттери туурасында түшүнүк берген. Жыйын соңунда беш пункттан турган чечим кабыл алынып, журналды чыгаруу зарылчылыгы белгиленген. Журнал «Жаңы маданият жолунда» аталып, аны ай сайын үч басма табак көлөмүндө жарыялоо туурасында бир чечимге келишкен. «Жаңы маданият жолунда» журналдын жооптуу редакторлугуна К. Тыныстанов дайындалып, редакциялык коллегия Т. Жолдошев, Б. Ысакеевден куралган.

Кыргыз Обком ВКП (б) бюросунун 1937-жылдын 7-май күнкү жыйынында Мамлекеттик терминологиялык комиссияны уюштуруу маселеси каралган. Мамлекттик терминологиялык комиссияны түзүү зарылчылыгы туурасында А. Жумабаев билдирүү жасап, буга чейин көрүлгөн камылга туурасында маалымат берген. Кыргыз тилиндеги тармактык терминдерди иштеп чыгыш үчүн атайын топтор уюшулуп, коомдук-экономикалык терминдерди иштеп чыгуу К. Рахматулинге, адабий тил маселеси К. Тыныстановго, медициналык, физика-математикалык, химиялык жана астрономиялык терминдерди талдоо И. Арабаевге, географиялык терминдер менен иштөө Ж. Шүкүровго жүктөлгөн.

Францискандык монах Виллем Рубрук башында турган элчилик 1253-жылдын 7-майында Константинополдон чыгып, монголдорго багыт алган.

Галилео Галилей 1610-жылдын 7-майында Юпитердин үч жандоочуларын ачкан.

Падыша Федор Алексеевич өлгөндөн кийин 1682-жылдын 7-май күнү такка Алексей Михайловичтин Наталья Нарышкинадан туулган уулу Пётр I отурган. Бирок бир тууганы Софьянын көкүтүүсү менен козголоң чыгарышып, «биринчи» падышалыкка Иван V келген. Пётр «экинчи» падыша атыгып, ал эми Софья алардын регенти болуп жар салынган.

Москва университети 1755-жылдын 7-майынан тарта «Московские ведомости» гезитин чыгара баштаган.

Людвиг ван Бетховендин чыгармачыл чыйырынын туу чокусу эсептелген “Тогузунчу симфония” 1763-жылдын 7-май күнү Вена шаарында аткарылган. “Тогузунчу симфония” Пруссиянын королу Фридрих Вильгельм III арналып, угармандар аны жылуу кабыл алган. Анкен менен оркестрге дирижерлук жасаган композитор музыканы да, угармандардын алкышын да уккан эмес. Людвиг ван Бетховендин ал убакта кулагы керең болуп укпай калган. Ошондуктан ал ыраазы болгон угармандарды жүзүнө жана кыймылына карап туйган экен.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңеши 1940-жылдын 7-май күнү Кызыл Армия үчүн генералдык жана адмиралдык чиндерди кабыл алган.

Эймс шаарында орун алган генерал Д. Эйзенхауэрдин баш кеңсесине келген германдык делегация 1945жылдын 7-май күнү токтоосуз капитуляция актысына кол койгон. Бирок И. В. Сталиндин талабына ылайык бир күн өткөн соң фашисттик Германия Советтик аскерлер тарабынан бошотулган Берлин шаарында токтоосуз жана толук капитуляция актысына экинчи ирет кол коюуга аргасыз болушкан.

Советтер Союзунда 1960-жылдын 7-майында жети сааттык жумушчу күнүн киргизүү туурасында мыйзам кабыл алынган.

Владимир Путин 2000-жылдын 7-май күнү ант берип Орусиянын президенти болуп калган.

Владимир Путин 2004-жылдын 7-майында Орусиянын президенти болуп экинчи жолу ант берген.

Орусиянын үчүнчү президенти Дмитрий Медведевдин инаугурациясы 2008-жылдын 7-май күнү өткөн.

Луи I Бурбон Конде 1530-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген. Ал Гиздерге каршы 1560-жылкы Амбуаз кутумун жетектеп, анын натыйжасында Францияда католиктер менен протестанттар бири-бирин кескилеп өлтүрө башташкан. Диний согуш маалында ал гугеноттордун армиясын жетектеп, 1569-жылкы Жарнак алдындагы салгылашта колго түшүрүлүп өлтүрүлгөн.

Айтылуу англис философу, тарыхчы, экономист жана публицист Дэвид Юм 1711-жылдын 7-майында туулган.

Атактуу немис композитору Иоганнес Брамс 1833-жылы, таанымал композитор Петр Ильич Чайковский 1840-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келишкен.

Айтылуу фольклорист, этнограф Дмитрий Николаевич Садовников 1847-жылдын 7-майында туулган. Дмитрий Николаевич илимий жактан кынтыксыз иштелип чыккан «Орус калкынын табышмактары» аттуу жыйнакты түзгөн.

Немис ойлоп тапкычы жана согуштан кийинки Германияда азыркы радиоэлектрондук өндүрүштү курган Макс Грюндиг 1908-жылдын 7-майында жарык дүйнөгө келген.

Америкалык ойлоп тапкыч, «Полароид» компаниясынын негиздөөчүсү жана «Полароид» сүрөт камерасын чыгарган Эдвин Лэнд 1909-жылдын 7-майында туулган.
XS
SM
MD
LG