Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

9-май: Тарых барактары


9-Май - Улуу жеңиш майрамы.
9-Май - Улуу жеңиш майрамы.

9-Май - Улуу жеңиш майрамы. Бул күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, алар көрсөткөн эрдик Улуу жеңиш тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Кыргызстан жана бир канча Шериктештик өлкөлөрү 8-9-майды Эскерүү жана жарашуу күнү деп жарыялоо өтүнүчү менен 2004-жылы Бириккен Улуттар уюмуна кайрылышкан. Бириккен Улуттар уюму Кайрылууну туура түшүнүү менен кабыл алып, аталган датаны Эскерүү жана жарашуу күнү деп жарыялаган. Ошентип бул күн Экинчи Дүйнөлүк согушта өмүрүн кыйгандарды эскерүү катары майрамдалаары жана мындан ары ал күндүн согуш болтурбоо үчүн күрөштүн символы катары туу тутулаары белгиленген.

Ормон хандын уулу Үмөтаалынын Улуу жүз казактардын приставы М.Д.Перемышлскийге жазган каты орус бийлигигин тынчын албай койгон эмес. Улуу жүз казактардын приставы Үмөтаалынын каты жана анын мазмуну туурасында1854-жылдын 9-майында Өзгөчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдогон. Билдирүүдө ташкенттиктер кыргыздарды орус бийлигине каршы тукуруш үчүн аларга мол белек берип жаткандыгы кабарланат. Мындай мазмундагы маалымат орус бийлигине Үмөтаалынын катынан тышкаары башка кыргыздар да кабарлап аткандыгы айтылат.

В. И. Ленин жана Я. М. Свердловдун колу коюлган ВЦИКтин декрети 1918-жылдын 9-майында жарык көргөн. Анда нан запастарын катып, таңсыктыктан кызыл кулактык жасап аткан кыштак буржуазиясына каршы чечкиндүү чара көрүү туурасында Тамак аш боюнча Эл комиссарларына тапшырма берилет. Аталган декрет Кыргызстан аймагына да тарап, ага ылайык кыргыз байларынын малдары тартылып, ортого алына баштаган.

Түркстан коммунисттик партиясынын VII курултайы 1924-жылдын 9-майында ишин аяктады. Курултайда Түркстандын саясий-экономикалык өнүгүүсү жана улуттук республикалардын өз алдынча уюшулуш маселелери каралган.

Орто Азия аскер округунун Атайын бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Левшиндин буйругу боюнча 1933-жылдын бул күнү Абдыкерим Сыдыков, Турды Акун Сопиев, Султан Курманов, Ишенаалы Арабаев, Касымбай Телтаев, Найзабек Тулин камакка алынган. Аларды камоо токтомун Кыргыз АССР ГПУ начальнигинин орун басары Четвертаков бекитип, аталган адамдарга «контрреволюциячыл аракеттеги элементтер» деген күнөө коюлган.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1954-жылдын 9-апрель күнкү чечимине ылайык, борбор шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталган. Көчөлөрдү тазалоо жана бак отургузуу үчүн 36 километр аралык белгиленип, Ленин, азыркы Чүй проспектиси, Пионер, азыркы Москва көчөлөрүнүн эки тарабына фонарь илинчү тарабы чоюндан жасалгаланган темир устундар орнотула баштаган.

Советтер Союзунун ар кайсыл аймагында партия диктатына каршы саясий акциялар өткөрүлүп компартиянын кедери кетип калган маалда, Кыргызстан Коммунисттик партия Борбордук комитетинин кезектеги пленуму 1990-жылдын 9-апрелинде ишин баштаган. Пленумда коммунисттик партиянын аброюн арттыруу, коммунисттердин аракетин бириктирүү сыяктуу маселерер талкууга алынган.

Айтылуу режиссер Төлөмүш Океев 1993-жылдын бул күнү Кыргызстандын Түркия Республикасына Толук Ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалган. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллигенция үчүн Т. Океевдин элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

Советтик Кызыл Армия 1945-жылдын апрель айында Берлин шаарын курчоого алган. Шаарды коргоого немецтик 62 дивизия анын ичинде 48 пехоталык, 4 танктык жана 10 мотордоштурулган аскер күчтөрү, ошондой эле 37 өзүнчө пехоталык полков жана 100 чамалуу өзгөчө пехоталык батальон тартылган. Жалпы жонунан душмандын аскер күчтөрү миллион чамалуу адамдан туруп, алардын колунда 1 500 танк, 10 400 артиллериялык күчтөр жана миномёттор менен 3 300 согуш учактары топтолгон.

Берлин шаары аскердик чепке айландырылып, көчө согушу үчүн коргонуу чектери камдалган. Берлиндин тышында үч коргоо айлампасы салынып, шаар ичинде 400 темир бетондон курулган ок атуучу жайлар орнотулган.

Советтик армия операция башталаар алдында 1 900 000 адамдан куралган 149 ок атуучу жана 12 кавалериялык дивизиядан, 13 танктык 7 механизацияланган корпус, 15 өзүнчө танктык жана бригададан турган. Берлин шаарындагы нацисттердин уюгу эсептелген рейхстаг үчүн салгылаш 29-апрелде башталган. Бир канча чабуулдан кийин 1-май күнү лейтенант Алексей Берест, сержант Михаил Егоров менен сержант Мелитон Кантария рейхстагга Жеңиш Туусун орнотушкан. Рейхстагдын чатырына андан кийин ар кайсы аскер бөлүктөрүнүн 40 чамалуу туулары сайылган. Анткен менен расмий советтик тарыхнаамада жогоруда аты аталган адамдар гана катталган.

Нацисттик Германиянын толук капитуляциялангандыгы туурасындагы акты Москвага жеткирген А. И. Семенковдун Ли-2 самолету, 1945-жылдын 9-май күнү М. В. Фрунзе атынбагы Борбордук аэродромго конгон.

Христофор Колумб 1502-жылдын 9-май күнү төрт кемеден турган чакан флотилия менен Кадистен чыгып Американы карай сапар тарткан. Кийинки тарых өнүгүүсү көрсөткөндөй бул анын акыркы төртүнчү саякаты болгон.

Орусиядагы айтылуу Тула курал жасоочу заводу 1712-жылдын 9-майында курулган.

Император Пётр I 1719-жылдын 9-май күнү иезуит орденинин өкүлдөрүн Орусия империясынан кууп чыгарууга буйрук берген.

Семинол индеецтердин 15 уруу башчылары 1832-жылдын 9-майында мурда алар жашаган жерди Америка Кошмо Штаттарына сатуу туурасында Флорида шаарында келишимге кол коюшкан.

Австралия парламентинин биринчи жыйыны 1901-жылдын 9-май күнү Мельбурн шаарында өткөн.

Америкалык Анна Жарвис 1907-жылдын 9-май күнү Америка Кошмо Штаттарында Эне күнүн расмий түрдө белгилөө үчүн иш-чара баштаган.

Орус окумуштуусу Б. Л. Розинг 1911-жылдын 9-май күнү дүйнөдө биринчи болуп теле көрсөтүүнү өткөргөн.

Орусиянын Убактылуу өкмөтү 1917-жылдын 9-май күнү басмаларга болгон цензураны толук жойгон.

Москва шаарында 1924-жылдын 9-майында Революция музейи негизделген.

Австралия парламенти 1927-жылдын 9-май күнү өлкөнүн жаңы борбору Канберрага көчүп келген.

Бенито Муссолини 1936-жылдын 9-май күнү Эфиопиянын Италияга кошулгандыгын жар салган.

4-Украин фронту 1944-жылдын 9-май күнү Севастополь шаарын бошоткон.

Согуштан кийин калыбына келтирилген Ленинград шаарындагы Мамлекеттик Орус музейи 1946-жылдын 9-май күнү ачылган.

Германия Федеративдик Республикасы 1955-жылдын 9-майында НАТОго кабыл алынган.

Америка Кошмо Штаттарынын армиясында кызмат өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн Мухаммед Али 1967-жылдын 9-май күнү профессионалдар арасындагы боксчулардын чемпиондук титулунан айрылган.

Тоолуу Карабактын аскердик күчтөрү 1992-жылдын 9-майында Шуша шаарын ээлеп алышкан.

Орусиянын президенттик жардыгы менен 1994-жылдын 9-майында Жуков ордени жана Жуков медалы белгиленген.

Грозный шаарындагы стадиондо 2004-жылдын 9-май күнү жасалган террордук чабуулдун натыйжасында Чечен республикасынын президенти Ахмад Кадыров дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG