Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

11-май: Тарых барактары


чемпиону Гарри Каспаров 1997-жылдын 11-майында ИБМ «Дип блю» компьютерине жеңилгенин мойнуна алган.
чемпиону Гарри Каспаров 1997-жылдын 11-майында ИБМ «Дип блю» компьютерине жеңилгенин мойнуна алган.

Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд Ормон ханга Или дарыясынын боюна көчүп келишине уруксат берүү туурасында өтүнүч кат менен 1852-жылдын 11-майында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментине кайрылган.

Кайрылууда Ормон ханга жасалчу мындай ырайым анын казак султаны Кененсары Касымовду жоготкондугунун урматына көрсөтүлөт деп белгиленет. “Мындан тышкары бул жердин кыргыздарга берилиши империя кызыкчылыгына дал келсе экинчи жагынан, кыргыздарды өзүбүзгө тартып, жакындатуу максатын көздөйт” деп айтылат аталган кайрылууда.

Сузак, Кара-Суу, Жалал-Абад аймагында 1918-жылдын бул күндөрү эмгекчилердин «Кызыл ай», «Айкап» аталган коомдук уюмдары уюшулган.

Фрунзе шаарында 1926-жылдын бул күндөрү аялдардын тең укуктуулугун орнотуу үчүн кыймыл башталган. Анын өкүлдөрү Фрунзе округунда орун алып келген теңсиздикти жоюу үчүн чечкиндүү аракет жасоого киришкен. Адегенде алар «тоок куш эмес, аял адам эмес» деген эркектердин сөзүн ашкерелешип, аялдарды коомдук, саясий турмушка тартып, жетекчи кызматтарга орноштуруу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

В. И. Лениндин Кызыл армияга орус эмес калктардын өкүлдөрүн чакыруу жардыгына жараша 1920-жылдын бул күндөрү Кыргызстан аймагында аскерге алуу жана атчандар кавалериясын куруу багытында агитация иштери жүргүзүлгөн.

Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1926-жылдын 11-май күнкү чечимине ылайык Пишпек шаары Фрунзе аталышына өзгөртүлгөн. Ошентип шаардын чыгыштык аталышынан айрылышы анын батыштык үлгүдө келишкен маданият ордосуна айланышына багыт берген.

Советтер Союзу менен Жапония ортосунда согуш 1939-жылдын 11-май күнү башталган. Халхин Гол үчүн согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, алар жеңишти камсыз кылууда өз салымдарын кошушкан.

Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарына жаңы технологиялык жаңылык 1976-жылдын бул күндөрү келген. «Кыргызстан» мейманканасынын так чокусуна жүгүртмө жарнама орнотулуп, анда республикада жана Фрунзе шаарында болгон жаңылык, жардыктар жарыяланып турган.

Бишкек шаарында биринчи жолу «Кыргызстан-99» аталган эл аралык жарманке 1999-жылдын 11-май күнү ачылган. Жарманкеге Кыргызстандын ишканалары жана чет элдик өнөр жай продукциялары көргөзүлүп, ишкерлер арасында соода байланыштын жаралышына өбөлгө түзүлгөн.

Христиандык ишенимди кабыл алган чыгыш Рим императору Улуу Константин байыркы гректердин Византия колониясынын ордуна империянын жаңы борборун негиздеп, 330-жылдын 11-май күнү ага Константинополь аталышын берген.

Кытай монахы Ван Цзе 868-жылдын 11-май күнү «Алмаз сутрасын» чыгарган.

«Сиам эгиздери» аталышынын жаралышы 1811-жылдын 11-майында жарык дүйнөгө келген Чанг жана Энг Банкерлерге байланыштуу. Мурдагы Сиам, азыркы Таиланд мамлекетинде жарык дүйнөгө келген эгиздер бири-бири менен биригип төрөлгөн. Белинен бириккен эгиздер медицина дүйнөсүнө жаңылык алып келген. Сиам өлкөсүнүн падышасы эгиздерди өлтүрүүгө буйрук берген. Бирок балдардын энеси аларды чанбай багып алгандыгына байланыштуу падыша мурдагы жардыгын кайра алганга мажбур болгон.

Миннесота 1858-жылдын 11-майында 32-штат катары Америка Кошмо Штаттарынын курамына кабыл алынган.

Макс Хедел 1878-жылдын 11-майында Германия императору Вилгелм I кол салган.

Томь технологиялык институту (азыркы Томь политехникалык университети) 1896-жылдын 11-май күнү негизделген.

Петербургдук «Новое адмиралтейство» заводу 1900-жылдын 11-майында «Аврора» крейсерин сууга түшүргөн.

Альберт Эйнштейн 1916-жылдын 11-май күнү салыштырмалуу теориясын илим коомчулугуна сунуш кылган.

Америкалык киноискусство академиясы 1927-жылдын 11-майында негизделген.

Ригадагы Этнографиялык музей 1932-жылдын 11-майында ачылган.

РСФСРдин Конституциясы 1937-жылдын 11-майында кабыл алынган.

Мамлекеттик Коргоо комитети 1944-жылыдн 11-май күнү татар, болгар жана гректерди Крымдан депортациялоо туурасында Токтом кабыл алган.

Сиам королдугу 1949-жылдын 11-майында жаңыча Таиланд аталган.

Европадагы тынчтыкты сактап, коопсуздукту арттырууга багытталган сегиз социалисттик өлкөлөрдүн жыйыны 1955-жылдын 11-май күнү Варшава шаарында ишин баштаган. Жыйын соңунда достук жана кызматташуу, бири-бирине жардамдашуу келишимине кол коюлган.

Германия жана Берлин маселесине арналган СССР, АКШ, Британия жана Франция мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны 1959-жылдын 11-майында Женева шаарында ишин баштаган.

Израилдик чалгынчылар 1960-жылдын 11-май күнү нацисттик кылмышкер Адольф Эйхманды Буанес-Айрестен кармашып, аны жашыруун өлкө тышына чыгарып, Израилге алып келишкен.

Британия, Дания жана Ирландия 1967-жылдын 11-май күнү Европа Экономикалык биримдигине кошула тургандыгын расмий түрдө билдиришкен.

Бахрейн аралдарынын тагдыры эки кылым чамалуу Иран менен Британия өлкөлөрү ортосунда талаш туудуруп келген. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 1970-жылдын 11-майында Бахрейн аралдарына эгемендик ыйгаруу маселесин оң чечип берген.

Индия өкмөтү 1987-жылдын 11-майныда Пенджаб штатына түз башкаруу киргизген.

Шахмат боюнча дүйнө чемпиону Гарри Каспаров 1997-жылдын 11-майында ИБМ «Дип блю» компьютерине жеңилгенин мойнуна алган.
XS
SM
MD
LG