Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

15-май: Тарых барактары


15-май - Үй-бүлөнүн эл аралык күнү
15-май - Үй-бүлөнүн эл аралык күнү

Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитети 1918-жылдын 15-майында облус жана уезддик Комиссарлар кеңешин куруу туурасында чечим кабыл алган. Ошондой эле ал Кеңештерге караштуу улуттук секцияларды түзүп, анда айыл, кыштактарда бийлик органдарын уюштуруу жана бай, манаптарга каршы күрөш жүргүзүү сыяктуу маселелер чечилген.

Нарын уезддик партиялык I Уюштуруу конференциясы 1919-жылдын бул күнү ишин баштаган. I Уюштуруу конференцияда партиянын шаардык катчысын шайлоо маселеси каралган.

Түркстан ишчи аялдарынын I курултайы 1920-жылдын бул күнү Ташкент шаарында ишин баштаган. Курултайда Түркстан фронтунун башкы командачысы М. В. Фрунзе сөз сүйлөп, экономикалык жаңылануу, жаңы коом куруу үчүн эмгекчилердин козголушу жана чыгыш аялдарын коомдук ишке тартуу маселелери күн тартибине коюлган.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 1992-жылдын 15-майында Ташкент шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишимине кол коюшкан. Келишим Бириккен Улуттар уюмунун Уставында каралган аймактык коопсуздук боюнча аскердик уюмдашуусуна дал келген жана айрым Шериктеш өлкөлөрдүн аскердик коргонуу концепциясына жооп берген.

Кытай 1995-жылдын 15-май күнү өзөктүк бомбанын кезектеги сыноосун өткөргөн. Жардыруу Такла Макан чөлүндө жасалып, адистердин айтымында, кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону баштаган жана мындан Кыргызстандын экологиясы жабыр тарткан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сыноону айыптап атайын билдирүү кабыл алган. Билдирүүдө Кыргызстандын табиятына, адамдардын ден соолугуна залака келгени белгиленген.

Мамлекет башчысынын 1996-жылдын 15-майдагы жардыгына ылайык, Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнө арналган аллея ачылган.

«Улуу Жибек жолунун тилкесиндеги көчмөндөр коому менен отурукташкан оазистердин өз ара таасирлешүү шартындагы мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү» аттуу эл аралык илимий конференция 2003-жылдын 15-май күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган конференцияга Орусия, Германия, Казакстан, Кытай, Монголия, Франция, Түркия жана Украина өлкөлөрүнөн келген илимпоздор катышкан.

Дүйнө коомчулугу 15-майда Үй-бүлөнүн эл аралык күнүн белгилейт. Үй-бүлөнүн эл аралык күнү Бириккен Улуттар уюмунун 1993-жылкы Башкы Ассамблеясында кабыл алынган. Үй-бүлө коомдун негизги институту катары адамдын социалдашуусунун биринчи кадамын белгилеп, ал айлана-чөйрөгө жараша өзгөрүп турат.

Үй-бүлө коомдун негизги элементи катары адамзат баалуулук казынасынын кызматын аткарып, маданий жана тарыхый дөөлөттү муундан-муунга мураска калтырууда алмашкыс роль ойнойт. Үй-бүлө канчалык бекем болсо, мамлекеттин да экономикалык күч-кубаты көтөрүлөт. Ошондуктан үй-бүлөнүн абалына жараша мамлекеттин өнүгүү деңгээли аныкталат.

Киевдик боярин Петрилдин 1157-жылдын 15-май күнү өткөн тоюнда Суздал жана Киев князы Юрий Долгорукий ууландырылган.

Немис астроному Иоганн Кеплер 1618-жылдын 15-май күнү планеталардын кыймылын аныктаган мыйзамды ачкан.

Кара жоогазынды ачканы үчүн Корнелиус жана Роза Барл 1673-жылдын 15-май күнү атайын сыйлык менен сыйланышкан.

Король Георг II 1730-жылдын 15-май күнү “Виг” партиясынын лидери Роберт Уолполду Британиянын тарыхындагы биринчи премьер-министрлик кызматына бекиткен.

Санкт-Петербург шаарындагы Бий мектеби 1738-жылдын 15-май күнү ачылган.

Англия мамлекети 1756-жылдын 15-май күнү Францияга согуш жарыялап, анын натыйжасында жети жылдык согуш алааматы тутанган.

Франция 1768-жылдын 15-майында Корсиканы Генуядан сатып алган.

Санкт-Петербург шаарында 1846-жылдын 15-май күнү Императордук Орус археологиялык коому курулган.

Польшадагы революция басылгандыгы туурасында кабардан кийин 1848-жылдын 15-май күнү Париж шаарында коммунисттик козголоң башталган. Жумушчулар бийликти кулатып, Убактылуу администрация уюштурушкан.

Орусияда жөөттөрдүн укуктарын чектеген убактылуу жобо 1882-жылдын 15-май күнү кабыл алынган. Жобого ылайык жөөттөрдү окуу жайларына кабыл алуу саны чектелген.

Дүйнөгө оюн бизнесинин борбору катары атагы тараган Лас-Вегас шаары 1905-жылдын 15-май күнү түптөлгөн.

«Физкультура и спорт» журналынын биринчи саны 1922-жылдын 15-май күнү жарык көргөн.

ВКП(б) Борбордук Комитети менен СССР Элдик Комиссарлар Кеңеши 1934-жылдын 15-май күнү «СССР мектептеринде Ата мекендин тарыхын окутуу туурасында» Токтом кабыл алган.

Карлис Улманис 1934-жылдын 15-май күнкү аскердик төңкөрүштүн натыйжасында Латвиянын премьер-министрлик кызматын ээлеген.

Москва метрополитенинин биринчи багыты 1935-жылдын 15-май күнү ачылган.

«Барборос» планына ылайык гитлердик Германия 1941-жылдын 15-май күнү Советтер Союзуна кол салууну мерчемдеген. Анткен менен фашисттик армияга каршы Югославия менен Грециядагы айыгышкан согуш айынан кол салуу алты жумага кеч калган.

Коминтерн (Үчүнчү Интернационал) уюму расмий түрдө 1943-жылдын 15-май күнү таратылган.

Советтер Союзу, Америка Кошмо Штаттары, Британия жана Франция оккупациялык күчтөрү менен Австрия мамлекети ортосундагы келишимге 1945-жылдын 15-май күнү кол коюлган. Келишимге ылайык Австрия бейтарап мамлекет деп жарыяланып, анын аймагында орун алган оккупациялык күчтөр өлкө тышына чыгарылган.

АКШ президенти Гарри Трумэн Британия үчүн 3,75 миллиард доллар көлөмүндө насыя берүүгө 1946-жылдын 15-май күнү кол койгон.

СССР, АКШ, Англия, Франция жана Австрия 1955-жылдын 15-майында эркин жана демократиялык Австрияны калыбына келтирүү туурасында Мамлекеттик келишимге кол коюшкан.

Эл аралык олимпиадалык комитет Түштүк Африка Республикасын апартеид саясатын жүргүзгөндүгү үчүн 1970-жылдын 15-май күнү мелдештерден чыгарган.

Советтер Союзу 1988-жылдын 15-майынан баштап өз аскерлерин Ооганстандан чыгарууга киришкен.

Орусиянын Мамлекеттик думасы 1999-жылдын 15-май күнү президент Борис Ельцинге импичмент көрсөтүү маселесин караган. Бирок бир пункт боюнча да жеткиликтүү добуш топтолгон эмес.

Атактуу жазуучу Михаил Афанасьевич Булгаков 1891-жылдын 15-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Таанымал саясатчы, Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт 1937-жылдын 15-майында туулган.
XS
SM
MD
LG