Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

30-май: Тарых барактары


«Немига» метро станциясында 1999-жылдын 30-май күнү 54 адам өлгөн.
«Немига» метро станциясында 1999-жылдын 30-май күнү 54 адам өлгөн.

Энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак 1667-жылы жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. Гарнизонду 376 адам кайтарып, чабуулдан алар оор жоготууга дуушар болгон. Гарнизон жоокерлеринин 39у өлүп, 203ү жаракат алып, 49 адам кыргыздар тарабынан туткундалган.

«Туркестанские ведомости» гезити 1889-жылы бейтааныш кыргыз жазган макаланын орусча котормосун жарыялады. Макала автору Пишпек жана Пржевальск уездинде өткөн элдик соттордун, т. а. бийлердин курултайы жөнүндө маалымат берген.

Кыргыз калкынын каарман атуулу, Советтер союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 1922-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген. Д. Асановдун киндик каны Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылына тамып, ал Улуу Ата мекендик согуштан кийин 1-Ульяновск танкалык аскер училищесин, Танкент жогорку танкалык училищени, аскер-саясий академиясын ийгиликтүү аяктаган. Улуу Ата мекендик согушта ал Түштүк-Батыш, Воронеж, Дон, Сталинград, Степь, 2-Украина фронтторуна катышкан. Дайыр Асанович отставкага 1994-жылы генерал-майор даражасында кеткен.

Тажрыйбалуу сибирдик алтын издегич Петр Архипов 1936-жылы Үстүңкү Нарындан алтын кенин издеп баштаган. П. Архиповдун изденүүсү текке кетпей, Кумбел жеринен алтын чыккан. Биринчи тазалоодон соң мамлекетке алтын тапшырылып, П. Архиповго «Нарындагы алтын кенинин биринчи ачуучусу» деген расмий документ тапшырылган.

Кыргызстан (большевиктер) Компартиясынын Борбордук комитети 1948-жылдын бул күнү «советтик патриотизмге тарбиялоодо кетирилген оор каталардын» бетин ачкан. “Ачыкка чыгарылган” окумуштуулардын көч башына С. М. Абрамзондун «Очерки истории киргизской культуры» эмгеги коюлган. Мындан тышкары Байжиев, Бектенов, Саманчин, Самарин жана башка «бир канча фрунзелик окумуштуулардын» эмгектери зыяндуу чыгармалардын тизмегине алынган.

Фрунзе шаардык эмгекчилер депутаттарынын кеңеши 1954-жылдын бул күнү борбор шаардын борбордук өчөлөрүндө унаа арабалардын жана оор жүк ташыган машиналардын жүрүшүнө тыюу салган чечим чыгарган.

Президент Аскар Акаев 2000-жылдын 30-май күнү орус тилине расмий тил макамын ыйгарган мыйзамга кол койгон.

Католик чиркөөсү 1416-жылдын 30-май күнү чех диний реформатору Иероним Пражскийди отко жаккан.

Руан шаарында 1431-жылдын 30-май күнү Жанна д’Арк өртөлгөн. Жанна д’Арк Жүз жылдык согуштун каарманы атыгып, ал еретиктик көз карашы үчүн курмандыкка чалынган.

Германиянын Марбург шаарында 1527-жылдын 30-май күнү университет негизделген.

Францияда 1631-жылдын 30-май күнү «La Gazette» аталыш менен маалымдоо каражаты жарык көргөн. Ошентип гезит аталышы бардык европалык тилдерге кабыл алынган. Тарыхчылардын айтымында, гезиттердин алгачкысы антикалык Римде жыгач тактайларга жазылган күндөлүк жаңылыктар эсептелинет. Байыркы римдиктер аны «Рим калкынын күндөлүк иштери» деп атап, шаардагы жана дүйнөдөгү кабарларды көз жаздымда калтырбоого аракет жасашкан.

Москва шаарындагы биринчи политехникалык көргөзмө 1872-жылдын 30-май күнү ачылган.

Америкалык магнат Уильям Вандербилт 1879-жылдын 30-май күнү Нью-Йорк шаарында «Мэдисон-Сквер-Гарден» аталган эбегейсиз спорттук борбордун курула тургандыгын билдирген.

Дүйнөдөгү биринчи кырсыкка жол ачкан каргаша 1896-жылдын 30-май күнү Нью-Йорк шаарында болгон. Генри Уэллс башкарган унаа Ивлин Томас аттуу велосипедчини сүзгөн. Велосипедчинин буту сынган.

Николай II Москва шаарындагы Ходын талаасында такка отургузуу салтанат маалында 1896-жылдын 30-май күнү миңдеген адамдар бири-бирин басып өлтүрүшкөн. Императордун такка отургандыгына байланыштуу өткөн салтанатка катышкан калк күүлөнүп, анын акыры коогалаңдуу шойкум менен аяктаган. Мындан улам бул күн орус тарыхында Ходын коогалаңы деп аталып калган.

ВКП(б) Борбордук Комитети 1950-жылдын 30-майында майда колхоздорду ирилештирүү туурасында токтом кабыл алган.

Испания 1982-жылдын 30-май күнү он алтынчы өкүл болуп НАТО уюмуна кабыл алынган.

Минск шаарындагы «Немига» метро станциясында 1999-жылдын 30-май күнкү түртүштөн 54 адам өлгөн. Минск спорт сарайында өткөн «Мир» радиосунун бир жылдык салтанатына катышкан 14 жана 18 жаштагы жаштар күтүүсүз жааган нөшөрлөгөн жамгырга кабылып, «Немига» метро станциясына кире качышкан. Өрөөпкүгөн жаштар бири-бирин тебелеп, ал адам өлүмүнө себепкер болгон.
XS
SM
MD
LG