Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

4-июнь: Тарых барактары


Жорж Сорос
Жорж Сорос

Айтылуу Бурана тарыхый эстелигинин жанынан чыккан уникалдуу табылга туурасындагы кабар 1954-жылдын бул күнү коомчулукка маалым болгон. Чүй районунун Дөң-Арык МТСинин трактористтери «Панфилов атындагы» колхоздун жерин түздөп жатып диаметри 90 сантиметр, бийиктиги 1, 2 метрлик идишти табышкан. Идиштин ичинен чыккан жарым жартылай бузулган адамдын сөөгү археолог адистердин иликтөөсүнө алынган.

Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген белгилүү финансист Жорж Соростун сапары 2003-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Ж. Сорос Бишкек шаарында орун алган Борбор Азиядагы Америка университетинин 10 жылдык салтанатына катышып, 150 бүтүрүүчүгө диплом тапшырган. Айтылуу филантроп Борбор Азиядагы Америка университетинин аймактагы кызматташтыкты арттырууга олуттуу салым кошоорун белгилеп, андагы академиялык эркиндикти кубаттаган. Жорж Сорос бул жолку иш сапары маалында президент Аскар Акаев менен жолугушуп, алар университеттин студенттери үчүн курула турган жатаканага байланыштуу меморандумга кол коюшкан.

«Freedom Hоuse» уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн укук коргоочулардын жана журналисттердин семинары 2003-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Семинарда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана аны жакшыртуу жагдайы талкууланып, соңунда кыргыз өкмөтүнө сунуштар кабыл алынган.

Кыргызстан сотторунун республикалык кеңешмеси 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында өткөн. Республикалык кеңешмеде сот реформасын өнүктүрүү, адилет жана айкын сот системасын куруу зарылчылыгы белгиленген. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Юстиция министрлиги менен Сот департаментин Жогорку Соттун карамагына берүү зарылчылыгына токтолгон. Кеңешме ишине президент А. Акаев, премьер-министр Н. Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А. Эркебаев баштаган өлкө жетекчилиги катышкан.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан даярдалган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык протоколу” аттуу китептин бет ачары 2004-жылдын 4-июнь күнү өткөн. Китепте кыргыз дипломатиясы, ата мекендик дипломатиянын протоколдук тарыхы баяндалат. Мындан тышкары биринчи дипломатиялык эмгектин автору, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколдор кызматынын жетекчиси Мирбек Эшалиев мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар менен сапарларды уюштуруу, мамлекет башчыларын тосуунун эрежеси, дипломатиялык чөйрөдөгү этикет сыяктуу орчундуу маселелерди чагылдырууга жетишкен.

Калк арасында «мародерлердун күнү» делген 24-марттагы талоондо мүлкүнөн айрылгандар 2005-жылдын 4-июнь күнү өкмөт үйүнүн каршысына пикетке чыгышты. Талоондон жапа чеккен пикетчилер 1, 5 миң соодагердин чыгымы 1 жарым миллиард сомго жеткендигин билдиришип, аны өкмөттөн өндүрүп берүүнү талап кылышкан.

Чукул өткөрүлгөн президенттик шайлоого талапкер катары катталган Токтайым Үмөталиева, Назарбек Нышанов, Урмат Барыктабасов жана Аманбай Сатыбаев 2005-жылдын 4-июнда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырышкан. Лингвистикалык комиссия сынак соңунда төрт талапкердин тил билимин оң баалап, алардын баары тең мамлекеттик тилди билет деген жыйынтык чыгарган.

АКШ коргоо министри Роберт Гейтс 2007-жылдын 4-июнь күнү Кыргызстанга иш сапары менен келген.

4-июнь агрессия запкысын тарткан бейкүнөө балдардын эл аралык күнү. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 1982-жылы өткөн чукул чакырылган жетинчи сессиясында бул күндү белгилөө зарылчылыгы көтөрүлгөн. Ошентип бул майрам 1983-жылдын 4-июнунда биринчи жолу белгиленген. Бириккен Улуттар уюмунун аталган көйгөйгө көңүл бурушу Израиль мамлекетинин 1982-жылы Бейрутка кол салып, анын айынан бейкүнөө балдардын запкы чегиши себеп болгон.

Африкалык кулдар биринчи жолу 1716-жылдын 4-июнь күнү Түндүк Америкадагы Луизианага алынып келген.

Витус Беринг жетектеген орус экспедициясы 1741-жылдын 4-июнь күнү Камчаткадан чыгып Аляскага багыт алган.

Америка Кошмо Штаттарынын бийлик резиденциясы эсептелген Вашингтондогу Ак үйдүн курулушу 1800-жылдын 4-июнь күнү бүтүп, ага президент Жон Адамс үй-бүлөсү менен көчүп келген.

Орусия менен Кытай малекеттери 1896-жылдын 4-июнь күнү Москва шаарында жашыруун келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык Орусия Кытай өлкөсүн Жапониянын кол салуусунан коргоого кепилдик берген. Орусия ал үчүн Маньчжурияда Чыгыш-Кытай Темир жолун курууга уруксат алган.

«Крокодил» сатиралык жумалыгы 1922-жылдын 4-июнь күнү жарык көргөн. Адегенде ал «Рабочий» гезитине тиркеме катары басылып, 13-санынан кийин журнал «Крокодил» аталышын алган.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти 1956-жылдын 4-июнь күнү Н. С. Хрущёвдун КПССтин XX съездинде жасаган «Жеке адамга сыйынуу жана анын кесепеттери туурасындагы» «жашыруун» билдирүүсүн жарыялаган.

Советтер Союзундагы мамлекеттик мүлккө сугун арткандарга каршы тартылган «Фитиль» сатиралык киножурналынын биринчи саны 1962-жылдын 4-июнь күнү экранга чыккан.

Шри-Ланка 2000-жылдын 4-июнь күнү өлкөдө демонстрация өткөрүүгө тыюу салган.
XS
SM
MD
LG