Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

8-июнь: Тарых барактары


8-июнь – Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү.
8-июнь – Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү.

Пишпек айыл чарба коомунун төрагасы Михаил Воскресенский 1919-жылдын бул күнү шаарда айыл чарба көргөзмөсү ачыла тургандыгын кабарлаган. Ал Пишпек шаарынын жана анын айланасындагы айыл-кыштактардын жер иштетүү ыкмасын «Батыш Европа менен Түндүк Американын алдыңкы калктарынын деңгээлине жеткирүү» туурасында ураан таштаган.

Кыргыз кедей-кембагалдарынын башын бириктирген «Кошчу» уюму 1921-жылдын бул күнү уюшулган. «Кошчу» уюму жаңы социалисттик системаны курууда жана бай, манаптар менен күрөштө большевиктердин таптык таянычы болуп берген. Аталган саясий окуяга байланыштуу борбор шаардын негизги көчөлөрүнүн бири эсептелген Уездная-Кошейная болуп өзгөртүлгөн. Бирок «Кошчу» уюму 20-жж. соңунда таратылгандыгына байланыштуу «Кошчу» аталышы өзүнөн-өзү унутулган. Ал эми аталган көчө 1934-жылы Киров ысмын алганга чейин Кощейная аталып келген.

«Кошчу» уюмунун уюшулгандыгынын 5 жылдыгы 1925-жылдын бул күнү өкмөттүк деңгээлдеги салтанат менен белгиленген. Салтанатка катышкандар Кыргызстандагы социалисттик бийликтин орношуна, коммунисттик идеалдардын жайылышына жана теңчил заман курууда «Кошчу» союзунун салымын жогору баалашкан. Мындан тышкары бул күнгө утурлай «Кошчунун» катары 1045 кыргызстандык аял менен толукталган.

Кыргыз облустук VI партиялык конференциясы 1930-жылдын бул күнү ишин баштаган. Конференцияда Борбордук комитеттин жана Орто Азия ВКП(б) Борбордук комитетинин доклады, обком партиянын, ревизиялык комиссиянын отчеттору угулуп, обкомдун жана ревизиялык комиссиянын курамы бекитилган.

Кыргызстан аба транспорту үчүн 1934-жылдын 8-июну маанилүү даталардын бири эсептелинет. ПО-2 учагы ушул күндүн таңында Фрунзеден Нарынга багыт алган. Учкучтар бийик тоолуу Нарынга жетүү үчүн Балыкчы аркылуу кеткен аба жолун тандашып, максималдуу 625 км бийиктикке көтөрүлүп Нарынга ийгиликтүү конушкан. Учкучтар Кыргыз обкомуна «Фрунзе-Нарын аба жолу ачылды» деп рапорт беришкен. Ошентип тоолуу аймакты борбор менен байланыштырган аба жолу ишке киргизилип, тоолуу районго медициналык жардам көрсөтүү, илим-билим жана маданий багыттагы байланыштар ыкчамдаган.

8-июнь - Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Эл аралык деңгээлде океандар күнүн белгилөө маселеси расмий түрдө Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн саммите көтөрүлүп, Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы 2009-жылдын 9-февралында бул датаны майрам күн катары жарыялаган.

Богдан Хмельницкий 1648-жылдын 8-июнь күнү орус падышасы Алексей Михайловичке Украинаны Орусиянын курамына кошуу өтүнчү менен кайрылган.

Британиянын Королдук коомунун 1758-жылдын 8-июнь күнкү жыйынында аглис оптиги Жон Доллонд көрүүчү түтүк үчүн ахроматикалык объективди тапкандыгын билдирген. Телескоп жана микроскоптор үчүн маанилүү техникалык ачылыш үстүндө убагында Исаак Ньютон сыяктуу окумуштуулар иштеп, бирок алардын аракетинин акыбети кайткан эмес.

Михаил Ломоносов 1761-жылдын 8-июнь күнкү сыноо маалында Венера планетасынын атмосферасын ачкан.

Квебектик Ноа Кашинг аттуу ойлоп табуучу 1824-жылдын 8-июнь күнү кир жуугуч машинени патенттеген.

А. С. Пушкин 1827-жылдын 8-июнь күнү Вяземскийге төмөнкүдөй мазмунда кат жазган: «Мен, албетте, өзүмдүн мекенимди башымдан тарта аягыма чейин жек көрөм. Бирок качан чет өлкөлүк менин пикиримди тең бөлүшкөнгө келгенде мага өкүнүчтүү боло түшөт».

Чикаголук Айвз Макгаффи 1869-жылдын 8-июнь күнү чаң соргуч машинаны патенттеген.

Лос-Анджелес шаарында орун алган «Юниверсал» киностудиясы 1912-жылдын 8-июнь күнү уюшулган.

Карель эмгек коммунасы 1920-жылдын 8-июнь күнү курулган.

Менделеевдин мезгилдик таблицасындагы 93-элемент эсептелген нептуний 1940-жылдын 8-июнь күнү ачылган.

Журналисттердин Эл аралык уюму 1946-жылдын 8-июнь күнү уюшулган.

Советтер Союзунун футболдук командасы 1958-жылдын 8-июнь күнү дүйнөлүк чемпионатка биринчи жолу катышып, Англия командасы менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

Исландия 1964-жылдын 8-июнь күнү ЮНЕСКО уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Советтер Союзундагы тарых эстеликтерин жана маданият үлгүлөрүн коргоо коому 1966-жылдын 8-июнь күнү курулган.

Леонид Гайдайдын «Он эки үстөл» аттуу тасмасы 1972-жылдын 8-июнь күнү экранга чыккан.

«СССРдагы кооперация туурасындагы» мыйзам 1988-жылдын 8-июнь күнү кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG