Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

11-июнь: Тарых барактары


Николай Гоголдун «Өлүк жандар» поэмасы 1842-жылдын 11-июнь күнү жарык көргөн.
Николай Гоголдун «Өлүк жандар» поэмасы 1842-жылдын 11-июнь күнү жарык көргөн.

Кыргызстанда жашаган аз сандуу калктардын сабатын жоюу иши 1927-жылдан тарта кызуу жүргүзүлө баштаган. Кыргыздын туңгуч агартуучусу, окумуштуу Касым Тыныстанов ушул жылдын аягында уйгур алфавитинин долбоорун жыйынтыктап, андан соң дунган алфавитин түзүүгө киришкен.

Дунган алфавитин иштеп чыгып, аны калк арасына жеткирүү максатында, дунган калкынан чыккан мугалимдерди даярдоо жана илимий конференцияларды уюштуруу иши белгиленген. Дунган кеңешинин чечимине ылайык 1928-жылдын бул күндөрү калк арасында жаңы дунган алфавитинин мааниси туурасында агартуу иштери жүргүзүлө баштаган.

Кыргыз элдик ырларын чогултуп, аларды жарыялоо жагынан музыкачы-этнограф А. В. Затаевич албан иш аткарганы маалым. Таанымал музыка таануучуну Кыргызстанга чакырып, элдик ырларды чогултуу ишин Кыргыз академиялык борбордун жетекчиси Т. Жолдошев колго алган. Кыргыз академиялык борбордун демилгеси менен А. В. Затаевич Москва шаарынан чакырылып, ал аткарган иштин сыйлык көлөмү өзүнчө келишим түрүндө белгиленген. Адисти Кыргызстанга чакырган телеграммага Кыргыз академиялык борбордун жетекчиси Т. Жолдошев 1928-жылдын 11-июнь күнү кол койгон.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку соту 1948-жылдын 11-июнунда Фрунзе шаардык № 490 сактык кассасынын 13 кызматкерине козголгон кылмыш ишин карап бүткөн. Жогорку соттун бүтүмүнө ылайык, кылмыш иши козголгон кызматкерлердин бардыгы күнөлүү деп табылган. Советтер Союзунда өткөрүлгөн акча реформасынан кийин сактык кассанын кызматкерлери мыйзамсыз акча жүгүртүп, мамлекетке 662 миң рубль көлөмүндө зыян келтиришкен. Жогорку соттун өкүмү менен операциялык бөлүмдүн башчысы 25 жылга, калган кызматкерлер 10дон 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки кезектеги оор сыноо 1994-жылдын жай айында башталган. Айрыкча борбор шаарда башаламан базар алааматы каптап, акыр-чикирлер көчөгө төгүлүп, санитардык абал кескин начарлаган. Анын натыйжасында, борбор шаарда ич келте, дизентерия сыяктуу жугуштуу оорулар күч алган. Бишкек шаардык бийлигинин 1994-жылдын 11-июнь күнкү чечимине ылайык, борбордо чукул санитардык абал киргизилген. Шаардык бийликтин чечимине ылайык, ылдам бузула турган тамак-аштарды көчө каптаган базарларда сатууга тыюу салынган.

Византия империясы 1125-жылдын 11-июнь күнү кулаган.

Христофор Колумб 1496-жылдын 11-июнь күнү экинчи деңиз саякатын аяктаган.

Испандык конкистадорлор 1580-жылдын 11-июнь күнү Буэнос-Айрес шаарын түптөшкөн.

Жеймс Кук 1770-жылдын 11-июнь күнү Австралиянын жээгинде орун алган Чоң Барьердик рифти ачкан.

Николай Гоголдун «Өлүк жандар» поэмасы 1842-жылдын 11-июнь күнү жарык көргөн.

Кытайдагы «Реформанын жүз күндүгү» 1898-жылдын 11-июнь күнү калкка кабарланган.

Бүткүл орусиялык айыл чарба көргөзмөсү 1913-жылдын 11-июнь күнү Киев шаарында ачылган.

Казак калкынын улуттук «Алаш» кыймылы Совет бийлигинин бардык декреттерин Казакстан аймагында мыйзамсыз деп 1918-жылдын 11-июнь күнү жар салган.

«Тухачевскийдин иши» боюнча 1937-жылдын 11-июнунан 12-июнга караган түнү М. И. Тухачевский, И. Э. Якир (Киев аскер округунун аскер командачысы), И. П. Уборевич (Белорусь аскер округунун аскер командачысы), Аскер Академиясынын начальниги А. И. Корк ж.б. советтик аскер жетекчилери атылган.

Шарль де Голль жетектеген Франция өкмөтүн биринчи болуп 1943-жылдын 11-июнь күнү Уругвай тааныган.

Украинанын Министрлер Кеңеши 1965-жылдын 11-июнь күнү Донецк мамлекеттик университетинин (азыркы ДонНУ) жобосун бекиткен.

Орусиядагы ваучердик менчиктештирүү туурасындагы мамлекеттик программа 1992-жылдын 11-июнь күнү кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG