Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

14-июнь: Тарых барактары


Шамил Басаев жетектеген баш кесерлер 1995-жылдын 14-июнь күнү Будённовск шаарында 1600 адамды туткунга алышкан.
Шамил Басаев жетектеген баш кесерлер 1995-жылдын 14-июнь күнү Будённовск шаарында 1600 адамды туткунга алышкан.

Жунгар өкүмдары Цевен Рабдан 1703-жылы энесайдагы кыргыздарга Духар, Сандык, Аранжама Ченбил баштаган үч миң аскер жиберген. Өкүмдар аларга кыргыздар менен аларга баш ийген кыштым калкын Түштүк Сибирден түгөл көчүрүп, Жунгарияга алып келгиле деп буйрук берген. Анын көз карашында кыргыздар мында жунгар контайшисинин көзөмөлүндө болуп, бейчеки иш жасабайт деген ишеним артылган.

Расмий Бээжин 1836-жылдын бул күнү Кашгардагы кытай өкүмдары Син Дэнин Кокон хандыгынын элчисине жасаган мамилесин жактырган жардык жарыялаган. Кытай бийлиги кокондуктарды бадахшандыктар менен кашмирдиктерден айырмаланып салыктан куткарган, бирок расмий Бээжин «Кокон өкүмдарынын кыялы ит менен койдой, ошондуктан андан бардык жамандыкты күтсө болот» деп кызматчыларына эскертүү берген.

Тамак-аш тартыштыгы жана турмуш запкысынан кыйналган фронтовик-аскерлердин аялдары 1917-жылы Пишпек шаарында козголоң чыгарышкан. Алар уездик начальниктин мекемесин тосушуп, аларга токтоосуз нан берилишин талап кылышкан. Үрөйү качкан жергиликтүү бийлик кырдаалды кабарлаган телеграмманы 14-июнь күнү Ташкентке жөнөткөн.

Түркстан Коммунисттик партия Борбордук комитетинин Аткаруу бюросу 1924-жылдын 14-июнунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкерим Сыдыковдун Коммунисттик партия мүчөлүгүн калыбына келтирген чечим чыгарган. Буга чейин ал «жат элемент» катары партия мүчөлүгүнөн ажыратылып, А. Сыдыковго «эсер партиясынын өкүлү», «бай-манаптардын жетекчиси» деген күнөө коюлуп, куугунтук жасалган.

Кыргыз автоном облусу 1925-жылдын бул күндөрү волосттук иш кагаздарды милдеттүү түрдө кыргыз тилине өткөрө баштаган. Ал убакта өлкөнүн административдик түзүлүшү-облустук, округдук, волосттук жана айылдык бийликтен турган. Ал эми Пишпек сыяктуу орус калкы арбын жашаган аймактарда иш кагазы кыргыз жана орус тилдеринде бирдей жүргүзүлгөн.

Кыргызстан Коммунисттик партия катарын тазалоо иши 1929-жылдын 14-июндан тарта болуп көрбөгөндөй масштабда аткарыла баштаган. Темир жолчулардын Фрунзедеги клубунда өткөн жыйында адегендеги «тазалоо» иши Кыргыз обкомдун жооптуу катчысы В. Шубинден туш келген. Андан соң агартуу боюнча элдик комиссар Касым Тыныстановдун иши каралып, «анын мурдагы ырларында орун алган идеологиялык өксүктүктөр» сынга алынган.

Кыргыз калкынын улуттук сыймыгы, алп жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 14-июнь күнү жерге берилген. Жазуучу менен коштошууга миңдеген кыргызстандыктар келип, Чыңгыз Айтматовдун чеберчилигине акыркы ирээт таазим кылышты. Атактуу жазуучунун керээзине ылайык, Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү «Ата бейит» мемориалдык-музей комплексине коюлду.

2008-жылдын 14-июнь күнү Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлерди "Де-факто” гезитинин редакциясын тинтүүгө алган. Аталган гезиттин кызматкерлеринин билдирүүсүнө караганда, ички иштер органы гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышуу маалында жасалган. Укук коргоо органдары коомчулуктун көңүлү башка окуяга бурулган маалдан пайдаланып, оппозициялык гезиттин компьютерлерин алып кетишкен.

14-июнь Кан донорлорунун бүткүл дүйнөлүк күнү. Кан тапшыруу иши Женева шаарында 2005-жылдын май айында өткөн Саламаттык сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк ассамблеяда көтөрүлгөн. Донор сөзү латынчадан «donare» - «белек» деген маанини туюнтат. Ал эми кан донорлору үчүн 14-июндун тандалып алышы - адамдын кан группасын ачкан, Нобель сыйлыгынын лауреаты, австриялык врач, иммунолог Карл Ландштейнердин 1868-жылдын ушул күнкү туулган күнү менен багышталган.

Айтылуу араб саякатчысы ибн Баттута 1325-жылдын 14-июнь күнү туулган шаары Танжерден чыгып дүйнө кезген саякатын баштаган. Ибн Баттута ал убакта болгону 21 жашка чыгып, ошол кездеги ислам дүйнөсүн толук кыдырууга жетишкен. Ибн Баттута 120 700 чамалуу чакырымдык жол кезип, өзү барган өлкөлөрдүн жер шарты жана анда жашаган калкын үрп-адатын толук жазууга аракет жасаган. Анын натыйжасында саякатчы «Шумдуктуу шаарлар жана сыйкырдуу саякат туурасында дилгирлерге белек» аттуу көөнөргүс эмгекти жазган.

АКШнын армиясы 1775-жылдын 14-июнь күнү уюшулган.

АКШнын Экинчи континенталдык конгресси 1777-жылдын 14-июнь күнү өлкөнүн ала жылдыздуу туусун кабыл алган.

Наполеон Боннапарт Фридланд салгылашында 1807-жылдын 14-июнь күнү орус армиясын талкалаган.

Чеченстан 1859-жылдын 14-июнь күнү Орусия империясына каратылган.

Бенжамин Грушкин (АКШ) 1938-жылдын 14-июнь күнү хлорофиллди патенттеген.

Советтер Союзунда 1939-жылдын 14-июнь күнү марксисттик диалектика менен генетика ортосунда келишкис карама-каршылык бар экендиги белгиленген.

Советтер Союзунун тышкы иштер элдик комиссары В.Молотов 1941-жылдын 14-июнь күнү “Советтер Союзуна азыр кол салуу туурасында жинди гана ойлошу мүмкүн” деп билдирген.

Кытай Элдик Республикасы 1963-жылдын 14-июнь күнү Советтер Союзунун дүйнөлүк коммунисттик кыймылдагы жетекчилик ролун таануудан баш тарткан.

Жети европалык мамлекет Шенген шаарында (Люксембург) кызматташуу келишимине кол коюшкан. Анын натыйжасында өлкө аралык мамилени жөнгө салган Шенген келишими пайда болгон.

Шамил Басаев жетектеген баш кесерлер 1995-жылдын 14-июнь күнү Будённовск шаарында (Ставрополь крайы) 1600 адамды туткунга алышкан.
XS
SM
MD
LG