Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

21-июнь: Тарых барактары


Суворов музейи 1901-жылдын 21-июнунда түптөлгөн.
Суворов музейи 1901-жылдын 21-июнунда түптөлгөн.

Сибирь корпусунун командири Гасфорд 1855-жылдын 21-июнь күнү орус империясынын аскер министрине «Кокондуктардын бийлиги Чу суусунун жогору тарабы аркылуу чектелет. Ал Ташкентен аябай эле ыраак кар каптаган тоо кыркалары аркылуу бөлүнгөндүктөн бул өлкөдө хандык бийлик туруктуу эмес» деп билдирген.

«Вестник Семиреченского трудового народа» аттуу облустук гезиттин биринчи саны 1918-жылдын бул күнү Верный шаарында жарык көргөн. Гезит бетинде Жетисуу өрөөнүндөгү социалисттик курулуш, жаңы заман жардыгы жана мында жасалган партиялык уюмдун иштери чагылдырылган.

Пишпек уезддик Аткаруу комитети 1919-жылдын бул күнү эмгекке жарамдуу калкты талаа иштерине тартуу туурасында чечим кабыл алган. Мындай чечим чыгарылышына революциялык алаамат айынан кыйраган чарбаны калыбына келтирүү жана улам өсүп жаткан калк керектөөсүн канааттандыруу маселелерин ыкчам аткаруудан келип чыккан.

Советтик сүрөтчүлөр союзу 1934-жылдын бул күнү уюшулуп, анын алкагында Кыргызстандык сүрөтчүлөр биримдиги пайда болгон.

Кыргыз ССРинин мамлекеттик көркөм сүрөт музейи 1934-жылдын бул күнү ачылган. Жогоруда аталган эки уюмду айтылуу сүрөтчү Семен Чуйков жетектеп, аталган эки уюм тең Эмен сейил багындагы, мурдагы Никольский чиркөө имаратында орун алган.

Сүрөтчү Гапар Айтиев менен скульптор Ольга Мануйловага 1954-жылдын 21-июнунда Кыргыз ССРнын эмгек сиңирген сүрөтчүсү деген ардактуу наам ыйгарылган. Буга чейин Кыргызстанда мындай наам жалгыз Семен Чуйковдо гана болгон.

Кыргызстан Тышкы иштер министри Аскар Айтматов 1994-жылдын бул күнү Кытай Элдик Республикасынын ыйгарым укуктуу элчисине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн тапшырган. Билдирүүдө Кыргызстан өзөктүк бомба жасабаган өлкө катары Кытайдагы эки жыл ичинде үч ирээт өзөктүк бомба жардыруулардын жасалышына кабатырлангандыгы айтылат.

Галилео Галилей 1633-жылдын 21-июнунда инквизиция түрмөсүнө камалган.

Канада мамлекетиндеги Галифакс шаары 1749-жылдын 21-июнунда негизделген.

Суворов музейи 1901-жылдын 21-июнунда түптөлгөн.

«Юнайтед Пресс» маалымат агенттиги 1907-жылдын 21-июнунда негизделген.

Самарканд шаарында көмүлгөн Тимурдун мүрзөсү 1941-жылдын 21-июнунда ачылган. Андан бир күн өтпөй Улуу Ата мекендик согуш башталган.

Германия Федеративдик Республикасында 1948-жылдын 21-июнунда жаңы улуттук валюта немис маркасы колдонууга киргизилген.

Советтер Союзундагы Р-5М аталган өзөктүк дүрмөттүү согуш ракетасы 1956-жылдын 21-июнунда куралдуу күчтөргө кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG