Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

10-июль: Тарых барактары


Леонид Кучма
Леонид Кучма

Бугу манаптары 1854-жылдын бул күнү Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат жазышкан. Бугу манаптары 1853-жылдын сентябрь айында империядан букаралык сурап кайрылганын жана аны бекемдеп шерт кармаш үчүн тиешелүү адамдарды жиберүү өтүнүчүн билдиришкен.

Жети-Суу казак аскер бөлүгү 1867-жылы уюшулган. Жаңы аскер бөлүгүнүн негизинде 9-жана 10-сибирь казак-орустарынын полктук округдарын түзгөн. Жети-Суу областынын Пишпек жана башка айрым уезддеринде казак станицалары курулган. Алар бейпил маалда бир атчандар полкту, согуш убагында үч полк чыгарууга милдеткер болушкан. Совет мезгилинде казак кошууну таратылып, алардын калган-каткандары Чыгыш Түркстанга качышкан.

Орто Азиядагы жергиликтүү калкты оорук ишине тартуу туурасындагы падышалык бийликтин 1916-жылдын 25-июнундагы жардыгы кыргыз калкынын да каршылыгын жараткан. Жардыкка каршы кыймыл адегенде Кыргызстандын түштүгүндө 10-июлдан тарта башталып, козголоңчул маанай жаралып, ал июль айынын аягына чейин уланып турган.

Борбор шаарда орун алган «Красный металлист» заводу 1948-жылы кир жуугуч машина өндүрүшүн өздөштүргөн. Бир жарым кило кир жууй турган машина кийин «Киргизия» деп аталып, кыска аралыкта ал айымдардын алмашкыс буюмуна айланган.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын археологиялык отрядына караштуу аквалангисттер 1959-жылы Баетов айлына жакын жердеги Ысык-Көлдүн түбүнөн орто кылымга таандык шаар калдыгын табышкан. Археологдордун көңүлүн карападан жасалга суу түтүктөрү бурган. Мындан тышкары шаар чалдыбарынан чыккан жыгач көпүрөлөр «археологиялык табышмак» деп аталып, окумуштуулар арасында талаштарды жараткан.

Антонин Пий 138-жылдын 10-июлунда Рим императордугунун тагына отурган.

Уламышка караганда энеден туума жылаңачтанган Годива айым атка минип 1040--жылдын 10-июлунда Ковентри шаары аркылуу бастырган экен. Айымдын жосунсуз жоругу менен жолдошу граф Леофриктин шаардыктарга салган ыксыз салык көлөмүн азайтуу болгон. Мындай эрдикке шыктанган урпактар кийин Годива айымга эстелик орнотушуп, бул күндү салтанат менен майрамдап келишет.

Королдун расмий буйругу менен уруксат берилген Франциядагы акыркы эрөөл 1547-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн.

Немис католик төрөлөрү реформацияга каршы күрөшүү максатында 1609-жылдын 10-июлунда Католик лигасын уюштурушкан.

Айтылуу немис математиги Карл Фридрих Гаусс 1796-жылдын 10-июль күнү кандай гана натуралдык сан болбосун, ал үч бурчтуктан ашпан сандын жыйынтыгын туюнтаарын ачкан.

Англиялык футбол арбитрлери 1878-жылдын 10-июлунда биринчи жолу ышкырыкты колдонушкан.

Советтердин Москва шаарында өткөн Бүткүл россиялык V съездинде РСФСР Конституциясы кабыл алынган.

СССР Борборук аткаруу комитет президиуму менен Элдик Комиссарлар кеңешинин 1925-жылдын 10-июль күнкү Токтому менен Советтер Союзунун Телеграф агенттиги - ТАСС уюшулган.

Москва мамлекеттик китепкана институту (азыркы Москва мамлекеттик маданият институту) 1930-жылдын 10-июлунда курулган.

ВКП(б) БК Саясий бюросу 1931-жылдын 10-июлунда бир канча миң инженерлер менен техниктерди түрмөлөрдөн бошотуу туурасында токтом кабыл алган.

«Москваны реконструкциялоонун Башкы планы туурасындагы» токтом 1935-жылдын 10-июлунда чыккан.

Виши шаарында Франциядагы маршал Петэндин өкмөтү 1940-жылдын 10-июлунда курулган.

Ата Мекендик согуштагы айтылуу Смоленск салгылашы 1941-жылдын 10-июлунда башталган.

Кызыл Армия үчүн нан фондун ачуу жардыгы 1942-жылдын 10-июлунда кабыл алынган.

Ленинград шаары 1965-жылдын 10-июлунда Баатырдык Алтын Жылдыз менен сыйланган.

Советтик режиссёр Андрей Тарковский 1984-жылдын 10-июль күнү Милан шаарында өткөргөн маалымат жыйынында Батышта кала тургандыгын билдирген.

Б. Н. Ельциндин президенттик укук ыйгарымы 1991-жылдын 10-июлунда башталган.

Москва шаардык думасы 2001-жылдын 10-июлунда түнкүсүн борбордо ышкырып, кыйкырууга тыюу салган.

Президент Леонид Кучма Украина менен НАТОнун интеграциясы туурасындагы жардыкка 2002-жылдын 10-июль күнү кол койгон.
XS
SM
MD
LG