Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Жашоого, сүйүүгө, үй-бүлө курууга бирдей укук


Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи ирээт өткөрүлдү
Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи ирээт өткөрүлдү

17-май Гомофобия жана Трансфобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Бишкекте “Лабрис” коомдук бирикмеси сексуалдык азчылыктардын укугун коргоого чакырган үч күндүк арт-фестиваль уюштурду.

Арт-фестивалдын алкагында трансгендердик адамдарды басмырлоого жол бербөөгө чакырган ар кандай сүрөттөр, кездемеден жасалган эмгектер коомчулуктун назарына коюлду. Талкуулар уюштурулуп, чакан мюзикл да көрсөтүлдү.

Адатта кумсалар, бачабаздар жана лесбиянкалар өздөрүн сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү деп атагылары келбейт. Анткени сексуалдык ориентациясы башка адамдар коомдо аларга карата ар кандай басымдар бар экенин айтып, сезимдерин жашырып жүрүүгө аргасыз болоорун белгилешет.

Бул кыздын атын белгилүү себептер менен өзгөртүп Сезим деп атап койдук. Өзүн лесбиянка деп тааныштырган 27 жаштагы Сезим “Лабрис” коомдук бирикмесинде коомчулукту мобилдештирүү боюнча адис болуп иштейт.

- Мен аялды жакшы көрөм. Сүйгөн адамым менен эки жылдан бери биргебиз. Көптөр лесбиянка десе эле бузулган адамдар деп ойлошот. Жок, андай эмес. Биз кадимки эле адамдардайбыз, биздин укуктарыбыз бирдей. Кадимки адамдардай эле сүйүүгө, окуганга, бакубат жашоого укугубуз бар.

Сезим ата-энесине өзүнүн сексуалдык ориентациясы тууралуу ачык айта элек.

- Ата-энемдер байкап жүрүшөт. Эми менде баары кадимки кыздардагыдай эмес экенин байкашпаса да, өзүмдүн жынысымдагыларды жактырарымды билишет. Менин сүйлөшкөн кызымды, эң жакын курбусу деп таанышат жана экөөбүздү н жөн эле курбу эмес экенибизди байкашат. Азырынча ачык эле, ооба мен гомосексуалистка, лесбиянкамын, мен аялды жакшы көрөм, аны менен жашайм деп айта албайм. Мурунку жумушумда көптөрү байкап жүрүшчү. Кимдир бирөөлөр муну кабыл алышчу эмес, оорулуусуң, даарылынышың керек деп айтышчу. Же эркек таппай калдыңбы дешчү. Айрымдары болсо бул сенин жашооң, сенин укугуң деп айтышчу.

Транссексуал адамдын көйгөйү тууралуу биринчи жолу комикс китепче чыкты
Кыргызстанда мыйзам бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна жол бербейт. Жынысын өзгөрткүсү келгендер документтин алмаштырууда чоң тоскоолдуктарга тушугат. “Лабристин” дагы бир өкүлү Дандын айтымында трансексуалдарга документтерди алмаштыруу боюнча азыр Ачык коом институтунун долбоору ишке кирди. Долбоорго ылайык жумушчу топ түзүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кат даярдалып жатат:

- Жумушчу топ психологдордон, врач-психиатарлардан турмакчы. Андан сырткары бул жерге ЗАГСтын мүчөсү кошулушун каалайт элек. Анткени бул маселе Саламаттыкты сактоо министрлигине эле эмес, Адилет министрлигине да тиешелүү болушун каалайбыз. Анткени бул медициналык эле тема болбостон, трансгендер адамдар документтерин алмаштыра алгыдай болушу керек.

Өздөрүн тарнсгендердик адамдар деп эсептегендер коомдогу басмырлоодон арылууну эң башкы аракет деп эсептешет. Ар дайым коргоого муктаж экенин айтышат. Мисалы Галинанын пикиринде коомчулук сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрү тууралуу өтө эле маалыматы аз болгондуктан терс пикирлер көп:

Галина
- Коомчулук көбүрөөк билиши керек. Анткени коомчулук сексуалдык азчылыктар тууралуу жакшы эмес булактар аркылуу билишет. Эгерде Интернеттен “гей” деген сөздү издесең негативдүү маалыматтар көп чыгат. Ошолор аркылуу тыянак чыгарышат. Бул куландан соо эле адамдар, биздин арабызда достор, жакындар, ата-энелер бар.

Сезим аттуу азырынча коомдон жашырынып өзүнүн сексуалдык ориентациясы тууралуу ачык айта албайт. Ошондуктан башка өлкөгө кетүүнү пландаштырып жүрөт:

- Албетте, биз реалдуулук менен жашайбыз да. Мен Жаңы Зеландияга кетсем деген кыялым бар. Анткени мен спортсменмин. Спорттун профессионалдуу түрү менен алектенем. Курама командада ойнойм. Кайсы түрү менен экенин айтпай эле коеюн., анткени баары белгилүү болуп калат. Ошон үчүн Жаңы Зеландияга кетип, ал жактан үй бүлө кургум келет.

XS
SM
MD
LG