Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Эркин Бөлөкбаев эки иштин бир каралышына каршы


“Жашылдар” партиясынын лидери Э. Бөлөкбаевге байланыштуу козголгон 2 кылмыш ишин сот бириктирүү чечимин чыгарган. Прокуратура ага каршы чыгууда.

Эркин Бөлөкбаев апрель айында Петровка айылында болгон улут аралык кагылышуудан кийин кармалган жана массалык баш-аламандык уюштурду деп кылмыш иши козголгон. Ага чейин “Жашылдар” партиясынын лидерине каршы дагы бир кылмыш иш козголгон. Ал партиянын кеңсесинен табылган карикатураларга байланыштуу болгон. Прокуратура ал карикатуралар президент Курманбек Бакиевдин ар-намысына шек келтирет деп, кылмыш ишин козгогон эле. Бул ишти карап жаткан Биринчи май райондук соту аны Москва райондук сотуна өткөрүп берип, эки иштин бир каралышын жактаган чечим чыгарган.

Бирок прокуратура ал чечимге каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Прокуратуранын арызын кароо 27-августта саат 14:00гө белгиленип, бирок бир сааттан ашык кечигип башталды. Сот башталганга чейин Эркин Бөлөкбаев менен анын адвокаты Александр Типеров жолугуп чыкты. Бөлөкбаевдин абалы тууралуу Типеров буларды билдирди:

- Маанайы жакшы. Биз азыр соттук териштирүүгө даярдык көрүүнү сүйлөштүк. Сотто прокурордун арызы каралат.

Адвокат прокуратуранын арызын колдоп, Бөлөкбаевге байланыштуу кылмыш иштерди бириктирүүгө каршы чыкты.

Соттук териштирүү учурунда Эркин Бөлөкбаев Биринчи май райондук соттун чечимине нааразылыгын жашырган жок:

- Соттор каалаганын жасап жатат. Алар дежур болуп калышты. Буйруктарды аткарышууда. Караңызчы Биринчи май райондук соттун чечимин? Мындай чечим үчүн судьянын өзүн соттош керек. Имиштерге таянып, иликтебей туруп чечим чыгарып жатат.

Буга чейин Эркин Бөлөкбаев менен бирге жаткан Сапар Аргымбаев, Уран Рыскуловдун сабалганы тууралуу, ал эми Эркин Бөлөкбаевден абактагы кылмыш дүйнөсү ири суммада акча талап кылып жатканын укук коргоочулар кабарлаган.

Эркин Бөлөкбаевдин иниси Самат Бөлөкбаевге бул маселе боюнча кайрылганыбызда мындай жооп алдык:

- Бул саясий сот. Буйрукту аткарып жаткан сот. Андан башка эмне эч нерсе дей албаймын. Ал эми коркутууларга байланыштуу эч нерсе айта албаймын. Ал жакта чектен чыгып жатышат.

Шаардык сот эки кылмыш ишти өзүнчө кароо тууралуу прокуратуранын арызын канааттандыруудан баш тартып, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Адвокат Александр Типеревдун айтымында, эми Башкы прокурор бул маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылууга укуктуу. Эгерде андай кайрылуу болбосо Бөлөкбаевге байланыштуу эки кылмыш иши Москва райондук сотунда бириктирилип карала турган болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG